Эркеайым Абдуллаева, фотомодель: “АТА-ЭНЕМ МОДЕЛЬ БОЛУШУМА КАРШЫ”

Эл арасында “чыныгы сулуулар күзгүнү эле сүйүшөт” деген азил-тамаша айтылып жүрөт. Бүгүнкү коногубуз клип, кино, жарнамаларга тартылып, жүзү жаңыдан таанылып келе жаткан фотомодель Эркеайым Абдуллаева. Cүрөттөрүнөн абдан “дерзкая” көрүнгөн бул сулуу жашоодо уялчаак, биринчи көргөн адамына көнгүчө оңой менен ачыла бербеген кыз экен.

ЭРКЕАЙЫМ АБДУЛЛАЕВА

Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 20-январь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетинде 4-курста окуйт
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Фобиясы – Жылан
Чыгармачылыкта – Нурлан Насиптин “Менин да сүйүүм ушундай”, Кенже Дүйшееванын “Тумарым” клиптеринде, “Миллиондук мелдеш-2” тасмасында, жарнамалык роликтерде тартылып жүрөт.

– Кандайсың, Эркеайым? Инстаграмдагы кооз сүрөттөрүңдү көрүп фотого жакшы түшөрүңдү байкадым. Бул кызыгуудан улам пайда болгон шыкпы же табияттан берилген талантпы?
– Саламатсыздарбы? Мектепте окуп жүргөндө жылмайып, күлүп, кабагымды бүркөп, айтор, ар кандай эмоцияда телефонго сүрөткө түшө берчүмүн. Мендеги моделдик кесипке болгон шык ошондо эле пайда болсо керек. Окуучу кезде классташтарымдан өзгөчөлөнбөгөн, чачымды байлап, кабакты түйүп алып окууга түз барып, түз келген катардагы кыз болчумун. Университетке тапшыргандан тартып боёнуп баштагам. 2013-жылы “Кыргызстан сулуусу” сынагына катышканда мени байкап калышкан экен, бир жарнамага тартылып берүүнү сунушташты. Моделдик кесипке алгачкы кадамды ошондо таштадым.

– Сени тасмадан да көрүп жүрөбүз?
– “Миллиондук мелдеш-2” тасмасына менин сүрөттөрүмдү көрүп чакырышкан. Мага негизи кастингдерге катышкан жага бербейт. Аталган тасмага кастинг жүрүп жатканда мен эң акыркы катышуучу болгом. Эмнегедир сөзсүз өтөм деген ишеним бар болчу, ойлогондой эле мени башкы каармандын ролуна бекитишти. Чынында, тасмада “стерва” кыздын ролун ойногум келген, анткени өзүмдү башка мүнөздө да көрсөтүп, талантымды ачкым келчү. Жакшы кыздын ролун аткарып жатканда өзүмдү ойногондой эле болдум. Бул тасмадагы ролум менин талантымды толук ачып бере алган жок деп ойлойм.

– Моделдик кесипте өзүңдү сынап, кино, клиптерде көрүнүп калып жатканыңды ата-энең кандай кабыл алышууда?
– Ата-энем башынан эле, азыр деле каршы. Мисалы, тасмага “ата-энем уруксат берди” деп калп айтып коюп тартылгам (күлүп). Кийин афишаларынан апам мени көрүп калып ызы-чуу салып, “үйдөн чыгып кет” дегенге чейин барган. Ата-энемдин түшүнүгүндө кыз киши турмушка чыгып, эне болуп, үйдө балдарын тарбиялап, күйөөсүн жумуштан тамак жасап күтсө – мына ошол бакыт. Мен деле ушинтип эсептейм, болгону азыр жашмын, турмушка чыккычакты иштеп алсам болот да. Анан турмушка чыккандан кийин көрөбүз, жолдошум уруксат берсе иштейм, каршы болсо үйдө отурам. Ата-энеме азыр “ушундай клипке тартылайын деп жатам, жакында журналдын биринчи бетине чыгам” деп калсам, “кызым, андан көрө турмушка чыкчы” деп “өчүрөт” да. Популярдуу болгондон кийин сөз ээрчийт, жаман кепке кабыласың, ошондой кептер менен кантип турмушка чыгат деп чочуласа керек. Негизи моделдик кесип түбөлүктүү эмес, мен хобби катары көрөм. Келечекте өзүмдүн кесибим менен иштейм деген тилектерим бар. Өзүмө да кеңседе отуруп иштеген, туруктуу жумуш жагат. Учурда Жогорку Кеңеште стажировкадан өтүп жүрөм, бирок атам “сот тармагында иштейсиң” деп жатат.

– Сени “Жебе” тобундагы Кумар менен кыз-жигит мамиледе деп угабыз?
– Жеке жашоомду сыр туткум келет. Кумар менен 15 жашыбыздан бери таанышпыз. Ал менин эң жакын адамым. Экөөбүз колледжде чогуу окуп, кошуна жашап, ынак сырдаштарданбыз. Мен андан эч нерсемди жашырбайм, ал да мага ошондой мамиле кылат. Кыскасы, бир тууганымдай көрөм.

“ЭРКЕК ФОТОГРАФТАРДАН УЯЛА БЕРЕМ”

  • Түбүбүз Лейлектен болот. Учурда ата-энем чакан ишкерлик менен алектенет. Үйдө эки бир туугандын улуусумун. Мен ата-энемдин 11 жыл күтүп жарыкка келген наристесимин, 9 жылдан кийин иним Эсенаалы төрөлгөн. Ошондуктан ал төрөлгөндө ата-энемди аябай кызганып, аларга капа болуп, өзүмдү экинчи сорттогу баладай сезген учурлар болгон. Азыр инимди аябай жакшы көрөм.
  • Айым фотографтар менен жакшы иштешем. Эркектер болсо уялып, өзүмдү эркин сезе албайм. Ачык кийинип, купальникчен түшкөн фотосессияларга тартылбайм. Жадакалса көл жээгинде чолок шым, майкачан жүрөм, купальник кийсем өзүмдү ыңгайсыз сезе берем.
  • Сөз айткан жигиттерге көңүл бөлө бербейм. Инстаграмда күйөрман кыздарым бар, алар өздөрүнчө фан-клуб ачып алышкан, ал топ менен сүйлөшүп турабыз. Ашык болгон жигиттер менен баарлашканга караганда күйөрман кыздарым менен сүйлөшкөн маанилүүрөөк.
  • Кыргызстанда ийгиликтүү моделдердин катарына Жамиля Ишенбаева, Рахат Божокоева, Виктория Ясырованы кошом.
  • “Жебе” тобунун клиптерине көп тартылгым келет. Анткени топтогу жигиттердин баары менен жакшы мамиледемин.


"Кумар менин эң жакын адамым".


"Миллиондук мелдеш-2" тасмасында Гүлжигит Калыковдун сүйүктүүсүнүн ролун аткардым".

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Фотомодель Эркеайым Абдуллаева: "Ачык кийинип сүрөткө түшө албайм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
jemile
2016-05-02 11:03:18
Демек ата-энесинен тарбия көргөн кыз экен..
Мейли, хобби катары..
Мага жакты...
+1
KYRGYZJERI
2016-05-02 15:14:07
Мин эсе тузук кыз экен,
уй булодо ата эненин тарбиясы жакшы экени билинип турат
+1
NazikoTalant
2016-05-03 10:54:05
Жашмын дейби 21ге чыгып калыпсын. Ушинтип журо бергиче кудайга тообо кылып жакшы жигитке жолугуп турмушка чыкчу кезин келиптир. Албетте озунун жеке турмушун бирок кыздар эртереек эле турмушка чыгып уйдо отуруш керек баласын карап куйоосунун тапканына ыраазы болуп
-2
nurshoola
2016-05-03 12:00:06
Акыркы гулжигит мн тушкон суротундо озунун чыныгы жузу окшойт анчамес калган фотолорунда макияж мн гана жакшына чыгыптыр
-1
MIRAN
2016-05-03 12:23:00
Жонокой экен мага жакты.Жасалма чоектобойт экен мактанып.Башка кыздарга окшоп сулуумун дагы дебейт экен.Лично мага жакты,жакпаганддар коро албагандар.Мындан дагы кандай жакшы болуш керек.Мам пам дебей кып кыргызча суйлойт экен апам атам деп.Эркеайым ийгилик.
+2
Aisuu
2016-05-03 19:22:28
ашыкча боёнуп алыптыр
0
nurkamilovna92
2016-05-03 23:09:40
жагымдуу)кыз болуп мен дагы суктанып кеттим))
+1
Afina
2016-05-04 00:41:59
тарбиясы, ыйманы бар экени корунуп турат. жараткан жакшылыктарды ыроолосун!
0
nurzhaz
2016-05-04 09:11:03
татынакай сулуу кыз экен, макияжда жарашканга жарашат да туурабы?
+1
Pozitiff
2016-05-04 21:28:20
Ииий жакшы коруп ичим элжиреп кетти, коз тийбесин!
0
Pozitiff
2016-05-04 21:28:53
Дагы бир жолу кайталап коргум келди, кордум.
0
Pozitiff
2016-05-04 21:36:17
интсаграмдан кантип тапса болот?
0
Agu93
2016-05-05 14:49:31
Мага ушул кыз аябай жагат да ийгилик☺
0
Agu93
2016-05-05 14:50:35
Админ сураныч Кызсайкал менен Женгистен интерьвю алгылачы рахмат
+1
admin_superstan
2016-05-06 11:08:26
Agu93, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
sunu2015
2016-05-06 18:03:55
Эмнеси болсо да бактылуу болсун бирок ата эненин созун эске да алыш керек.Ата эне эч качан жаман болсун дебейтко
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан