2010-жылы, бакиевдик бийлик жүзгө жакын жарандын каны менен аралаш кулаганда «мындан ары бийлик бир колго чогулбайт... Бакиев менен Акаев кетирген катачылыктар кайталанбайт...» деп эл алдында убада берилген. Ошол жолдон тайып кетүүгө 6 гана жыл жетиштүү болду. 27-апрелде Жогорку Кеңеште 88 депутаттын колдоосу менен спикерликке КСДПнын өкүлү Чыныбай Турсунбеков шайланып, өлкөнү жетектеген негизги үч бутак тең, президенттик, премьер-министрлик жана спикерлик дагы бир партиянын колуна өттү.
ПАРТОКРАТТЫН УУЛУ ЖАҢЫЛЫК ЖАРАТА АЛБАДЫ
Агасы «күтүүсүз» өкмөт башына келгенине байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде Асылбек Жээнбеков кызматтан кетип, Жогорку Кеңеш эки апта бою төрага шайлоо менен алек болду. Эки талапкер чыга турган болсо, экөө тең жетиштүү добуш албай калышы мүмкүн эле. Андыктан күтүлгөндөй эле алгач талапкер катары чыккан Канатбек Исаев да, Бакыт Төрөбаев да жеңишке зарыл болгон 61 добушту топтой алышпады. Экөө тең 51ден добуш алып, шайлоонун экинчи туруна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн да куру калышты.
Коалициялык көпчүлүктөгү «Кыргызстан» менен «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын лидерлерин ат салыштырып, тирештирип коюп, жыйынтыгында экөөнү тең оюндан чыгарып салган соң КСДП чыныгы талапкерди алып чыгышы мүмкүн экенин, ал талапкер Чыныбай Турсунбеков болорун SUPER.KG порталы «Күнсерепте» күн мурун айтып-жазып жатты. Күтүлгөндөй эле 22-апрелде КСДП төрагалыкка талапкер катары Чыныбай Турсунбековду алып чыкты. «Өнүгүү-Прогресс» бактысын дагы бир ирет сынап көрүүнү чечип, бул ирет төрагалыкка талапкер катары Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиевди көрсөттү. 27-апрелде өткөн Жогорку Кеңештин жыйынындагы шайлоодо айтылуу партократтын уулу жаңылык жарата алган жок. Ал депутаттык корпустан 26 гана добуш алды. Ошентип 88 депутаттын добушу менен Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына төрагалыкка келди.
БАБАНОВ МЕНЕН ТЕКЕБАЕВДИН КӨЗДӨГӨНҮ ЭМНЕ?
Спикерди шайлоодо парламенттеги салмактуу эки лидердин чечимдери шайлоочуларын таң калтырбай коё албады. «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев да, «Республика-Ата Журттун» лидери Өмүрбек Бабанов да КСДП жүргүзгөн оюндарды толугу менен колдоп беришти. Эмнеге? Азырынча эки жооп көрүнүп турат.
Биринчиси: Бүгүн бийликтин бардык бутагын башкарууну берип, эртең президенттик шайлоодо бүт жоопкерчиликти КСДПга жүктөп коюу ыңгайлуу. Эл 2010-жылдагы революциядан кийин жашоо-шартыбыз оңолот деп күткөн. Тилекке каршы, жашоо-шарт күндөн күнгө оорлоп баратат. Каатчылык айрыкча элет жеринде байкалууда. Мындай шартта бардык кыйынчылыктарга бир партияны күнөөлөгөн оңой болот.
Экинчиси: Текебаев да, Бабанов да бүгүнкү президентке мураскер болууну көздөп, КСДПга колдоо көрсөтүштү.
КӨН ЧОКОЙДУ ЧААП ТАШТАШТЫ
Кыргыздын Совет дооруна чейинки жашоосун сүрөттөгөн «Сынган кылыч» романында Кокон ордосундагы Шералынын көн чокою тууралуу ар бир окурмандын эсинде кала турган окуя бар. Тарыхчылар көн чокой окуясы автордун ойдон чыгарган фантазиясы, тарыхта аны тастыктаган бир дагы документ жок дешет. Анын баалуулугу башкада. Шералынын көн чокою Кокон хандыгынын тушунда кандай актуалдуу болсо, бүгүн Ак үй, Көк үй үчүн да ошондой эле баалуу жана актуалдуу, эртеңки муун үчүн да бул окуя өзүнүн баалуулугун жана тарбиясын жоготпойт. «Мындан ары бийлик бир колго чогулбайт» деп убада берген топ ошентип Ак үйгө илинген көн чокойду чаап ташташты...