Кыш-жай дебей бак-дарактарды тумшугу менен тарсылдаткан тоңкулдактардын 220дан ашык түрү бар. Алар Ирландия, Жаңы Зеландия, Австралия, Антарктидадан тышкары бардык жерлерди байырлашат. Азык тандашпайт. Бактарды тумшугу менен тешип, тешиктен курт-кумурскаларды терип жешет. Кызыгы, бир жолкусунда эле 1000 кумурскага чейин жеп салышат экен. Элестеткиле, тоңкулдактын чоңдору секундасына 20 жолу тумшугу менен бакты ура алышат. Ошончо ургулап жатса эмнеге тумшугу сынып кетпейт десеңер керек, себеби алардын баш сөөгү калың кемирчек менен капталыптыр. Тоңкулдактын эң чоңу 55 сантиметр болсо, кичинекейи 5 сантиметрге гана жетет.