Бала бакча тарбиячысы: «АПАЛАРЫ БАЛДАРЫН «СИЗДЕН БАШКАНЫ УКПАЙ ЖАТАТ» ДЕП ЖЕТЕЛЕП КЕЛИШЕТ»

«Баланын бары да азап, жогу да азап» деген сөз бекеринен келип чыкпаса керек. Бир үйдү бир эле бала базар кылып, үч көтөрүп, ата-энесинин эсин оодарып коёт. Ал эми күнүгө 30-60 баланы баккан бала бакча тарбиячысынын түйшүгүн элестетип жатсаңыз керек. Бул жолу коомдун, келечектин пайдубалын түптөөчүлөр болгон бала бакча тарбиячылары тууралуу сөз кылабыз. Кесиптин оомал-төкмөлү тууралуу ушул тармакта 33 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Гүлбарчын Кадыралиева айтып берди.


– 33 жыл тарбиячы үчүн көп эмеспи?
– Жаш өткөн сайын канчалык тажрыйба топтогон менен, чыдам кетип, нерв деле жукарат. Андыктан чыдамы жок адамдар үчүн 33 жыл көптүк кылат. Бала бакча тарбиячысы кесиби сабырдуулукту, чыдамкайлыкты талап кылат. Бир баланын түйшүгү эле канча? Мына азыр менин тайпамда 60тан ашык бала бар. Мынча баланы жардамчым экөөбүз эле карайбыз.
Азыркы мезгилде Талас шаарындагы №1-бала бакчада иштеп жатам. Жашым 57де, эмдиги жылы, буюрса, пенсияга чыгам. Мен тарбиялап өстүргөн балдардын эрте үйлөнгөндөрү небере көрүп калышты.

 

– Алгачкы эмгек жолуңузду эскере кетсеңиз.
– Бишкек шаарындагы педагогикалык окуу жайда окуп жүргөндө эле бала бакчада иштеп баштагам. Анда 3-курста сырттан окуу бөлүмүндө окуйм, колумда өзүмдүн балдарым бар. Аларды да бала бакчага алып барам. Бишкектеги №138-бала бакчага алгач пол жуугуч болуп жумушка кирдим. Кийинчерээк ашканасына аралашып, окуум бүткөндөн кийин тарбиячынын жардамчысы болдум. Пол жууган кызматкерден баштап усулчу, бала багуучу дегеле бардык тепкичти басып өттүм десем болот.

– Бала бакчада өзүңүздүн балдарыңызды да тарбиялап калдыңызбы?
– Негизи тарбиячы болуп иштеген адамга өз баласын өзү иштеген тайпага кошууга болбойт. Мен өзүм деле өз балдарымды тайпага алууну каалачу эмесмин. Коридордон же эшикке чыгып ойногондо балдар аянтчасынан мени көрүп калышса этектеп алып кетирбей ыйлай беришчү. Тайпам алардын тайпасындагы балдар менен аянтка бир чыгып калышса жоолук менен бетимди жаап же алар барбаган жерлерге тайпамды алып кетер элем. Эки кыз бир уулубуз бар. Азыр өздөрү балалуу болуп калышты.

– Алдыңкы 20 жылдыктын балдары менен акыркы 10 жылдыктын балдарын салыштырып айтып бериңизчи.
– Илгери балдар мындай болчу, андай болчу дебейм. Ооба, айырмачылык асман менен жердей. Анда заман башка болчу, баланын аң сезими барган сайын турмуш-тиричиликке жараша өзгөрөт. Мурунку балдар билгенинен биле элеги көп, айтканыңды дароо аткарган балдар болсо, азыркы балдарды эч нерсе менен таң калтыра албайсың.

– Сиздин кесиптин бааланбай калган учурлары болобу?
– Биздин кесипти мезгил баалап берет. Мисалы, биз тарбиялаган бала мектептин башталгыч классына даяр болуп барат. Бала бакчадан алган билим, тарбия боюнча мектепте окуйт, турмушка аттанат. Ушул турмуш жолун кандай басып өтсө ошого жараша бала бакчадан алган тарбиясын баалоого болот. Ошол себептен айтышат да, балага татыктуу тарбияны бала бакчадан башташ керек деп. Тилекке каршы, бирөөнүн баласын өз балаңдай багып, шымын булгап койсо аны алмаштырып, курсагын тойгузуп, бир күн кечке алек болгонуңду баалабай, кечинде балдарын алганы келип урушуп кеткен ата-энелер да болот.

– «Бирөөнүн баласы» деп калдыңыз. Бирөөнүн баласын өз баласындай көрүш үчүн тарбиячы кесиби эмнени талап кылат?
– Тарбиячыда «бирөөнүн баласы» деген түшүнүк болбошу керек. Ооба, бала чоочун, аны сен төрөгөн жоксуң. Бирок эгер мен өз баламды бир нерсе кылып алсам эч кимге доо артпайм. Ал эми бирөөнүн баласын карабай коюп бир нерсе болсо ага керт башың менен жооп беришиң керек. Андыктан тарбиячы деген эч качан «бул бирөөнүн баласы, минтип койсо боло берет» дебеши керек. Эң башкысы жоопкерчиликтүү болуу зарыл. Бала деген таза, анын аурасы дагы аруу болот. Алар менен аралашып жүрүп өзүң деле баладай болуп каласың.


– Бала бакчага көнбөй жаткан чыр балдарды кантип көндүрөсүздөр?
– Эртеден кечке ыйлаган балдар болот. Аны ыйлатып бала бакчага камай берсе көңүлү калат. Ошондуктан башында 2 сааттан, бара-бара көнүшүнө жараша мөөнөттү узартып акырындык менен көндүрөбүз. Мультфильм коюп беребиз, оюнчукка алаксытабыз.

– Баланы бала бакчада тарбиялоо туурабы же үйдөбү?
– Шарт болсо бала бакча эле жакшы. Бала эң алгач өз алдынча болууга үйрөнөт. Энеси үйдөн ар дайым эле убагында тамак берип, жомок окуп берип, маалы менен уктатууга убактысы болбой калышы мүмкүн. Ошондой эле башка балдарга атаандашып тамак жеп, белгилүү режимге көнүп калат. Бул өсүп жаткан баланын организми үчүн да пайдалуу.

– Эсте калган бир окуя айта кетсеңиз.
– Балдар эртең менен бакчага келбей калышканда табель менен белгилеп коёбуз. Бир күнү бир балам келбей калыптыр. Кечинде атасы баласынын бала бакчага келбей калганын унутуп коюп алып кеткени келген экен. Анын келбей калганын өзүм да унутуп калыптырмын. Табелди карабай эле чуру-чуу болуп баланы издеп калыптырбыз. Атасы аны кийин эстеп жатпайбы.

– Кесибиңизден кайсы учурда ырахат аласыз?
– Эртең менен 7:30да жумушка келип, балдарды тосуп ала баштайбыз. Ошондо жетелеп келе жаткан өз апасынын колунан бошонуп, кучак жайып сени көздөй чуркаган баланы көргөндө жүрөгүң элжиреп кетет. Апалар тапшырып жатканда «сиз айтыңызчы, түшүндүрүп коюңузчу, сизден башканы укпай жатат» деп көп кайрылышат. Ар бир баланын жашоосунан орун ээлөө бизге бакыт тартуулайт.

Гүлжан Асанкожоева
Азамат Асеин уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jemile
2016-05-02 12:51:51
"Апасын кое берип, сени көздөй жүгүргөнүнө"дегенине көзүм жашып кетти
+3
Nadia
2016-05-03 17:34:30
Мен да ошол жерин окуп жатым козумо жаш келип кетти.
+2
toni_1984
2016-05-04 10:51:28
Бар болунуз эже сиздин колунуздан тарбия алган балдар ылайым ыймандуу оз ордун тапкан инсандардан болсун сизге ден соолук берсин бар болун
+4
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан