ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (жаңы сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Кандайсың, Каныбек? Эмне көрүнбөй кеттиң?- деп күлүп-жайнап сүйлөп жаткан Айгүл эже менин коркуп кеткенимди көрүп, оозунан сөзү качып эмне дээрин билбей туруп калды. Алдашкан окшойт да.
Котормочусу менин коркконумду байкап күлүп, Айгүл эжеге карап:
– Сиз машинага отуруп туруңузчу,- деп жөнөтүп жиберди да, мага карап:
– Салам, супермен, жаман ойлобо, биз кечирим сураганы келдик,- деп жанындагыларды тааныштырды. Эмне кызмат кыларын айтты. Менин түшүнүшүмчө, бирөөсү базанын жергиликтүү эл менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы, экинчиси аскердик прокуратуранын адамы окшойт. Котормочунун айтымына караганда, ресторандагы окуя чоңдоруна жетип калыптыр, эгер элге жайылып кетсе, чоң чуу чыгышы мүмкүн экен. Ошого булар мени эч кимге айтпашымды суранганы келишиптир. Ичимден "уф" деп алдым. «Ооз басты үчүн 5000 доллар берели, эч кимге айтпайсыңбы, жетеби?» дейт котормочу. Ичимден жетмек түгүл ашып кетет дедим. 5000 доллар үчүн керек болсо «булар жөн эле турса барып уруп-тепкиледим» деп айтканга даяр элем. «Бир жерге кол коюп бер, доом жок деген кагаз» дейт. Чоңдоруна көрсөтүш үчүн окшойт да. Бир эмес, базасындагы болгон бардык кагазына кол коюп бер десе ойлонбой туруп макул болот элем, «ничего себе» 5000 доллар, көп нерсе алса болот да. Айткан жерлерине кол коюп берип, акчаны алдым. 100 долларлыктан жарым пачка болот экен.
Кетип жатып бирөөсү визиткасын берди. «Эгер иштейм десең мага чал, сендей балдар бизге керек, ишке алабыз» деди. «Айлыгың 300 доллардан кем болбойт» деп мени карап башкача күлүп койду. Аты Жон Макфелл экен. Мурун 1 бөлмөлүү батир алыш мага кол жеткистей сезилчү эле. Акчамды чогултуп Асанбай кичи районунан 2 бөлмөлүү батир сатып алдым. Машина алдым, айылга ата-энеме бир топ акча берип келдим.
Жашоо башталды, досторум менен күндө майрам, күндө той, кыздарды ээрчитип алып күндө дискотека, ресторан-кафелердебиз. Батириң, машинаң, акчаң болсо досторуң да көбөйүп кетет экен.
Акыры ал жашоодон да тажайт экенсиң, тажадым. Тынч гана жашагым келди. Майрам деле күндө боло берсе жакпай калат турбайбы.
Бир күнү үйдү бекиттим да, 2 жумага айылга, Лейлекке кетип калдым. Айылдан келсем тынч, эч ким чалбайт, эч ким издеп келбептир.
Авиабазага ишке кирейин деп чечтим, визиткадагы телефонго чалсам Жон Макфелл өзү алды, 3-4 ай өтүп кетсе да дароо эстеди.
Кыскасы, "Ганси" авиабазасына ишке кирдим. Кылар жумушум тикмечи, аскердик базадагы адамдардын ар биринин формасына, төшүнө аты-жөнү, номери жазылат экен. Ошол жазууну бир кичине материалга машинка менен тигип жазып берем. Оңой экен, компьютерге эле жазып койсоң болду, машинка ошол жазууну тигип жазып берет. Мен машинканын жиби үзүлүп же түгөнүп калбашын карап коюп отура берем. Аларда сөзсүз чайга деп акча берип кетишерин билдим, кээ бирөө 1 доллар, кээ бири 2 доллар, 5 долларга чейин таштап кетишет.
Иштегениме 2 айдай болуп калган. Бир күнү Макфелл келип «Ооганстанга иштегени барасыңбы, айлыгың 350 доллар болот» дейт. Ойлонбой туруп макул болдум, "кылар ишиң ушул эле тигүүчүлүк болот" деди. Мага каякта иштесем да айырмасы жок эле, айлыгым болсо көбөйүп жатса.
Таң калганым, менден мурунку тигүүчү болуп иштеген кыз айына 150 доллар алчу экен, азыр эмнеге мага көп төлөп жатышат, түшүнбөдүм. Мага окшоп иштеп жаткан жергиликтүү адамдардын эч кимиси менчелик айлык алышчу эмес, эң көбү меники.
1 жумага жетпей Ооганстанга учуп кеттим. Базасы Баграм деген шаардын жанында экен, тегиз жерге курулуптур, аябай эле чоң жерди ээлейт. Самолёт, вертолёттордун ар кандай түрүн көрдүм. "Аватар" деген кинодогу үстүндө 2 винти бар вертолёттор чынында эле бар экен, мен аны кинодо эле ойлоп табылган вертолёт деп ойлочумун.
Базаны айлантып бийик бетон коргон менен тосушуптур. 2 самолёт, вертолёт учуп-конуучу аянты бар экен. Күнү-түнү тынбай учуп-конот, эмне ташышат, эмне жумуш бүтүрүшөт, түшүнбөйсүң. Базанын үстүндө, асманда чоң шар абада калкып турат. Ага камералар орнотулуп, базанын айлана-тегерегине байкоо салынып турат дешти.
Аскерлердин жашоосу жакшы болсун үчүн мүмкүн болгон бардык шарт түзүлгөн. Базанын ортосунда кадимкидей эле дүкөндөр, кафе-ресторандар, түнкү клубдарга чейин курулган. Аскерлер дүкөндөн ийнеден баштап компьютерге чейин сатып алышса болот. Зериксең машыгуучу залга барып машык, болбосо компьютердик оюндар залына барып ар кандай оюндарды ойно. Футбол, баскетбол, волейбол, теннистик корт курулган, мончо, бассейн, деги койчу айта берсең бир укмуш. Тез-тез америкалык, дүйнөлүк деңгээлдеги ырчылар келип концерт берип кетишет. Тамактанган жеричи, Бишкекте андай ресторан жок болуш керек. Тамактын бардык түрү бар, каалаганыңды тандап аласың. Бир күндө 5 маал тамактанышат, ал аз келгенсип атайын идиштер турат, жашаган жериңе ала кетсең болот.
Базанын ар жерлерине автоматтар коюлган, тамекинин, шоколад, ширин суусундуктардын бардык түрү бар, каалаганыңды алсаң болот. Мындай жашоо турганда аскерлер кантип согушканы барат түшүнбөйсүң, өлүп калса сонун жашоо калып кетет го.
Тартибине түшүнбөдүм, базада ар кандай посттор бар, кээ бирде чоңдору келе жатса да аскерлер «честь» берип койбой, шоколад же дагы башка бир нерсе жеп отура беришет. Кээ бир постторго Хаммер машинасы менен бир аскер келет да, мылтыгын көкүрөгүнө илип алып бир канча убакыт какайып кыймылдап койбой турат да, анан кетип калат. Пост ачык кала берет, ордуна башка эч ким деле келбейт, түшүнбөйсүң...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
nuriyaeljan
2016-05-02 09:41:05
Кызыгы эми башталат окшойт
+2
Urmat_83
2016-05-02 10:07:54
5000$бериптир эч кимге айтпа деп сен бут Кыргызстана жайып ийдинго солдаттарды урганыны.Быягы не болду анан
+14
esimdesin
2016-05-02 15:41:36
Urmat_83, :):) жардыңыз го
0
Munar8625
2016-05-02 10:28:35
Бул укам озубуздон болот окшойт.
+2
ady-88
2016-05-02 11:16:05
Чыгарма бул. Башында айтылып кетпеди беле.
+3
ady-88
2016-05-02 11:16:43
Бул чыгарма башында жазылган.
+3
raiana53
2016-05-02 11:54:28
мындан аары айтайынбы не болот,кой айтпайле коеюнчу банга кетип калбайын
+3
TAION
2016-05-03 05:57:46
Бул кайсы жылды жазып жатат тушунбодум? 5000$ уй алса машина алса анан кайра кечеги чыккан аватардын киносун айтып жататко кызык.
0
esimdesin
2016-05-03 17:08:30
негизи автордун ушундай нерселер менен чындап эле байланышы барбы деп ойлоп кетем да
0
bayaman9719
2016-05-03 18:14:52
Аяш аба экен да
0
MIRBOLOT
2016-05-04 09:13:25
Жакшы "боевик" жарала баштады окшойт. Чолпонбек Абыкеев агайдын "Бриллиант жылан-3" дөгү Мырзанын тагдырына окшоштурбаңыз эми...
+1
Beka.kaba
2016-05-04 21:21:12
иштедиим деп турат чогултуп алды да
-1
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан