КОЙ
(21.03-20.04)
Аптада сизди жагымдуу жаңылыктар күтөт. Ишиңиз оң жагына чечилип, жакшы нукка бурулат. Имиджиңизди өзгөртүүгө жакшы учур. Өзгөргөнүңүз өзүңүздөн мурун жакындарыңызга абдан жагат. Ден соолугуңузду текшертүү үчүн бир нече дарыгерге кайрыласыз. Алардын сунушу менен ден соолукту чыңдоочу жайларга багыт алышыңыз ыктымал.БУКАЧАР
(21.04-20.05)
Майда-чүйдө иштер көп чыгат. Өтө кылдат мамиле кылыңыз, болбосо жагымсыз иштердин курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн. Сүйүү, үй-бүлө жаатында өзгөрүү деле жок, бардыгы калыптагыдай болот. Акча булагынын көзүн таап, өзүңүзгө көңүлдүү маанай жаратасыз. Бул ишиңизди тыкыр иликтеп, баарын туура пландасаңыз келечекте чөнтөгүңүздү кампайтат.ЭГИЗДЕР
(21.05-21.06)
Жылдыздар бул аптада жагымдуу таанышуулардын күбөсү болоруңузга сөз беришет. Ал таанышуулар билим алуу, жаңы иштерди баштоо жаатында жакшы таяныч болуп бере алат. Ийгиликтүү башталган ишиңиз менен жакын адамдарыңызды, досторуңузду жадакалса өзүңүздү да таң калтыра аласыз. Апта соңунда көңүл ачууга, эс алууга убакыт бөлөсүз. БӨЙӨН
(22.06-22.07)
Сизге бул аптада жөнөкөй кырдаал түзүлбөйт. Оңой көрүнгөн майда иштер бир топ эле чарчатып жиберет. Анын айынан жакындарыңыздын айткандары сизге сындай туюлуп, кыжырыңыз келет. Бирок эмоцияга алдырбаңыз. “Сабырдын түбү сары алтын” деп өзүңүздү чектен ашырбай тыйып туруңуз.АРСТАН
(23.07-23.08)
Энергияңыз ашып-ташат, аны туура жолго багыттоо өз колуңузда экенин унутпаңыз. Бул жагынан маселени ички туюмуңузга коюңуз. Жакын арада сыйлуу конок тососуз,даярдана бериңиз. Досторуңуз, жакындарыңыз сизге кубаныч алып келет. Жумушта этият болуңуз, кесиптештериңиздин арасында ашыкча сүйлөп алсаңыз өзүңүзгө маселе жаратып аласыз.БИЙКЕЧ
(24.08-23.09)
Даяр болуңуз, сиз
ойлобогон жагдайларга туш болушуңуз мүмкүн. Ошондуктан алдын ала эч нерсени пландабай, аны ишке ашырууга далбастабай туруңуз. Чечимди фактыга, кырдаалга жараша кабыл алганыңыз оң. Көптөн бери чече албай жаткан маселеңизге тааныштарыңыз кийлигишет. Алардын колдоосу менен бардыгы чечилет.ТАРАЗА
(24.09-23.10)
Чоочун көздөрдөн сүйүүңүздү, үй-бүлөңүздү сактаңыз. Менин сүйүүм ушундай, үй-бүлөм мыкты деп элге жар салуудан алыс болуңуз. “Менин үйүм – менин чебим” деген принципти карманыңыз. Өзүңүз жакындарыңызга камкор болуп, адаттагыдан башкача көңүл бурушуңуз керек экендигин жылдыздар эскертишет. Алардын сизге айткан сырларын бекем сактаңыз.ЧАЯН
(24.10-22.11)
Бардык маселелерге адаттан сырт жооп кайтарыңыз. Досторуңуз, чогуу иштешкендериңиз менен мамилени бекемдеңиз. Аптанын соңунда орун алчу өзгөчө таанышуулар сүйүүгө чейин жетет. Бирок алданып калбаңыз. Бул сүйүү жакшылыкка алып келбеши мүмкүн. Балким, жөн гана убактылуу көңүл ачуу да болушу ыктымал. ЖААЧЫ
(23.11-21.12)
Апта ичинде орун алган окуялар чагылгандай тез жана күтпөгөндөй өнүгөт. Көптөн бери кыялданып келген ишиңиз менен алектенүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумуш сиздин колуңузда, көз алдыңызда кайнайт. Эс алганга бир мүнөт убактыңыз болбой, иш кызуусунда болсо да жакындарыңызга көңүл бурууну четте калтырбаңыз. ТЕКЕЧЕР
(22.12-20.01)
Жакынкы эки жума ишиңиз менен гана алектенип, башкага убакыт таппайсыз. Жетекчилик бул мамилеңизди байкап, жакшы баа берет. Финансы жагынан пайда болгон кыйынчылыктар менен убара болосуз. Бул кыйынчылыкты эч кимден акча албай, үнөмдөп жатып чечүүгө аракет кылыңыз. Анткени убакыттын өтүшү менен бул маселе да чечилет. СУУ КУЯР
(21.01-19.02)
Карьера жаатында чоң жылыш болот. Анын аркасы менен жаңы тааныштар, достор көбөйөт. Жакындарыңыз сиздин ишиңизди көрүп сүйүнөт. Айрымдар ачылбай жаткан таланттарыңыздын ачылышына көмөкчү болушат. Маанайыңыз беш болуп, кайгыруу, бир нерсеге сарсанаа болуу дегенге сизде шарт да жок болот. БАЛЫК
(20.02-20.03)
Жумушта болобу же үй-бүлөдөбү сиздин оюңузга каршы чыккандар болот. Эң башкысы жан дүйнөңүздөгү тынчтыкты сактап калыңыз. Катуу ойлонсоңуз ден соолугуңузга зыян экенин унутпаңыз. Досторуңуздан жардам суроодон тартынбаңыз. Бул суранууңуз силердин мамилеңерди жакындатып коёт. Алыска жолго чыгышыңыз күтүлөт, даярданыңыз.