САБИР АТАЖАНОВ өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору кызматынан бошотулду. Анын ордуна Абдыкалык Рустамов дайындалды.
27-апрель күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Алмалуу-Булак айылында ЖЕР КӨЧКҮ жүрдү. Кырсыкта 9-класстын окуучусу Урматбек уулу Эрлан кайтыш болду. Жергиликтүү тургундар 1 өспүрүм бала менен кош бойлуу аялды куткарып калышты. Жер көчкү 6 турак жайды басып калды.
28-апрель күнү Башкы прокуратура кошулган тергөө тобу "КУМТӨР" ишканасында тинтүү жүргүздү. Тергөөчүлөр ишканадагы финансылык бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтешүүдө.
Өлкөдө 2016-жылдын биринчи кварталында 180 адам ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНАН каза тапкан. Бул тууралуу Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы маалымдайт.
Өзүнө өзү кол салып СУИЦИДГЕ баргандардын 80 пайызы эркектер. Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.
Кыргызстанда 4016 үй-бүлө кооптуу аймакта жашаары аныкталып, алардын 1064ү коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Ал эми 2952 үй-бүлө эскертүүлөргө көңүл бурбай келет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
БАЛДАР ҮЙЛӨРҮНДӨ 8265 бала тарбияланат. Алардын 6 пайызы гана, башкача айтканда, 510 бала ата-энеси жок томолой жетимдер.
2946 КЫРГЫЗСТАНДЫК жаран чет жердеги түрмөлөрдө жаза өтөп келишет. Анын ичинде Орусияда 2549, Казакстанда 320, Тажикстанда 27, Кытайда 21 жана Украинада 11 адам абакта отурат. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.
Ички иштер министрлигинин 3 миң кызматкери ТУРАК ЖАЙГА абдан муктаж болуп жатат. Бул жөнүндө ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев билдирди.
28-апрелде Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештеги КСДПнын лидери болуп шайланды.
Биринчи айым РАИСА АТАМБАЕВАНЫН айтымында, өлкөдөгү ар бир бешинчи окуучу кыз гинекологиялык оорулар менен жабыркайт.
Кыргызстандагы МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН 7 пайызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев маалымдады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.