СҮЙҮҮ ЖАНА СПОРТ. СПОРТЧУЛАРДЫН ТАТТУУ ТҮГӨЙЛӨРҮ

Профессионал спортчулардын көпчүлүгү убактысын машыгууларга арнап, жеке жашоосун экинчи планга калтырат. Ири мелдештерде байгелүү орундарга жетүү үчүн өзүңдү толугу менен спортко арнашың керек. Эгерде артыңда ишеничтүү тылың болсо, ийгиликке жетүү алда канча оңой. Кыргыз спортундагы кызыктуу түгөйлөргө назар салыңыз.

КУМАР ЖАЛИЕВ + ЭЛИНА АБАЙ КЫЗЫ
Аталган жуп өлкөбүздүн көрүнүктүү түгөйлөрүнүн сап башында турат. Кыргызстандын атагын алыска тааныткан айтылуу кикбоксчу Кумар Жалиевдин жүрөгүн тасма жаатындагы жылдыз Элина Абай кызы жаралаган. Кикбокс боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Кумар «Гаишниктер» аттуу тасмага атактуу актриса менен чогуу тартылышкан. Ошондон бери Кумардын беттештеринде Элинанын күйөрмандык кылып жатканын көрсөк, атактуу кикбоксчу Элина чакырылган иш-чараларда сүйүктүүсүн коштоп жүрөт.


ВАЛЕРИЙ КАШУБА + СВЕТЛАНА ПОКАЧАЛОВА
«Уулубуз төрткө чыгып калды, ал атасы менен чогуу машыгууларына барат. Анын жакшы көргөн оюнчугу топ»,- деген Светлана Покачалова футбол боюнча улуттук кураманын дарбазачысы Валерий Кашубанын жубайы. Бул түгөйлөр чыныгы футболчулар үй-бүлөсү. Жолдошунан кем калышпаган Светлана да футболчу, ал кезинде улуттук курама команданын капитаны эле.
«Жаңылык деле болбойт болуш керек, биздин таанышуубуз футбол талаасында болгон. Ал оюн Кант шаарында өткөн. Мен анда көрүүчү катары болсом, Валера дарбаза тосуп жаткан. Ошондо таанышып, 2 жылдан соң колумду сураган. Бирок ата-энем менин окушумду каалаган. Кашуба чыныгы дарбазачы, анткени мени кармагандан кийин эч коё берген жок. Сүйлөшүп жүрүп 2010-жылы баш коштук. Экөөбүз футбол талаасында бири-бирибизди сынайбыз, каталарыбызды айтып турбасак болбойт. Учурда футбол боюнча 14 жашка чейинки кыздардын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусумун, ал эми Валера өлкөбүздүн жана Бишкектин “Дордой” клубунун намысын коргоп келет”,- дейт Светлана.


ДАНИЭЛ ТЕГО + ЭЛНУРА ТЕГО

Кыргыз футболуна из калтырган о ю н ч ул а р д ы н бири, өлкөбүздүн улуттук курама командасынын оюнчусу Даниэл Тего өткөн жылы кыргыз элине күйөө бала болгону белгилүү. Жакында эле бактылуу үй-бүлө кыздуу болуп, сүйүнүчтөрү коюнуна батпай жаткан кези. Үй-бүлөсү тууралуу Элнураны кепке тарттык.

Бешик боо бек болсун! Жакында эле үй-бүлөңүз толукталып, кыздуу болдуңар...
– Рахмат! 14-апрель күнү кыздуу болдук. Атын Данэлия деп койдук.

– Баарын башынан айтып бербейсизби. Улуттук курама команданын коргоочусу менен кандайча таанышып, баш кошуп калдыңар?
– Даниэл менен интернет аркылуу таанышып калгам. Алгач телефон менен сүйлөшүп жүрдүк. Дос катары сүйлөшүп, мен англис тилин, Даниэл орус тилин өздөштүрүп жүрдү. Убакыт өткөн сайын бири-бирибизди жактырып калдык. Тего биринчи караганда бой көтөргөн сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок ал абдан боорукер жана камкор, ичинде жамандыгы жок адам. Биз 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Кыргызстан-Австралия оюнунан кийин Даниэл ата-энемди кечки тамакка чакырып, үйлөнө турарыбызды айтканбыз. Ага чейин эле меникилер жолдошумду жакшы таанып калышкан, андыктан каршы болушкан жок. Ошентип 2015-жылы күзүндө той бердик.

– Күйөө бала, келин катары кайын журттар кандай кабыл алышты?
– Ал менин туугандарым менен, мен кайын журтум менен жакшы мамиледебиз. Ата-энем аны баласы катары кабыл алышты, анткени үй-бүлөдө 2 эле кызбыз. Даниэл ата жана күйөө катары жоопкерчиликтүү болууга аракет кылат. Үйдөгү жумуштарды жасоого жардам берет, тамак жасаганды жакшы көрөт.

– Футболчунун жубайы болуу сиз үчүн...
– «Футболчулардын жубайлары» аттуу клубга кошулдум. Футболчунун жубайы болуу бул машыгуу сборлоруна кеткенде сагынуу, жаракаттарына чогуу кайгыруу жана чогуу дарылатуу экен. Футболду жакшы көрөсүңбү же жокпу, баары бир футбол сени менен дайыма чогуу. Футбол эми сыналгыда, ноутбукта, телефондо, жадакалса оюбуздун баарын ээлеген (күлүп).

 

КЫЛЫЧ САРБАГИШЕВ + ОЛЬГА ХАНИНА
Эки волейболчу, эки капитан. Бул түгөйдү волейбол табыштырган. Алгач эки оюнчу эки башка командада ойношчу. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин, тагыраагы, 2011-жылы Кылыч Сарбагишев да, Ольга Ханина да Кыргызстандын эң күчтүү делген командасы «Салам-Аликке» чакырылат. Кылыч бат эле эркектер командасынын лидерине айланса, Ольга кыз-келиндер командасында ордун табат. Эки спортчу дал ушул убакта таанышып, мамиле кура башташат. Бир нече убакыттан соң волейболчулар өз командаларынын мыкты оюнчусу аталып, кызыгы, экөө тең команда капитаны болушат. Бул убакта эки спортчу ийгиликке чогуу кадам ташташкан. Алсак, өлкө чемпиону аталып, улуттук курамдын оюнчулары
болуп чыга келишет. Волейболго болгон кызыгуу менен жашоосундагы чоң сүйүүгө кабылган бул жуп 2013-жылы баш кошушкан.

 

АНТОН ЗЕМЛЯНУХИН + ЮЛИАННА МОРОЗОВА
Бири мыкты футболчу, экинчиси мыкты волейбол чебери. Бул Землянухиндер үй- бүлөсү. Антон Землянухин футбол боюнча улуттук курама команданын жана «Сисакет» (Таиланд) клубунун жарым коргоочусу, ал эми анын жубайы Юлианна Морозова волейбол боюнча «Дордой-Намыс» командасынын оюнчусу.
Антон 2015-жылы «Кыргызстандын мыкты футболчусу» наамынататыса, Юлианна «Өлкөнүн мыкты волейболчусу» аталган. Бул үй-бүлө кыргыз спортундагы эң атактуу спорт түгөйлөрүн толуктап келет. Үй-бүлөсү тууралуу Юлианна буларды айтып берди:
– 2005-жылы Москвада Шериктештик оюндары өтүп, ага Кыргызстандын футболчулары, волейболчулары жана жеңил атлетчилери катышкан. Мен волейбол курамы менен барсам, Антон футболчулардын катарында эле. Биз ошол кезде таанышканбыз. Бир топ жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Азыр бири-бирибизди оюн алдында колдоп турабыз. Мисалы, Антонго оюн алдында «сен мыктысың» деген СМС-билдирүүлөрдү жиберип турам. Ал да убактысы болгондо менин оюндарыма катышып турат. Иордания менен болгон оюнда Антондун гол киргизгени дагы деле эсимде. Аны футбол талаасында командалаштары, мени болсо жанымдагы күйөрмандар куттуктап жатышты. Ошондо стадион жарылып кете жаздаган, бул менин жолдошум экендигин сезип, сыймыктангам. Атасы кызыбыз Нелядан да спортчу чыгат деген ишенимде.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
tashi62
2016-05-02 19:29:50
Урматтуу супер инфо жээнимдин сүрөтүн чыгаргылачы.
+2
nurzhaz
2016-05-03 13:16:01
tashi62,туура айтасын ошолордун кызык коргум келип жатат аябай
0
ruslankg
2016-05-02 23:05:29
Землянухинди сыйлайм
+2
arzuuu
2016-05-03 00:25:23
Жакындале уйлонду эле октябрда тего. Бат эле кыз жаратып салышканго. Ты не поверишь!
+2
Asema06
2016-05-03 00:42:31
Элина Абай кызындай кыз болсом кана. Акылдуу, жонокой, и сулуу.
0
munduz2016
2016-05-03 18:45:56
Бактылуу болушсун,ийгилик жарата беришсин!
+1
89elnura89
2016-05-03 22:36:37
Супер инфо фудболчу Азаматтын экинчи аялы Анарадан да интервью албайсынарбы?
-1
admin_superstan
2016-05-04 10:59:35
89elnura89, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
flow23
2016-05-03 23:31:01
Кытай менен турк жезделер кобойгону аз келгенсип, африкалыктарга кезек келдиби?
0
Stella_23
2016-05-04 02:26:27
Суйуу улутка карабайт!!! Бактылуу болушсун баары тен. Кудай таразалайт баарын, оозум бар деп оттой берген болбойт. Биз кимбиз бироонун жашоосун соз кылганга. Адамдар майдычыл болуп, ушакты аялдан ашып эркектер айта турган заманда жашап жатабыз го...
+4
Bahtigul1601
2016-05-04 16:50:00
1601 Туура айтасын 23 сойкулук кылбай уй булоо куруп нмке мн кадимкидей жашап жаткан адамдын да жанын койбобуз чиркин.
+3
secretik
2016-05-04 23:04:06
Теголор мурунку санында да чыгып жакшыле комментарий жазган элем 10кун банга кетип эми чыкбадымбы.
+4
89elnura89
2016-05-06 11:59:56
secretik ТЕГО деп комментарии жазбас болгон окшойсун
0
balzak
2016-05-06 11:21:57
Кумар Жалиев менен Элина Абай кызы бирге болгону аябай кубандырат, коптон бери эле биргесинер- суйуунор тойго, тоюнар балалуу-чакалуу болгонго жеткирсин, азаматсынар!!!
0
Sajakat14
2016-05-06 12:39:20
Баары бактылуу болушсун!
+1
NB7
2016-05-06 13:14:42
Бакыт тилейли!!!
+1
ATLETICO
2016-05-08 16:09:57
"Футболчунун жубайы болуу бул машыгуу сборлоруна кеткенде сагынуу" каягын сагынат экен?)))
+1
admin_superstan
2016-05-09 10:48:10
Rednalf, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө, мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан