СҮЙҮҮ БАЯНЫ
Жакында эле теннисчи жылдыздардын үй-бүлөсү Штеффи Граф менен Андре Агасси чоң спортко кайрылып келээрин билдиришти. Андан мурда теннисчи жубайлар Жаз аттуу кыздуу болушкан. Агасси кызын колго алып, Штеффи менен беш, кудай берсе алты балалуу деле болууну каалагандыгын айткан.
Эки супер теннисчинин сүйүү баяны Штеффи 32, ал эми Агасси 31 жашка келгенде башталган. Алгач, гезиттерде лондондук ресторандардын биринде экөөнүн өбүшүп жаткан сүрөтү жарыяланган. Бирок, сүрөттөр журналисттердин арасында анча кызыгууну пайда кылган эмес. Айрымдары аны рекламалык ыкма деп эсептесе, кээ бирлери жөн эле тамаша көрүшкөн. Башкача айтканда, алардагы чыныгы сүйүү эч кимдин оюна келген эмес. Чындыгында, чоң теннистеги эң «Тартиптүү мисс» менен «Аялзатына жакын мистердин» ортосунда эмне болушу мүмкүн эле?! Штеффинин «Cүйүү көпөлөгү» атка конгон америкалык Агассиге тагдырын байлоосу күмөн. Анткени, Штеффи өтө эле эстүү жан деп эсептешти немистер.
50 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ТУРГАН АЖЫРАШУУТеннис ракеткасын Штеффи төрт жашында колго алып, алты жашында алгачкы жеңишке жетишкен. 13 жашында ал профессионалдардын дүйнөлүк рейтингине кирип, 17 жашында аялдар арасындагы теннисте лидер болуп калган. Андан бери спорттук аренада андан мөөрөй талашып алгандар сейрек кездешкен. Ал АКШда, Англияда, Францияда же Австралияда болобу «Большой шлем» турнирлеринин бардыгын жеңген. Өзүнүн карьерасында немис спортчусу жалпы жонунан 377 жума бою дүйнөнүн 1-теннисчиси болуп турган. Штеффинин бул рекордуна анын кесиптештери жакын да бара алышкан жок.
2000-жылда Штеффи Германияда «кылымдын спортчусу» деп таанылган. Граф чоң жыйындарды, оюн-зоок, салтанаттарды жактыра бербей, пресс-конференцияларга араң барчу. Суроолорго болушунча кыска, ал эми жеке турмушуна байланышкан суроолорго болсо көңүлү суз жооп берчү. «Репортёрлор мени кимдир бирөөнүн кучагында көрүш үчүн артымдан түшүп алышат. Аларга айтаарым, менин жашоомдо эркектер болгондугу анык» деген бир жолу Штеффи.
Ал автожарыштын катышуучусу Микаэль Бартельс менен жети жылдан бери мамилелеш экенин жашырган эмес. Бирок, өздөрүнүн сүйүү баяны тууралуу кымындай сөз да айтчу эмес. Бул тууралуу билгиси келген журналисттердин түрдүү суроолоруна жооп берүүдөн каччу.
Ошол мезгилде Андре Агасси спорт жаңылыктарында да, гезиттердин биринчи беттеринде да тез чыгып турчу. Алгач анын Барбара Стрейзанд менен болгон романы, андан соң Американын секс-символу, актриса Брук Шилдс менен үйлөнүү үлпөтү дегендей…Бирок,эки жылдыздын чогуу жашоосу эки жылга жеткен эмес. Гезиттер Агасси менен Шилдстин мамилелерин, тил табыша албагандыгын биринен сала бири жазып турган. Демейде Андре жабыркаган адам болуп чыкчу. Кызганычтан кармана албаган Брук күйөөсүнүн башына табак менен уруп, анын буюмдарын терезеден ыргытчу. Үй-бүлөлүк маселелер өз таасирин тийгизип, бир жылдан ашып-ашпаган убакытта Агасси дүйнөлүк рейтингдеги 1-орундан 101-тепкичке түшүп калган. Ошондо гана ал мындай жашоо болбостугун түшүнгөн.
Ажырашуу теннисчи үчүн 50 миллион доллар турду. Айрым эсепчилер Агассинин бүлө болуп жашаган ар бир күнү ага 70 миң доллар турганынан бери санап жиберген. Аялын таштоо менен бирге Агасси «үйбүлө менен чоң теннис кошо жүрчү нерсе эмес экен» деп билдирген. Андре эми бардык күчүн спортко арнап, кайрадан эң мыкты 10 теннисчинин катарына кошулууга убада кылат.
АГАССИНИН ЖАШЫРУУН ҮЙЛӨНҮҮСҮАгасси өз сөзүнө туруп, дүйнөнүн мыкты 10 теннисчисинин катарына эле кошулбастан, күйөрмандарын сүйүнтүп, дүйнөлүк рейтингдеги 1-орунду кайра ээлеген. Бирок, кызыктуусу, анын чоң жеңиш менен кайтып келүүсү да баш кошуу менен байланыштуу. Жөн гана бул жолу ал өзүнүн өмүрлүк жарын туура тандаган эле.
Тамаша катары кабыл алынган Штеффи Граф менен Андре Агассинин өбүшүп жаткан сүрөтү иш жүзүндө спорт дүйнөсүндөгү эң сонун романдын башы болуп калды. Штеффи мурдагыдай эле кандайдыр бир комментарий берүүдөн алыс болгону менен анын бактылуу жүзү чындыкты айтып турган. Ал дайыма иштин адамы болуп келген. Бул жолу да ал Андреге колдоо көрсөтүп, жаңы күч берүү үчүн өзүнүн карьерасын токтоткондугун жарыялап, сүйгөнүн бүт жакта коштоп жүрдү. «Штеффи өзүнүн акылмандыгы жана токтоолугу менен таң калтырат. Анын пикири боюнча, мага кызуу кандуулук жана эмоцияга бат алдыруум тоскоол болот. Штеффи муну түшүнүүгө мага жардам берди жана азыр мен немис машинеси сыяктуу кынтыксыз иштеп жатам» деген Агасси турнир артынан турнирди жеңип жатты.
Көп өтпөй Штеффинин боюнда бар экендиги билинди. Корттун кош бойлуу болуп калган ханышасы сезимталдыгын билдирип, буга чейин мындай сүйүүгө кабылбагандыгын ачык айтып: «Мурда мен белгилүү спортчу гана болчумун, эми өзүмдү аял катары сезип калдым. Мен Андрени чыныгы бакытка бөлөй алам го деп ниеттенем» деген.
Бала төрөлөөрүнө жарым жыл калганда жубайлар Сан-Францискодон 23 миллион долларлык вилла сатып алышкан. Анын ичинде 5 уктоочу бөлмө, 6 жуунуучу бөлмө, эки бассейн жана албетте, теннис корту болгон.
Германиялыктар албетте, өзүнүн сүйүктүү кызынын бактысына сүйүнүшкөн. Бирок, «Андре эмне үчүн нике тоюн өткөрбөй жатат?» деген суроо туулган. Антсе да, жооп көп күттүргөн эмөс. 2001-жылдын 22-октябрында дүйнөнүн бардык агенттиктерине Андре Агасси менен Штеффи Граф Лас-Вегаста жашыруун үйлөнүп алышкан деген жаңылык тарап кетти. Саналуу гана күбөлөрдүн айтымында никелешүү учурунда Штеффи өтө толкундап, көз жашын араң кармап турган. Ошентип, жашыруун үйлөнгөн жубайлардын үйлөнүү салтанатында бир да журналист болгон эмес. Агассинин мекени болгон Лас-Вегастагы тойго жакын туугандары гана келишкен. Алардын арасында теннисчинин өз абасы мультимиллионер Рубен Агасси да болгон.
Ошону менен бирге эле, жаш жубайлар үйбүлөлүк келишим түзүп алганы да белгилүү болгон. Сүйүү сүйүүсү менен, ал эми акча маселеси тактыкты талап кылат дешкен өңдөнбөйбү. Анткени, эки жаш тең көп миллиондогон байлыктын ээси эле. Келишимге ылайык ким күнөөлүү экендигине карабастан, алар ажыраша турган болсо, Штеффи Сан-Францискодогу үйдүн баасынын жарымын, ошондой эле акчалай 4 миллион доллар алмак болот. Эгерде ажырашуу демилгеси Агассиден чыкса, анда ал Графка чогуу жашаган ар бир жылы үчүн дагы 2750 миңден кошуп берүүгө милдеттенген.
ЖУБАЙЫНА БАШ ИЙГЕН ЧЕМПИОНҮйлөнүү тоюнан кийин Агассинин маалыматына караганда баш кошуу салтанатын анын мурдагы аялы Брук Шилдстен жашыруун өткөрүү болгон. Анын мүнөзүн билген Агасси ал дагы бир жаман жорук баштабасын деп корккон. Бирок, күткөндөй болбой Брук Штеффи экөөнө куттук айткан телеграмма жөнөткөн. Мындан да Штеффинин мөөнөтүнөн үч жума мурда төрөшү күтүлбөгөн окуя болуп өтөт. Агасси бою 50 сантиметр салмагы, 2,5 килограмм келген уулдуу болот. Ага Жейдан деген ысым ыйгарышат. Сыймыктанган Агасси «менин балам теннисчи болот жана бизден да чоң ийгиликтерге жетишет» деп билдирет. Анын бул сөзү ымыркайга теннис ракеткаларын белек кылгандардын санын арбыткан. Бирок, балага эң баалуу белекти теннис турнирлерин уюштуруучу компания берген. Бул компания Штеффи менен Андреге алардын баласынын 2017-жылдагы турнирлердин бирине катышуусу үчүн 10 миллион доллар сунуш кылат. Ата-энелер макул болуп, ымыркайдын эсебинде ири сумма топтолот да калат.
Бактылуу үй-бүлө учурда сатып алган үйүндө жашап жатат. Агасси өзүнүн чарбачыл аялына кубанып жүрөт. «Мен эртең менен бактылуу ойгоном. Биздин үйдүн ар бир бурчунда аял кишинин камкор колу сезилет. Штеффи ыйык очоктун чыныгы сакчысы экен. Мен үйлөнгөндө ушунчалык бактылуу болом деп күткөн эмесмин» дейт ал.
Бирок, Агассинин сөздөрү корттун ханышасы балдарды бөпөлөп, күйөөсүн гана караган үй аялына айланды дегенди билдирбейт. Агассиге «Штеффи ар бир немис аялы сыяктуу үч «К»: киндер, кюхен, кирхе (бала, ашкана, чиркөө) эрежесин сактайбы?» деген суроо беришкенде, теннисчи күлүп жиберген:«Ашкана жакка мен көбүрөөк барып калам. Анан эмне кылайын? Аялым «Мастерс» сериясындагы 22 турнирди жеңген, а мен болгону алтоону. Баш ийүүгө туура келет».
Даярдаган Медер Тентимиш уулу