SUPER.KG’ден "Күнсереп". БИЙЛИК КЫЛМЫШКЕР БАТУКАЕВДЕН ЧУЧУК СУРАДЫ

SUPER.KG порталында “Күнсереп” рубрикасы өз ишин баштап, күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

13-апрель:
БАБАНОВ ОППОЗИЦИЯ КАТАРЫ ӨКМӨТТҮ “КАМЧЫЛОО” УКУГУНАН АЙРЫЛДЫ

Премьер-министр бир добуштан шайланды, жыйында отурган 115 депутаттын баары "макул" деп добуш беришти.
Башында парламентте бийликти "тепкилеп" жаткан Өмүрбек Бабановдун да дымагы өчтү... Бабанов жетектеген "Республика-Ата Журт" фракциясы бүгүн премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп, олуттуу маселеге келгенде баары бир бийликтин сызыгынан чыга албай турганын тастыктады. Оппозициялык фракциялар көпчүлүк коалициянын чечимин колдобосун деген мыйзамдык чектөө деле жок... Бирок моралдык жактан караганда парламентте "Республика-Ата Журттун" чыныгы оппозициялык күч катары калышы коомчулукка пайдалуураак болмок. Азыркы учурда оппозициялык деген расмий аталышы эле болбосо, иш жүзүндө бийликтин көз карашына жараша "дем алары" айкындалып баратат... Жогору жактагылар "кислородун бууп" коюшу мүмкүн экенин байкаган өңдүү...
Сооронбай Жээнбеков эртең премьер-министр катары өлкөнү туңгуюкка сүйрөп жөнөсө, оппозициячыл Бабанов аны ашкерелеп, "токтот!" деп бийликти кокодон ала алабы? Жок. Антүүгө моралдык укугу калбады, тили кыскарды... Анткени аны премьерлик креслого отургузууга көтөрүп баргандардын бири өзү... Жогорку Кеңеш дээрлик оппозициясыз иштей тургансып калды. Убагында оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев парламенттен президент Бакиевди "Жигит болсоң асынып ал!" деп сындагандай, азыркы бийликтин шаштысын кетире сындай турганы ким? Шайлоо алдында Бабановго ыйламсырап ант берип, анын артынан мандатка жеткен депутаттарбы? Парламенттик башкаруунун очогу – Жогорку Кеңеште чындыкты айтчулар жоголуп, тагдыр чечүүчү учурда баары бийликтин кемесине түшө качышса, анда көп партиялуулук менен КСДПнын бакиевдик "Ак жолдон" эмне айырмасы калды?! Бийликтин жаңы өкмөтүн мындан ары ким камчылап, ким тизгиндеп турары табышмак. Видеокамера, микрофон үчүн айтылган формалдуу, кооз, жасалма сындарды эске албаганда...

14-апрель:
БИЙЛИК КЫЛМЫШКЕР БАТУКАЕВДЕН ЧУЧУК СУРАДЫ

Өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаева парламентте жылдык иши тууралуу отчёт берди. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып башкы прокурор криминалдык дүйнөнүн өкүлү Азиз Батукаевдин жагдайына токтолду. Жолдубаева Батукаев жилик чучугунун үлгүсүн Башкы прокуратурага бербей койгонун айтып, анын анализдерин алмаштыруу фактысын изилдөө үчүн Батукаевдин жилик чучугу сөзсүз керектигин билдирди. Бийлик түштөн кийин ойгонуп, Батукаевдин чучугун сураганы күлкүнү келтирет. Аны түрмөдөн бошотуп, өлкөдөн чыгарып жатканда азыркы чучук сурагычтар кайда эле? Эгерде анын качырылышын бийлик башындагылар чын эле билбей калышса, эмне үчүн жалган маалыматтарды айтып өлкөдөн чыгарып жибергендерди жазага тартпайт? "Качырууга катышты" делгендердин баары өлкөнүн ичинде эле жүрүшпөйбү... "Батукаевди качырууга бийлик башындагылар өздөрү кызыкдар болушкан" деген сөздөр ушундай жагдайларда күчүнө кирет...

15-апрель:
ДЕПУТАТТАР КЫЗМАТТЫК УНААДАН БАШ ТАРТЫШКАНЫН МИЛДЕТ КЫЛУУГА ӨТҮШТҮ

Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтык унаадан баш тартышканын милдет кылууга өтүштү. Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысынын кызматтык унаада жүргөнүн сындап, депутаттар жөө жүргөндө анын бекер унаада жүрүшүнө жол берилбеши керектигин айтты.
Негизи, азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын артыкчылыктардан баш тартуусу ызы-чуу менен коштолгон. Шайлоо алдында "бизге артыкчылыктын кереги жок" деп убада беришкен КСДПнын депутаттары баш болуп кол тийбестик, даяр үй, кызматтык унаадан айрылып калбоого жан талашышты. Бирок акыры уялышты окшойт, унаадан толук түрдө, кызматтык батирден жарым-жартылай баш тартышканы белгилүү.
Бүгүнкү күндө бекер батирде жашаган 17 депутаттын 14ү бийликтеги КСДПнын депутаттары экени жакында жарыяланып, коомчулук муну КСДПнын шайлоо алдындагы убадасына турбаганы катары сындады.
Жарым жыл мурун "Жогорку Кеңешке шайлансак чыгымды кыскартабыз" деп күпүлдөгөн партиянын депутаттарынын жоон тобу бүгүн кызматтык батирди ээлеп отурушат. Жөнөкөй убадасын аткара албаган партиянын башка ири убадаларга күчү жетери күмөн. Бул элди, өзүнүн шайлоочуларын сыйлабастык...

18-апрель:
СПИКЕРЛИК КРЕСЛОНУ ТӨРӨБАЕВ МЕНЕН ИСАЕВ ТАЛАШМАЙ БОЛДУ

Коалициялык көпчүлүк жалгыз талапкер көрсөтүүгө катуу аракет кылымыш болду. Окуянын жүрүшү КСДПнын оюну жүрүп жаткандай көрүнүүдө. Эки талапкерди бири-бирине тирештирип коюп, жыйынтыгында башка, амбициясы азыраак үчүнчү талапкерди чыгаруу жолун карап жаткандай. Талапкер экөө болсо, экөө тең жетиштүү добуш ала албай калышы мүмкүн. Мындай жүрүш менен жаңы талапкер алып чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ал талапкер Чыныбай Турсунбеков болушу толук мүмкүн.
КСДПнын депутаты Жанар Акаев эки талапкердин бирин тандоо аракетине депутаттар каршы болуп жатканына "далил" болуп берди. "Саясий атаандаштык, программалардын талаш-тартышы деген жоголуп баратат. Эми бул ирет Бакыт Төрөбаевди спикерлик орунга талапкерлигин шайлоого чейин эле жоготуп, жалгыз талапкер чыгаргысы келгендер жок эмес, бул туура эмес",- дейт депутат.
Мындай оюнду бүгүн "Ата Мекен" фракциясы да ийгиликтүү аткарды. "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин карап, экөөнүн кимиси татыктуу дегенде фракциядагы 10 депутаттын бешөөсү Исаевге добуш берсе, бешөөсү Төрөбаевди көрсөттү. Ал эми "жыйынга катышкан жок" деп депутат Аида Салянованын добушун атайын эсептебей коюшту. Ошентип, добушту 5:5 кылып бөлүү менен палатага экөөнү тең сунуштоо чечимин чыгарып берди. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев экөө тең татыктуу экенин, спикерликке кимисин шайлоону депутаттар өздөрү чечиши керектигин айтты.

19-апрель:
ЖЫРГАЛ ЖАШОО 2020-ЖЫЛГА ЖЫЛДЫРЫЛДЫ

Жогорку Кеңеш мурунку чакырылыштын депутаттары кабыл алган мыйзамдарды оңдоо менен убара. Жакында гана кабыл алынып, сыясы кургай элек мыйзамдарды "жараксыз" деп таап жатышат. Демек, акыркы жылдары мамлекеттин мыйзамдык базасы чийки документтер менен толтурулуп келгени көрүнүүдө.
Сөздү ошондой "төрөлбөй жатып өлгөн" мыйзамдардын биринин мисалында уланталы... ИИМ автокырсыктардын 80-90 пайызына тамырлашып кеткен коррупцияны эмес, оң рулдуу автоунааларды күнөөлөп кыйкырып жүрүп, акыры парламент андай унааларды такси катары колдонууга 2016-жылдан тарта тыюу салып тынган. Коомчулуктун "Оң рулдуу автоунаалары менен иштеп, үй-бүлөсүн багып жүргөндөр жумушсуз калышабы? Жолдогу кырсыктарды азайтуу үчүн ириде паракорчулукту, мыйзамдар баарына бирдей иштебеген системди оңдоо керек" деген үнүнө көңүл бөлүнгөн эмес.
Бирок жыл айланбай иштеп жарытпай турган мыйзам кабыл алынганын Жогорку Кеңеш моюнга алууга аргасыз болду, анткени элдин нан таап жанын бага турган булактары көп эмес, саналуу гана. Ошолордун бири – Япониядан салыштырмалуу түрдө арзан баада келген, чыгарылган жылы жаңы, оң рулдуу автоунааларын пайдаланып жан багуу. Каржылык каатчылык, Орусияда иштеп жаткан мигранттардан келүүчү акча которуулар кескин азайган маалда бүгүнкү парламент "эл даяр эмес экен, мыйзам эртерээк кабыл алынып калыптыр" деп документти 2020-жылдан тарта күчүнө киргизүү чечимин кабыл алды. 2020-жылы эл жыргап кетеби же мындан жаман абалга түшөбү, ал кийинки чакырылыштын баш оорусу болот...

20-апрель:
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ “КОЖОЮН” ШАЙЛАНБАЙ КАЛДЫ

Жогорку Кеңештин спикери шайланбай калды... Төрагалыкка талапкер Бакыт Төрөбаев менен Канатбек Исаев туптуура 51:51ден добуш алышты. Спикерликке шайланууга керектүү 61 добушту эч кимиси алган жок, атүгүл экинчи турга өтүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылышты. Эгерде бирөөсү 1 добуш ашыкча алганда "атаандашынан көбүрөөк добуш алды" деп экинчи турга өтмөк да, кайра добуш берүү болмок. Андайда жалгыз талапкердин спикер болуп шайлануусуна жакшы "шанс" түзүлмөк. Андайга зарылчылык жаралбады... Дымагы күчтүү эки талапкер боюнча добуштардын тең экиге бөлүнүп калышы бийлик ээлеринин баш оорусун жеңилдетти...
Спикерлик – катардагы кызматтык бош орун эмес, андыктан креслону КСДПнын башкаларга жөн эле кармата бериши кыйыныраак. Парламентти баары бир бийликтин "өзүнүн" кишиси же өзүнө ыңгайлуу бирөө башкармак, иш жүзүндө ошого жакындап баратат. Асылбек Жээнбеков спикерликтен кеткенден кийин ордуна Чыныбай Турсунбеков шайланары айтыла баштап, бирок талапкер делинип ортодон Төрөбаев менен Исаев чыга келди. Мындай жүрүштү бийликтин коалиция ичиндеги амбициясы күчтүү лидерлерди "асмандан жерге түшүрүү" аракети деп баалоого мүмкүн. Сунушталган эки талапкер "жетиштүү добуш албады" аталып жолду бошотту, эми бийликчил партия "мен" деп жулкунбаган, бирок бийликке ишенимдүү жоокер болуп берчү бирөөнү спикерликке дайындоого киришет.

21-апрель:
ТУРГАНБАЕВ ЖАСАГАН “РЕФОРМАСЫ” ЧИЙКИ ЭКЕНИН 1 АЙГА ЖЕТПЕЙ МОЮНГА АЛДЫ

Бишкек шаарында патрулдук милициянын ишине автоунаа жетишпей жатат... Мындай пикирди бүгүн ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирип, жол кыймылын көзөмөлдөөгө бир нөөмөттө 30 гана автоунаа чыгып жатканын айтты. Патрулдук милиция башкармалыгы 3 нөөмөт менен иштеп, балансында болгону 120 автоунаа бар. Министр автоунаа гана эмес, инспекторлорго видеокамера да жетишпей жатканын белгиледи. Муну менен министр өзү баштаган реформанын чийки экенин моюнга алды. Ишти жетиштүү даярдыгы жок баштап жиберип, эми улам бир кесепети көрүнүп жатат. Атүгүл реформанын негизги рычагы – көчөлөр видеокамералар менен жабдылган эмес. Долбоорго ылайык, милиция көрбөгөнүн көчөлөрдөгү видеокамера тартып калып, камерага түшпөгөнүн көчөнү кыдырган милиция кармашы керек эле. Азыркы учурда анысы да, мунусу да жок... Болгону "реформа" деп кыйкырган жалгыз Турганбаев жүрөт. Министр бүгүн патрулдук милиция иштей баштаганы колго түшкөн мас айдоочулар көбөйгөнүн айтты. Кызык... Мастардын колго түшүшү көбөйдүбү же МАИ кызматы жоюлду деп ичип алып рулга отургандар көбөйүп кеттиби?


22-апрель:
САЯСИЙ ОЮНДАР КОАЛИЦИЯДАГЫ ПАРТИЯЛАРДЫН ТҮБҮНӨ ЖЕТЕТ

Жогорку Кеңештин спикерлигине Чыныбай Турсунбеков талапкер болуп чыгат... Парламенттеги КСДП фракциясы бүгүн ушундай чечимге келди. Турсунбековдун талапкерлигин "Республика-Ата Журт", "Бир бол", "Ата Мекен" фракциялары дагы колдой турганын билдиришти. Турсунбековдун эки чакырылышта тең депутат болгонун, андыктан спикер болууга тажрыйбасы жетиштүү экенин айтты Өмүрбек Текебаев.
Тажрыйбасы жетиштүү бирөө спикер болушу керек болсо, анда Чиркешович эмнеге өзү барбайт спикерликке? Президенттик шайлоого чейин артынан сөз, сын ээрчитпей таза сакталууну ойлонуп жатабы? Чын эле өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн күйсө, бизнестен чыккан Турсунбеков, Төрөбаев, Исаевдерге караганда 25 жылдык депутаттык тажрыйбасы менен Жогорку Кеңешти жетектеп, өлкөнү чыныгы парламенттик башкаруудагы өнүгүүгө жеткирүүгө өзү аракет кылганы туура болмок. Балким, бүгүнкү спикерликтен эртеңки президенттик артык, келечектүү көрүнүп жатабы?
Учурда саясатта болуп жаткан окуялар "Атайылап спикерликке КСДПнын кадрын түртүп жатышабы?" деген ойду жаратат. Анткени эртең президенттик шайлоодо "бийликти бүт ээлеп алышты" деп жоопкерчиликти жалгыз Атамбаевдин партиясына түртүп салууга болот. Мындай кылуу Бабановго да, Текебаевге да ыңгайлуу. Анткени президенттик шайлоого катышуу дымагы экөөндө тең бар. Азыркыдай кризисте элдин жашоосу жарым жыл аралыгында эле азыркыдан жакшырып кетпейт. Тескерисинче, мындан да начар абалга түшүшү мүмкүн. Ошондо КСДПга атаандашып чыккан талапкерлер "мына, бийликтин баарын кучактап отурган КСДП жыргатпады" деп жоопкерчиликти бийликчил партияга оодара салуулары ыктымал.
Жоопкерчиликти жалгыз КСДПга оодара салуу саясий оюну шайлоодо жардам бербей турганына мурдагы коалицияда жүрүп жоопкерчиликтен ар дайым качып келген "Ар-намыс" менен "Ата Мекендин" акыркы шайлоодогу "ийгиликтери" даана далил болуп берди. Муну азыркы коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар эске бекем түйүп алуулары зарыл...
Негизи, ар бир өкмөттү шайлоодо коалициядагы фракциялар эле эмес, оппозициялык фракциялар дагы 100 пайыз колдоп келишет. Демек, өкмөттүн ишинде орун алган кемчилик, катачылыктарга коалиция да, оппозициянын терисин жамынган "Республика-Ата Журт" менен "Бир бол" да түздөн-түз жоопкер. Жоопкерчиликти өздөрү сезишпесе, эл сездирүүгө аргасыз болот.

25-апрель:
БИШКЕКТИН ЖОЛДОРУ ГАНА ЭМЕС, ДАРАКТАРЫ ДА ЖАРАКТАН ЧЫГУУДА

Бишкекте дарак кулап, автоунааны басып калды. Кырсык шаардын Гоголь жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Куураган дарактын кулашынан автоунаа жараксыз абалга келди. Борбор шаарда бир ай мурун дарактын кулашынан бир адам каза тапкан эле. Андан эки күн өтпөй сейил бактардын биринен дагы бир дарак жыгылып, бир адам жабыркаганы белгилүү. Чириген дарактар адатта катуу шамалдан, жаан-чачындан улам күч келип кулайт. Акыркы күндөрү жөн эле турган жеринен кулап түшүүдө. Жогорудагы адам өлүмү менен коштолгон кырсыктан кийин Бишкек мэриясы чочуп ойгонуп, шаардагы дарактарды тез арада текшерип чыгып, адам өмүрүнө коркунуч жараткандарын кыюу тапшырмасын берген.
"Жашылдандыруу" ишканасынын билдиришинче, Бишкек шаарында адам өмүрүнө коркунуч жараткан 2936 дарак бар (2016-жылдын 20-апрелине чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы). Мунун 1018и мектеп жана бала бакчалардын жанында жайгашкан. 1062 дарак толугу менен, 420 дарак жарымынан кыйылышы керек. Ушул коркунучтуу 3 миңдей дарактын учурда 160ы гана кыйылганы жатканы кабарланды. Калганын кыюуга тийиштүү документтер даярдала элек экен. Алардын качан кулап түшөрү, дагы канча өмүр кыйылары белгисиз.

26-апрель:
ПРЕЗИДЕНТТИКТИ МЭЭЛЕГЕНДЕР КСДПНЫ ЖАРГА ТҮРТҮП ЖАТЫШАБЫ?

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети спикерликке Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин жактырды. Бийликтин талапкери комитеттен үн-сөзсүз, көз ачып-жумганча колдоо тапты. Спикерликке талапкер эртең палатага чыгарылат.
Коалициянын атынан сунушталып, мына-мына кызматка отурат делип жатканына карабай Турсунбековдун спикер болуп шайланарына бекем ишенүүгө эртерээк. Бийликтин партиясы бараткан багытын саналуу сааттын ичинде 180 градуска өзгөртүшү мүмкүн. Оппозиционер Атамбаевдин 2010-жылкы бийликти алмаштырууга чейин кийип жүргөн "эски чокою" учурда президент Атамбаевдин маңдайында илинүү. Спикер шайлоодогу негизги тоскоолдук да ушул... Эгерде президент Коконду башкарган Шералы хандын кейпин кийип, тегерегиндеги адамдардын акылы менен өзүнүн эски чокоюн үзө чаптырса, анда иши кыйындады дегендик... Анын үстүнө спикерликке талапкер чыгаруу боюнча коалициянын, анын негизги локомотиви КСДПнын чечимине коомчулуктун пикири айкын болду. Бийликтин узурпацияланып жатышы тууралуу айыптоолор туш-туштан жамгырдай жаап жатканы чындык. Бакиевдин атактуу "Ак жолунун" ордун азыркы КСДП басканы, мындай жүрүшүн токтотпосо, жакында бийлик башындагылар "жардан учары" айтылып, жазылууда. Ушундай сигналды КСДПнын тоготпостук кылышы же жөн эле бирөөлөрдүн күчтүү чабуулуна өзүн салып бериши мүмкүн эмес...
Азыркы атамбаевдик партия алып жаткан жоопкерчиликти убагында бакиевдик "Ак жол" дагы алган. Ал жоопкерчиликти Бакиевден эл кантип сурап алганы белгилүү, 2010-жылкы революция мунун айкын далили.

27-апрель:
ХАН ОРДОДО ШЕРАЛЫНЫН ЧОКОЮ КӨРҮНБӨЙТ

Депутаттардын 88 добушу менен Чыныбай Турсунбеков эки апта бою ээсиз турган Жогорку Кеңештин төрүнө отурду. Бактысын сыноо үчүн КСДПга атаандаш болуп жарышка чыккан "Өнүгүү-Прогресстин" талапкери Исхак Масалиев 26 гана добуш алып, сенсация жарата алган жок.
КСДП президенттикти, премьер-министрликти, эми спикерликти ээледи. Бийликтин узурпацияланышы, эски бакиевдик режимдин кайрадан орношуна карата айтылган сындар кулак сыртынан кетти. Бийликтин бардык рычагынын бир адамда болушу жыргатпай турганына көз жеткенде 2005-жылы акаевдик, 2010-жылы бакиевдик режим кулатылган. Бүгүн мамлекетте толук бир партиялык режим орноду. Бийликтин бардык бутактарынын бир партияга топтолуусуна президент жол бербеши керек эле. 2010-жылкы бийлик алмаштырууда "бийлик мындан ары бир кишинин колунда болбойт" дегендердин ана башчысы болгон Текебаев бийликти өз колу менен "революциялаш" досуна өткөрүп берип, анысын кемчилик катары моюнга алгысы келбеди. Кашкайып турган чындыкты башка өңүттөн карап, КСДПнын колуна бийликтин тизгини эмес, жоопкерчилик берилип жатканын айтып актанды.
2010-жылы Ак үйгө илинген "эски чокойду" азыркы бийлик акыры үзө чапкандай сыяктанат.

www.super.kg
Фотолор интернеттен алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан