2-апрелде орусиялык «Любэ» тобунун бас-гитаристи 40 жаштагы Павел Усанов белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалган. Ошол эле күнүал ооруканага жеткирилип, кылмышка шектүүкатары Москва шаарына караштуу Солнечногорск районунун 38 жаштагы Максим Добрый аттуу тургуну кармалган. Окуяны оор кылмыш катары кабылдашып, тергөө иштерин Орусия Федерациясынын Тергөө комитети колго алып, тажрыйбалуу тергөөчүгө тапшырганын комитеттен билдиришкен. Ал эми 19-апрелде таланттуу музыкант Павел Усанов ооруканадан өзүнө келе албай жатып каза тапты. Мындай кайгылуу жаңылык менен социалдык тармактарга анын кесиптештери бөлүштү. Коомчулук анын иши талапка ылайык тергелсин деп талап кылып жаткан учур.