ДАПАНЖИ

Дапанжи кытай, дунган элинин ашканасына таандык. Тоок эти, картошка, болгар калемпири кошулуп даярдалып, камыр менен берилет.

КАМЫРЫН КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?
Дапанжинин камырын өзүнчө, чыгын (подлив) өзүнчө бышырып алабыз. 1 тоок үчүн даярдалуучу камырга: 400 грамм унга жумуртка кошуп, туздуу сууга катуураак кылып камыр жууруйбуз да, тыныктырып коёбуз. Тыныктырган учурда 1-2 жолу ийлеп коюуну унутпаңыз. Камырды жакшылап ийлеп, жука жайып, каалагандай формада кесебиз.
Мискейдеги суу кайнаганда татымына жараша туз кошуп, жука жайылып кесилген камырды салып, 6-7 мүнөт кайнатып бышырып алабыз. Башка көмөч казанды ысытып 3 аш кашык өсүмдүк майын куюп, жаңы бышып, суусу сарыктырылган камырды 3-4 мүнөт кууруп, аралаштырабыз. Камырды табакка салып үстүнө жашылча кошулуп куурулган этти кошуп, көк чөптөр менен кооздоп дасторконго коёбуз.

АЧУУ ДАПАНЖИ

Тоок – 1 даана
Болгар калемпири – 3 даана
Чили калемпири – 2 даана
Сарымсак – 4 тишче
Кумшекер – 1 аш кашык
Соя соусу – 2 аш кашык
Крахмал – 2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Суу – 200 грамм
Татымына жараша туз, ар түрдүү татымалдар (кызыл, кара мурч, бадьян, тмин, имбирь, кориандр) – 0,5 чай кашыктан

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

БАКЛАЖАН МЕНЕН

Тоок – 1 даана
Баклажан – 2 даана
Капуста – 1 даана
Пияз – 1 баш
Сабиз – 1 даана
Болгар калемпири – 4 даана (2 жашыл, 2 кызыл)
Сарымсак – 2 тишче
Помидор – 2 даана
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

  1. Тоок этин анча чоң эмес бөлүктөргө бөлүп алып көмөч казандагы май ысыганда салып, капкагын жаап жай отто 40 мүнөт демдейбиз.
  2. Башка идишке майда тууралган пиязды, узун, ичке тууралган сабизди кууруйбуз. 10 мүнөттөн кийин төрт чарчы тууралган капустаны, баклажанды, помидорду кошуп демдеп коёбуз. Маал-маалы менен аралаштырып туруу керек.
  3. Жашылчалар жумшарганда чоң бөлүктөргө бөлүнгөн болгар калемпирин, туз, мурч кошуп аралаштырып, 5 мүнөт кууруп алабыз да, этке кошуп дагы 10 мүнөт кармайбыз.
  4. Дапанжинин камырын ысык бойдон тарелкага салып, үстүнө жашылча менен куурулган этти кошуп дасторконго коёбуз.

КАРТОШКА МЕНЕН

Тоок – 1 даана
Болгар калемпири – 2 даана
Чили калемпири – 1 даана
Пияз – 1 баш
Картошка – 500-600 грамм
Сарымсак – 4 тишче
Кумшекер – 50 грамм
Соя соусу – 3 аш кашык
Крахмал – 2 аш кашык
Суу – 200 грамм
Татымына жараша туз жана ар түрдүү татымалдар

Даярдоо ыкмасы:

  1. Тоокту чоңураак бөлүктөргө бөлөбүз. Үстүнө крахмал кошулган соя соусун куюп, этти муздак жерге жарым сааттай коюп маринаддайбыз.
  2. Май ысыганда кумшекерди салып 5 мүнөт аралаштырып, үстүнө тоок этин кошуп 15 мүнөттөй жай отто кууруйбуз.
  3. Аарчылып, 2-4 бөлүккө бөлүнгөн картошканы, майда тууралган сарымсакты, жарым шакекче тууралган пиязды салып 20 мүнөт кууруйбуз да, суу куябыз. Тамактын шорпосу соолуй баштаганда болгар, чили калемпирлерин кошуп, дагы 10 мүнөт демдейбиз. Дапанжи даяр.
  4. Кааласаңыз, тоок этинин ордуна уй, кой этин пайдалансаңыз болот.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
aikokul14
2016-05-02 09:48:34
Менин жолдошум тоок менен дапанжини укмуш жасайт.
0
aizatka87d
2016-05-02 14:58:14
Майга кумшекерди неге салабыз
? Тузду качан салыш керек
+1
aijan
2016-05-04 15:59:05
aizatka87d, салып корсонуз билесиз))) кисло-сладкий даам пайда болот.
0
talant
2016-05-07 14:01:40
aizatka87d,maiga sheker sepsengiz took eti karaaryp ketbeit da ,daamy jakshy bolot .
0
1985lana
2016-05-02 18:11:37
Дунган, уйгур ашканасына аябай ашыкмын. Тамактарын ар дайым, суйуп жейм. Супер инфо, чоон рахмат. Эми бул тамактарды жасап, куйоомду бииир удивлять этейин. :) :)
0
Asyl19.09.90
2016-05-02 22:03:04
Аааиии мен таптакыр башкача жасайт экенминго
0
88inara88
2016-05-03 03:58:43
Баклажан менен жасаганы жакты
0
Kyrgyz_KG
2016-05-03 12:13:23
муну Кыргызстанда жебеген экем, кытайда болгондо кытайдын мусулман калкы коп жасайт экен бул тамакты, 大盘鸡。
0
Ulutum_Kyrgyz
2016-05-04 18:57:08
Kyrgyz_KG,наоборот мусулмандар тоок жебейт....урумчиде бир кочо полный да пан жи ресторан бар.
0
belka
2016-05-03 15:46:22
Чоон рахмат ,уйгур ашканасына тийешелуу адамдардын рецептерин кутуп калам.
0
admin_superstan
2016-05-03 18:04:13
belka, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+1
aijan
2016-05-04 15:58:07
Олло жагат дапанджи. Бир ирет калемпиринин коптугуно карабай жей коем деп мурун пазухаларынын былжыр челин куйгузуп алгам))) Ошентсе да конулум калбайт.
0
kundduz
2016-05-05 10:04:58
Охооооооо аябай таттуу болсо керек корунушунон бирок эч жеп корбоппун
0
Josef
2016-05-07 00:12:54
Дапанджи менин суйуктуу тамагым. чоон рахмат. Уйдо жасап жей берели окшоштуруп
0
talant
2016-05-07 14:05:29
2006-jyly bir ejebiz ukmush at koigon bul tamakka ,Tapancha dep ,ar iret jegisi kelse tapancha jasap jeili dep
+1
nuri88
2016-08-21 21:54:09

ой билбейм мага жакпады андан коро сонун кылып жаркоп кылып жесен сонун да
-1
Nurbek.kyzy
2017-10-03 21:12:35
Соннун экеен
0
Nurbek.kyzy
2017-10-03 21:13:03
Мага жакты
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан