26-апрель күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөлөрү өкмөттүн 2015-жылдагы отчётун угуп жатып, отчётко чет өлкөлүк сынактарда ийгилик жараткан ырчылар Кайрат Примбердиев менен Жийдеш Идирисованын жеңиштери белгиленип калганын талкууга алышты. Депутат Максат Сабиров: «Уялбайсыңарбы, ырчыларга кандай жардам көрсөттүңөр?! Алар чуркап, өздөрүн өздөрү каржылап жүрүшөт»,- деп сындады.
Ырчыларга «сынакка баратканда өкмөт жардам көрсөттү беле?» деп кайрыл- ганыбызда, Жийдеш Идирисова: «Мага эч бир мамлекеттик түзүм каржы жактан колдоо көрсөткөн эмес. Өзүбүз акча чогултуп эле барып келгенбиз»,- деди.
Ал эми Кайрат Примбердиев: «Орусияга сынакка барганда жубайым менен 3 ай Москвада жашап, кошумча түнкү клубда ырдап иштеп жүрдүм. Москвага бара жатканда эч бир министрликке кайрылган эмесмин. Сынакка кеткен каражатты өз чөнтөгүмдөн чыгаргам»,- дейт. Чын эле Кайрат менен Жийдештин ийгилиги өкмөттүн отчётунда белгиленгенби деп өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиевага 28-апрелде байланышканыбызда, Жогорку Кеңеште жыйында отурганын айтып: «Азыр өкмөт башчы отчёт берип жатат. Ал тууралуу сөз болгон жок»,- деди. Ал эми депутат Максат Сабиров: «Вице-премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү өкмөттүн отчётун алып келген. Анда «өкмөт маданият тармагында ушундай ийгиликтерге ээ болду» деп жазылган»,- деген оюн айтты. Мындан улам өкмөт ырчылардын ийгиликтерин жөн эле өзүнө ыйгарып алдыбы деген суроо туулат. Акчалай жардам бербесе, эч бир муктаждыгын бүтүрүүгө жардам көрсөтпөсө, кантип отчётко кирип калган?