20-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Урмат Аманбаевага каршы козголгон кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралды. Шаардык сот экс-депутатты 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо боюнча Октябрь райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши ачылган. Экс-депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасап, мамлекетке 17 миллион 263 миң 500 сом зыян келтирген деп айыпталган болчу.Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg