КЫРГЫЗСТАНДА ТУРАК ЖАЙДЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУ
Камсыздандыруу – учурда дүйнөлүк рыноктогу эң көп талап кылынуучу каржылык кызмат. Кыргызстанда камсыздандыруу ишкерлиги өлкө көз карандысыздыкты алган 1991-жылы башталган. Антсе да кыргызстандыктар камсыздандыруу уюмдары жана алардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу аз кабардар.
КРнын өкмөтүнүн 2016-жылдын №49 токтому менен кабыл алынган “Турак жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү түрдө камсыздандыруу актысын бекитүү” жобосунда 0,12 пайыздык тариф көрсөтүлгөн.
ТУРАК ЖАЙДЫ КИМ КАМСЫЗДАНДЫРАТ?
Кыргызстанда сел каптоо, жер көчкү, жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп болуп турат. Мисалы, 2016-жылдын 30-мартында Баткенде катуу шамал болуп, натыйжада 14 мамлекеттик мекеме, 204 турак үй жабыр тарткан. Жалпы чыгым 1 миллион 337 миң сомду түзгөн. Мындай кыйраткыч табигый кырсыктар жогоруда аталган мыйзамды кабыл алууга түрткү болгон. Турак жайы табигый кырсыктардан жабыркагандар мамлекеттен кайтарылгыс 50 миң сом жана 20 жыл аралыгында төлөп бүтүүчү 200 миң сом ссуда ала алышчу. Бирок көпчүлүк убакта аталган сумма зыянга учураган турак жайды калыпка келтирүүгө жетпейт. Ссуда да дароо толук эмес, бөлүп берилет. А сиз турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алуу менен алдын ала көрө билбеген чыгымдар үчүн ишенимдүү каржылык коргоо ала аласыз. Турак жайды камсыздандыруу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы тарабынан ишке ашырылат. Эгер жаратылыш кырсыктарынан үйүңүз жабыр тартса, шаар жериндегилер
1 000 000, айыл жериндегилер 500 000 сомго чейинки каражат ала алышат.
КАНДАЙ ТУРАК ЖАЙЛАР КАМСЫЗДАНДЫРЫЛАТ?
КРнын аймагындагы мыйзамдаштырылган бардык турак жай камсыздандырууга жатат. Мисалы, жашаган үй, көп кабаттуу үйдөгү батир, коммуналдык батир, мейманкана тибиндеги турак жай.
КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?
КАМСЫЗДАНДЫРУУ КАРАЖАТЫ КАЙСЫ УЧУРДА БЕРИЛЕТ?
Өрт, өрттү өчүрүүдө суунун үй, бөлмөлөргө киришинен, күчү 6 балл жана андан жогору болгон жер титирөөдөн, таш-кумду агызган селден, дарыя ташкынынан, суу сактагычтардын жарылып суунун каптоосунан, кар, таш жана жер көчкүдөн, жер алдындагы суулар кескин көтөрүлүп үйүңүз жабыр тартса.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ КАРАЖАТЫ КАЙСЫ УЧУРЛАРДА БЕРИЛБЕЙТ?
Турак жай көрсөтүлгөн багытта колдонулбаса, аскерий аракеттерден, массалык баш аламандыктан, иш таштоолордон, массалык толкундоодон, өзөктүк куралдан жабыркаса. Ошондой эле сүрдүрүлүүгө чечим чыгарылган, камсыздандырылуучу адам атайын зыян келтирген, конфискациялоого тийиштүү жана табигый кырсык күтүлүүчү жерге салынган турак жайлар.
КАНЧА ТӨЛӨЙСҮЗ?
Жылдык камсыздандыруу сыйлыгы (премия) 1 жылга шаардыктарга – 1200 сом, айылдыктарга – 600 сомду түзөт.
АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ЖЕҢИЛДИКТЕР БАР
“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы МТУ, ТСЖ кварталдык жана үй башкармалыктарын өз ара иштешүүгө чакырат. Биздин камсыздандыруу агентибиз болуп, катталган камсыздандыруу полисинен 10 пайыз сыйлык алыңыз!
“Өзгөчө сейсмикалык активдүүлүк күчөп турган учурда турак жайды камсыздандыруу зарыл”
Канатбек Абдрахманов, КРнын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институтунун директору, геология-минералдык илимдеринин доктору, эксперт, профессор:
– Биздин маалымат боюнча, Тянь-Шанда 2026-жылга чейин созулуучу сейсмикалык активдүүлүк башталган. Анын башталышы 2008-жылы Нура айылында болуп өткөн жер титирөө болуп саналат. Андан кийин да бир нече катуу жер силкинүүлөр болуп өткөн. Жер титирөөлөрдүн күчү Япониядагыдай масштабга жетпейт, бирок 6-8 балл болушу толук мүмкүн. Шаардагы көп кабаттуу үйлөр 8 баллга туруштук бере алууга ылайыкталып салынышы керек. Бирок кээ бирлери талапка жооп бере албайт. Индиядагы жер кыртышынын плитасынын жылышы 2015-жылы апрелде Непалда болуп өткөн жер силкинүүгө жеткирген. Анын катуу жылышы Кыргызстанга да таасир этип, жерди силкинте алат. Бишкекте колдо болгон материалдан эптеп тургузулган үйлөр жер титирөөгө туруштук бербей кулап кала турган деңгээлде. Андыктан үйлөрдү жер титирөөгө туруштук бергидей кылып салуу кажет. Буга чейин кайсы жерлерде катуу жер титирөөлөр болуп өткөн болсо, ал жерлерде кайрадан жер силкинүүсү күтүлөт. Жер титирөө 20 мүнөттөн кийин же эртең деле болуп калышы мүмкүн, андыктан кол куушуруп отурбай, турак жайыңызды милдеттүү түрдө камсыздандырыңыз.
ДАРЕГИБИЗ:
Бишкек шаары, Киев көчөсү 96А. Тел.: 1211
www.gso.kg
Биздин филиалдар:
Ош жана Баткен облустары боюнча:
Ош шаары, Навои көчөсү. Тел.: +996 772 310020
Жалал-Абад облусу боюнча:
Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү 40. Тел.: +996 777 985155
Ысык-Көл облусу боюнча:
Каракол шаары,
Москва көчөсү 120А.
Тел.: +996 555 951535
Нарын облусу боюнча:
Нарын шаары,
Ленин көчөсү 76.
Тел.: +996 705 800885
Талас облусу боюнча:
Талас шаары,
Бердике баатыр көчөсү 295А.
Тел.: +996 772 532624
Чүй облусу боюнча:
Лебединовка айылы,
Жеңиш проспектиси 365.
Тел.: +996 550 035165,
+996 701 035165