СОГУШ УУРДАГАН БАЛАЛЫК

“Ал кездеги балалыктын жүзү курусун. Бала туруп бала болбодук. Оюн, оюнчук эмне экенин билбедик, сезбедик. Боюбуз кичине болгону менен, оюбуз чоң адамдыкындай болду”. Мына ушундай сөздөрдү Улуу Ата Мекендик согуш учурунда бала, учурда балпайган карылык доорун сүрүп жаткан каармандарым айтып отурушту. Азыркы балдардын турмушун көрүп жаткан муунга төмөндөгү карылардын кеби жомоктой сезилет.

“КЕЛТЕ ООРУСУ КАПТАП, ТАЗ ДА БОЛДУК”
Калбүбү Боронбаева,
Эл агартуунун отличниги, Баатыр эне, өмүр бою мугалим болуп иштеп пенсияга чыккан:
-Мен согуш чыккан жылы 9 жашка чыгып, барды-жокту түшүнүп эс кирип калган кезим болчу. Токмоктун жанындагы Кызыл-Аскер айылында жашачубуз. Бир күнү ата-энем “айыл башчысы жыйналыш кылат экен” деп калды, көрсө, согуш чыгыптыр. Апам үйгө келип эле өксүп ыйлап кирди, ага кошулуп мен ыйладым. Улуу агам Айыл-чарба институтун аяктап Нарында ветеринар болуп иштеп жаткан, жашы 25те, ортончу агам 23тө, кичүү агам 19да эле. Апам балдарынын согушка кетерин сезди окшойт, болкулдап көпкө басылбай ыйлады. Ошентип улуу агам Нарындан түз эле согушка кетти, аны менен коштошпой да калдык. Акыркы жолу "биз Литвадабыз" деген кат келген, ошону менен дайны чыкпай калды. Экинчи агам да согушка кетип, андан кара кагаз келди. Кичүү агам да согушка кетип, кайткан жок. Үч уулунан бирдей ажыраган ата-энем такыр эле чөгүп кетишти.
Ал убакта өтө керектүү болгон туз, самын, ширеңке, нан тартыш. Эртең менен туруп кимдин үйүнөн түтүн чыгат деп карайм. Кимдикинен түтүн чыкса тызылдап барып чок сурап келем. Ошону менен от жагып жылынып, суу кайнатабыз. Кышкысын көң жаксак, жайкысын талаадан куурай терип келчүмүн. Тамак жасамай деген кайдан? Талканды сууга чалып ичип алабыз. Буудайды ошол жылдары кара чегиртке басып, түбүнөн кыркып салышчу. Жаш балдар ачка, жылаңаяк бөтөлкөгө ошол чегирткелерди чогултар элек, буудай орулганда машак терчүбүз.
Ошол учурда чоң кишилери да, жаш балдары да ынтымактуу, күйүмдүү болушчу. Бир маселени баарылап жапа тырмак бүтүрүшчү. Канчалык ачкачылык болбосун бириникин бири уурдачу же күчтүүрөөгү алсыздыкын жулуп алчу эмес. Биздин 2 уюбуз, койлорубуз көп эле. Айылдагылар биздикинен сүт, айран алып кетишчү. Биз деле тоё ичпей эл катары иччүбүз. Бир эле коюбузду калтырып, калганын бүт согушка жөнөтүшкөн.
Ал учур биттин заманы болду. Бит ич келте деген ооруну чакырат экен. Апам экөөбүз ооруп, ал мага караганда эртерээк айыгып кетти. Апам суудан айыгат деп тамак бербей, 40 күн суу берди, арыктап сөлдүрөп араң эле жаным калды. Бул оору менен ооруганда таз да болот экен, бир тал чачым калбай түшүп калды. Кызым өлүп калбасын деген атам апама көрсөтпөй тамак берип коёр эле. Апам талаадан шакар деген чөп оруп келип, короого үйүп койчу. Ал куураганда өрттөп, күлүнөн самын жасайт. Ошону менен жуунуп, кирлерибизди жууп алчубуз. Кир кадимкидей эле кетчү.
Үч агам билимдүү болгондуктан үйдө китептер боло турган. Жазганга дептер жок да, апамдын жүн боёочу боёгун сууга чылап, калемсап менен китеп барактарынын четиндеги, абзацтын жанындагы бош жерлерге жазчумун. Мектебибиз бар эле, аялдар, согуштан келгендердин сабаттуулары сабак өтүшчү.

“ТАЯКЕМ БЕШ ҮЙ-БҮЛӨНҮ БАКТЫ”
Осмон Казаков, "Эмгек Кызыл Туу" орденинин ээси, өмүрүнүн көп бөлүгүн чабан болуп өткөргөн:
-Мен 1929-жылы төрөлүптүрмүн. Кийин каттоодо 1931-жылы туулган болуп жазылып калган. Согуш башталган жылы атам, бир жылдан кийин апам дүйнө салды. Ошентип жети бала томолой жетим калдык, улуусу мен, кичүүсү 3 жашта. Атамдын биринчи байбичесинен жашы кырктарга барып калган эжем бар эле, бизге ошол баш-көз болуп калды. Биз Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында жашачу элек, ата-энем өтүп кеткенден кийин ошол эле райондун азыркы Казыбек айылына таякемдикине көчүп бардык. Таякем колхоздун малын бакчу. Барганда эле мага койчулук милдет жүктөлдү. Кышы-жайы дебей миңге чукул койдун артынан жүрөм. Кийимден жутадык. Бутубуздагы өтүктүн бут кийим аты эле болбосо, жылаңаяк эле жүргөндөйбүз, жыртык. Ал кезде кышкыга тоют камдоо деген болгон эмес, жайытта кайтарчубуз. Койчу болуп жүрүп окуу эмне экенин билген жокмун. Кийин койчулардан окуганды үйрөндүм.
Таякем өзүнүкүн кошкондо беш үй-бүлөнү бакты. Өзүнүн эки кызынын күйөөлөрү согушка кетип, алар балдары менен көчүп келишти. Иниси да согушка кеткен, анын үй-бүлөсү жана биз болуп баш-аягы 25 киши бир үйдө жашадык. Таякемдин бир төө, бир бээси бар эле, ошону саап келип, челекке куюп иче берчүбүз.
Жакадан айылга түшкөндө жерди малалаганга жардам берчүмүн. Мен атка минсем, аялдар соколочу. Арпа бышканда эркек балдар боолоп берчүбүз. Үйгө да уурдап келчүбүз. Аны түнү менен күүшөп, кууруп, жаргылчакка тартып жарма жасайбыз. Таң атары менен кайра талаага жөнөчү элек.
Айылда жалаң аялдар жана жаш балдар калдык. 45 жашка чейинкилер согушка кетсе, 60 жашка чейинкилерди жол оңдоо үчүн алып кетишкен. 1948-жылы жол оңдоочу жумушка орношуп, бөбөктөрүмдү өзүм багам деп таякемдикинен бөлүп кеттим.


“БУУДАЙ НАНДЫ ООЗГО АЛМАК ТҮГҮЛ, КӨРГӨН ДА ЖОКПУЗ”
Күмүшай Акматова, Баатыр эне, колхоздо иштеген:
-Мен Лейлек районуна караштуу азыркы Самат Садыков айылында туулгам. Учурда 38 неберем, 50 чөбөрөм бар. Алардын балалыгы кандай шаттуу, кандай таттуу. Каалаганын киет, ичет, жейт. Жетем дегенине жетет, каршы болсоң эркелигинен жер тепкилеп ыйлап жатып калышат. Биздин балалыкчы?! Биздин ойноп оюнга тойбогон, ата-энебиздин моюнуна эркелеп асылчу убактыбызды фашисттер уурдап кетти. Согуш башталган жылы мен 6 жашта элем. Курсагым тойгон эмес, ачарчылык бизди кыймылдатпай басып турду. Айылыбызда болгону бир эле уй бар болчу. Ээси уюн саап жатканда чөйчөктөрүбүздү көтөрүп кезекке туруп калар элек. Жеткени жетет, жетпегени эртеси эртерээк келип аңдыйт. Кокус чөйчөктөгү сүт үйгө жетпей калса балээге каласың. Ошондуктан тирмийип көтөрүп аман-эсен жеткиргенге аракет кылчумун. Бала болгонубуз менен ошол мезгилдеги каатчылык, согуш бизди эрте чоңойтту. Ойлогонубуз оюн эмес, ата-энебизге жардам берүү, машак терүү, курсагыбызды эптеп тойгузуу эле.
Азыркылардын көбү бит эмне экенин билишпейт. А биз бит менен эле чогуу жашадык. Элди бит укмуш баскан. Отуруп алып кийимдерибиздеги бит, сиркени бычак менен оттун үстүнө кырабыз. Кышында өлүп калсын деп көйнөктөрүбүздү карга таштайбыз. Анда деле баары жок болбойт, кайра эле биттейбиз. Жуунбасак кайдан кетсин?
Эгин орулган мезгилде күнү-түнү талаада жаттык. Апаларыбыз орок менен оруп кеткен эгиндин калып кеткендерин терип жардам беребиз, түнү дагы айдын жарыгында иштечүбүз. Айылга жуунганы эле барчубуз. Самын да жок, сууну ысытып эле жуунуп алчубуз. Азыр ойлосом, кирибиз деле кетпептир. Анан баарыбызда бирден эле көйнөк бар. Аны кышы-жайы жонубуздан түшүрбөй киебиз, жыртылып калса энелерибиз жамап, кирдесе жууп берет. Кийим жуулганда кургагыча чапаныбызды кийип жүрчүбүз.
Ал убакта буудай нан дегенди оозубузга алмак түгүл, көргөн да жокпуз. Жүгөрү, арпадан жасалган нанды жеп, ушулардан жасалган атала эң негизги тамагыбыз эле. Нанды да кезек менен алар элек. Кээде нанымды тарттырып жиберип ыйлап калчумун. Бир балага күнүнө үч маал бир кесим нан, бир чыны атала берилчү. Мектепте окуган жокмун, ал кезде биздин айылда мугалим болгон эмес.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
nuriyaeljan
2016-05-02 10:03:10
Омурунуздорду берсин,бактылуу карылык каалайбыз!!!
+6
knk
2016-05-02 15:27:01
Эххх. Ушул жыргал жашообуз кут болсун.
+3
MIRBOLOT
2016-05-04 09:50:31
Биз турмушка аталардан кеч келип,
Тээ батышта согуш отун кечпедик! дегендей, азыркы балдардыкы жыргал да, баары бар.Менин чоң атам согуштун ветераны болчу, чоң энем болсо тылда кызмат кылган экен.Чоң энем айтып калчу:Бир кой баккан кайнагасы нанды ичке кылып тилип, экиден сындырым берчү экен.Бирок ошол буудайдын калориялуулугу жогору болуп, чоң тойбосо да өзөк жалгашчу экен.Чоң энем 70 кг. капты так көтөрүп жылдырып койчу, согуш маалында андан да оор нерселерди көтөрчүбүз дечү.
+1
leili1
2016-05-07 13:04:39
Биз турмушта аталардан кеч келип
Тээ алыста согуш отун кечпедик
А аталар тороло элек биз учун
Кала берди танк алдында тепселип
Урматтуу ветерандар сиздер бар биз ушул гулдогон заманда жашап жатабыз,сиздерге мин ийилип таазим кылсак да аздык кылат,сиздерге бекем ден соолук,бакубат жашоо каалайбыз,бар болунуздар!
Макаланы окуп козумо жаш келди....Заманыбыз тынч болсунчу.....
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан