Бул жигит өзү айтмакчы, чыгармачылыкта жулунбай бир калыпта жүргөнү үчүн жылдыз болуп кетпей же жээкке сүрүлүп калбай, орто заар ырчылардын катарын толуктап келет. Бирок ачуусу келсе өзүн токтото албай калышы мүмкүн экен.
– Салам, Даниель, акыркы кезде такыр эле көрүнбөй кеттиң да?
– Саламатсыздарбы? Ооба, 2 жылдан бери ыр жаздыра элекмин. Жан дүйнөмө жаккан ыр таппай, изденип көп убакыт өткөрүп ийдим окшойт. Ооруп, ден соолук менен алышып жүрүп 10 килограмм арыктап да кеттим. Анын үстүнө окуумду бүтүп жаткам, убактым ал жакка да кетип жатты. Баары эле “жоголуп кеттиң...” деген суроону беришет. Азырынча сахнадан кетпейм го, жаңы ырларды жаздырып жатам.
– Сахнадан кетпегениң менен, "жарк" деп чыга албай жаткандайсың?
– Мен өтө жалкоомун, уйкучумун. Сахналаш досторум “Даниель, сенде келбет, үн, элге таанылып калган атың, колдогон продюсериң бар. Сенин ордуңда болсок эчак эле мега жылдыз болуп кетмекпиз” деп калышат. Табиятымдан жулунбаган, эпчил эмес окшойм. Менден башка болсо Канат байкени колдонуп далай концертин тартуулап жылдыз болмок.
– Концерт демекчи, жеке концертиңди эмнеге бербей жүрөсүң, сен жалкоо болсоң продюсериң иште деп талап койбойбу?
– Мына берем деп жүрүп сахнага чыкканыма 9 жыл болуп кетиптир. Эми биротоло сахнада 10 жыл болгондо берет окшойм (күлүп). Канат байке деле түрткүлөп турат “иштебейсиңби, жаштыгыңды пайдаланып кал” деп. Жакында жаңы ырчы бала алып “карачы, 16 жашта экен, сен картайыпсың” деп кыйытып койду. Жаңы ырларың болбосо тойлорго деле чакыруулар мурункудай болбой калат экен. Бирок Кудайга шүгүр, эл унута элек. Той, концерттерге барып калганда жакшы тосуп алышса ыраазы болуп калам. Өткөндө Нурлан Насип досум “биз унутулуп калбайлы деп тырышып иштейбиз, сен ыр жаздырбай жүрсөң деле өчпөйт экенсиң” деп тамашалап жатпайбы.
– Сахнада жүргөндөн бери кандай материалдык байлык топтой алдың?
– Чыгармачылыкта эң алгачкы тапкан акчамды эстеп кеттим. Жаңы чыкканымда досум экөөбүз Ошто “Садагам” деген ырымды ырдап чыкканбыз. Ошондо куршабдык кыздар клубга чакырып 500 сомго ырдатышкан. Ал акчага үйгө таттуу алып барып, калганын апама берген элем. Негизи, мен акча чогулта албайт экем, жөнү жок эле чачып, кийимге көп коротчумун. Канат байке “мынча кийимди эмне кыласың?” деп уруша берчү. Азыр акчаны үнөмдөп калдым. Анын үстүнө кризис болуп жатпайбы. Учурда жакшы эле чогулуп калды, буюрса, эми Бишкектен чоңураак үй сатып алып, апамды көчүрүп келсем деген максатым бар.
– Күйөрман кыздарың дагы эле көппү же баары турмушка чыгып кетиштиби?
– Күйөрмандарым да токтолуп калган окшойт (күлүп). Мурункудай ызы-чуу салган кыздар жок. Заманга жараша азыркы ырчылардын күйөрмандары интернетте болуп калды. Кыздар мурун “киного барып келели, тамактанып келели” деп көп чакырышчу. Алардын баарына эле макул болуп бара бербей, айрымдарына “ойлонуп көрөйүнчү” деп коёт элем. Негизи, андай жерлерге кыздар эмес, жигиттер чакырат го.
– Сөзүңө аралжы, чын эле кыздар мырзалардын шымын, кыска чачын, машинасын “тартып алды”. Жигиттер алсыз болуп жаткан жокпу?
– Ал эле эмес, тамекисин, ичкенин, сөгүнгөнүнөн өйдө менчиктеп алышты го. Кыздар тамекини эркектерге караганда көбүрөөк тартып калышты. Негизи, аялзаты назик болгону эле жакшы. Бирок айымдар табиятынан чыдамдуу келип, анча-мынча мырзалар жасай албаган жумушту жасап, биз көтөрө албаган түйшүктү көтөрүп коюшат.
– Ошондо назик кызбы же тың кызбы, кимисин тандайсың?
– Албетте, тың кызды тандамакмын. Жубайым тың, билимдүү болуп, көп тил билсе дейм. Балдарымды ушундай акылдуу эне тарбияласа эң жакшы болмок. Анан назик болуп чоёктоп отура берсе, жашоо алдыга жылбайт.
– Анан тың кызды жолуктурдуңбу, качан үйлөнөйүн деп жатасың?
– 18 жашымда 25ке чыкканда үйлөнөм дечүмүн. Туугандарым мага кыз таап, “бол эми үйлөн” деп шаштыргандан тажашпайт. Жаш өткөн сайын кыз тандап калат экенсиң. Өзүм 9-класста баш айланткан сүйүүгө кабылган элем. Ошондон бери келди-кетти сүйүүлөр көп эле болду. Акылыңдан адашып сүйгөндө жаш болсоң да үйлөнүп алган жакшы экен. Кийин кыздын жагышы да, үйлөнүш да кыйын болуп калат тура. Азыр 26 жаштамын, эми 30га чейин үйлөнөм деп жатам.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg