ИЗДЕЙМ СЕНИ

"КЫЗЫМДЫН АТАСЫН ИЗДЕЙМ”
– Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну, 1990-жылы 25-июнда туулган Фархат Бахрамовду издейм. 2012-жылдан бери дайыны жок. Андан бери кызыбыз Сумая 3 жашка чыгып калды. Көрүп-билгендер болсо кабарлап коюңуздар.

Айгүл. Тел.: +79122458720

“ТАЙПАЛАШЫМ САЖИРА, БАЙЛАНЫШ”
– 1987-жылы Бишкектеги Айыл чарба техникумун чогуу аяктаган Сажира Райымбекованы издейм. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы Казыбек көчөсүнүн 8-үйүндө жашачу. Окууну бүткөнү көрүшө элекпиз. Азыр тайпалаштар жолугуп турабыз. Сажира, окуп калсаң кабарлаш. Тайпалашың Уулбүбү (Уля) Айтугулова.

Тел.: 0558 22 04 62, 0771 62 21 62

“КАЙДАСЫНАР, КЛАССТАШТАРЫМ?
– 1978-жылы Бишкек шаарындагы №5-мектепти аяктаган классташтарыбызды издейбиз. Алар: Салия Эрибаева, Самат Байдөөлөтов, Кандалат Атаханова, Айгүл Кубаталиева, Айгүл Жумадылова, Болот Орозобаков, Кенжегүл Молдобаева, Талант Бейшекеев, Таалай Абдыбеков, Айбек Кулматов, Курманбек Жунушов. Окуп калсаңар байланышкыла, силерди классташтарыңар издейт.

Тел.: 0707 31 26 56, 0705 15 01 61

“ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨ БИР ПАЛАТАДА ЖАТКАН КАНЫКЕЙДИ ИЗДЕЙМ"

– Нарын облусуна караштуу Нарын районунун 8-Март айылынын тургуну Каныкей Осмоналиеваны издейм. Ал экөөбүз 1982-жылы 22-январда Нарын шаарындагы төрөт үйүндө бир палатада чогуу жатканбыз. Ал кезде Каныкей 16 жашта болчу, кыз төрөгөн. “Нарын шаарындагы Кесиптик-техникалык окуу жайлардын биринде окуйм” деген. Ошол жылы төрөлгөн балдарыбыз азыр 34 жашка чыгышты. Каныкей, сени көптөн бери издеп жүрөм. Эгерде гезит бетинен окуп калсаң, мага байланышып койчу. Сени издеген Гүлмайрам Ибраимова.

Тел.: 0555 53 18 53Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш. Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан