ЖАННА ФРИСКЕГЕ ЧОГУЛТУЛГАН АКЧА КАЙДА?

Орусиялык ырчы Жанна Фриске каза тапканына бир жылга жакындап калса да, айланасында ызы-чуу токтобой койду. Алгач уулу Платонду талашып атасы менен жарандык жолдошу Дмитрий Шепелев чатакташса, эми дарылоого чогулган миллиондордун кайда кеткени тууралуу “Русфонд” менен туугандарынын арасында териштирүү башталды. Эки жыл мурун маркум ырчы фонд менен келишим түзүп, эл чогулткан акча ырчынын банктык эсебине которулуп турган. Жаннанын өлөрүнө бир нече жума калганда апасы Ольга Копылова калган акчаны өзүнүн атына которткону белгилүү болду. Жалпысынан дарылоо үчүн делген 20 миллион рублдан ашуун акчанын дайынын издешүүдө. Жаннанын апасы бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Palan4a
2016-05-02 09:52:48
Атасы койнундагы жыланды билген эмеско?… Шепелевти куноолоп, каралап жатты эле…
+6
marmiladka9
2016-05-02 10:38:09
Жанна Фриске бир жаралган ырчы, он келбети,озун алып журуусу озгочо болгон. Толуп ташкан энергия менен эл козуно илинген инсан катары, баалагандардын эсинде калды.
Анын атын жамынып алып чуу чыгаргандарды коруп окунунуч пайда болот экен.
+10
kalima88
2016-05-02 14:16:06
Былтыр Жанна кайтыш болгондо эртенки кунго ишенич жок экенине дагы бир жолу ынангам.
+8
Aisuluusha
2016-05-04 00:52:14
Мен былтыр Жанна олгондо,ден-соолук баарынан,баарынан кымбат экенине даагы ынандым,эч кандай миллион,эч кандай миллиярд да жардам бербешин толук ишендим.
+1
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан