34 ЖАШТАГЫ ЖАРАН ӨЗҮН ТОНОГОН АДАМДАРДЫН БИРИН САБАП ӨЛТҮРҮП АЛДЫ

Өткөн аптада “Ош базарынын” жанындагы көчөлөрдүн биринен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Адам өмүрү кыйылган бул окуя эмнеден улам келип чыккандыгын алдыда кеп кылабыз.

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
Үстүбүздөгү жылдын 20-апрель күнү саат 06:45 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май
РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө борбор калаанын Ак-Муз көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанында эркек адамдын өлүгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган Биринчи Май РИИБинин ыкчам иликтөө тобу 35-40 жаштардагы азиат түспөлүндөгү адамдын канга боёлуп жаткан жансыз денесин көрүшкөн. Маркумдун денесиндеги жаракаттардан улам ал киши колдуу болуп каза тапкандыгы байкалган. Бул окуя боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча маркумдун өлүмүнө башынан, ичинен алган жаракаттары, боору үзүлгөнү жана кансыроо себеп болгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында маркумдун ким экендиги такталып, ал Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында 1977-жылы төрөлгөн Рустамбек Тажибаев экендиги билинген. Көп узабай акыркы убакта анын жанында чогуу жүргөн шериктери: Ош облусунда 1981-жылы туулган Жанарбек Асанбаев, Жалал-Абад облусунда 1977-жылы туулган Мирбек Булдуров жана 1986-жылы Чүй облусунда туулган Зульфия Кадыркулова кармалып, суракка алынган соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“АРАККА АКЧА ТАППАЙ, КӨЧӨДӨН БИРӨӨНҮ ТОНОГОН ЭЛЕК”

Маркумдун шериктери сурак учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө беришкен:
– 19-апрелден 20-апрелге караган түнү “Ош базарынын” жанынан Рустамбек менен чогуу спирт ичимдиктерин ичкенбиз. Акырында баарыбызда тең акча калбай калды. Ал учурда түнкү саат 2лер чамасы эле. Анан бирөө-жарымды тономокчу болдук. Ошентип турсак көчөдө бейтааныш адам келе жатыптыр, анын капчыгын жана уюлдук телефонун тартып алып качып кеттик. Рустамбек да качып кетти деп ойлогонбуз. Капчыктын ичинде 120 сом бар экен. Ал эми уюлдук телефонду бир дүкөнгө 300 сомго сатып, акчасына кайра арак алып ичтик.

“АЧУУМ МЕНЕН САБАП САЛГАМ”

Алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде милиция кызматкерлери тартып алынган уюлдук телефондун кайсы дүкөнгө сатылганын аныкташкан. Анын жыйынтыгында маркум Рустамбек Тажибаевди өлтүрүүгө шектелип Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын 1983-жылы туулган Жылдызбек Аттокуров аттуу тургуну кармалган. Ал тергөө учурунда бул окуяга кандайча баргандыгы тууралуу төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Ошол күнү мен да спирт ичимдигин ичкен болчумун. Үйгө кетейин деп жолдо баратсам алдыман 3 киши чыгып мени уруп-согуп, капчыгымды жана уюлдук телефонумду тартып алып качып жөнөштү. Ачуум менен артынан кууп барып бирөөсүн кармап алдым. Өзүмдү токтото албай аны ошол жерден сабап, жерге кулап калганда үстүнө чыгып секирдим да кетип калгам. Анын өлүп калганын билген эмесмин.


ОКУЯ БОЮНЧА 2 КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин орун басары Марлис Асанов кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертизалардын жыйынтыгында маркумдун киши колдуу болуп каза тапкандыгы аныкталган. Мындан тышкары анын өздүгүн аныктоо максатында бармак издери алынган эле. Маркум тирүү кезинде 2 жолу Бишкек шаарындагы Ленин РИИБине алып келинип, колдорунун изи алынган экен. Ошонун жардамы менен маркумдун аты-жөнү такталып, ал 39 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну экени белгилүү болду. Ал мурда “уурулук” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, соттолгон. Ошондой эле анын Бишкек шаарында ар кандай жалданма иштерди жасап жүргөндүгү жана туруктуу жашаган жери жок экендиги аныкталды.

Бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, акыркы учурда маркумдун жанында жүргөн 2 шериги жана 1 келин кармалып, суракка алынган. Сурак учурунда жаңы жагдайлар билинип, алардын көрсөтмөсүнүн негизинде маркумду өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Ошондой эле маркумдун шериктеринин үстүнөн да «тоноо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда алардын иши боюнча да тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул окуяда адам өлтүрүүгө шектелген жарандын кылганын туура же туура эмес деп айтыш оор. Балким, ажал коштогон кандуу окуяга ал өзүн тонобогондо кириптер болбойт беле деген да ой кетет. Эң өкүнүчтүүсү, ачуу, мастыктын айынан бир өмүр кыйылды.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
88inara88
2016-05-03 03:54:42
Тонобой кал,жок жерден бир адамды олуп баратыпда жон кетпей камака тыгып кетиптир,тонобогондо уйундо жатмак ошол адам бекеринен жебеген самсасына акча толоп олтурат,конечно уратда анан 120 минин алып кетип жатса,башын сыламак беле,эмне болсода Аллах баарыбызды куруу доматтан,кырсыктан озу сактасын.
+6
D.Uezalieva
2016-05-03 05:47:00
120 мин болсо жакшы го,болбогон акча менен арактын айынан болуптур да.Эмне дейсин?!Ынсап,сабыр берсин баарыбызга.
+1
Inna_91
2016-05-03 14:10:15
120 мин эмес 120 сом эле
+3
flow23
2016-05-03 15:03:21
Туура кылган, озунун намысын коргойт да
+1
Stella_23
2016-05-04 02:36:55
Эмнеге адамдар таш боорсунар, ырас болуптур деп табалап. Адамдын жашоосун чымчыкча да корбойсунор го, уруу, аракеч болсо да баары бир "адам"го.Тиги намысын "120 сом "учун коргогон байкуш , темир торго кетет. Бул окуя окунчтуу эмеспи, аракечтер тоносо, кокустан олтуруп алып турмого тушсо(арактын айынан). Бул ыйлай турган абал.120 мин сомду кочого ким алып чыкмак эле?
+1
Wave.
2016-05-04 09:38:52
Stella_23,

120,000 эмес. Болгону 120 эле сом.
+3
Stella_23
2016-05-04 16:24:08
Wave., билем 120 сом экенин, башка туура эмес тушунуп алган адамдардан сурап жатам.120 мин сомду ким кочого алып чыкмак эле деп.
+1
Nora
2016-05-04 17:18:44
kudai saktaa, Jyldyzbekti ozun ozu korgoim dep yzaalanyp ushul ishke beryp koidu any sottobosh kerek dep oiloim, antkeni al ataiyn jasagan jok, bir tyiyn bolso dagy, biroo alyp koigongo ech kimdin ukugu jok ta, al emmi telefon dagy jok degende 2000-3000 som tursa kerek, yzalangancha bar da. Eger sot Jyldyzbekti jok jerden kamap salsa, anda Kyrgyzstan bir jakshy jaranyn jok jerden jaman jolgo salyp tagdyryna balta chapkan dep esepteer elem.
+1
Nora
2016-05-04 17:23:02
Supper info silerden suranych, ushul ishtin kandai butkonun bizge jaryialap koisonuzdar jakshy bolmok, egerde sottolup kete turgan bolso anda biz internet koldonuuchular kop tukurso kol bolot demekchi, Jyldyzbekti muzdak turmodon suurup chykkanga jardam kylat degen ishenichtemin.
0
admin_superstan
2016-05-05 10:29:42
Nora, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Bahtigul1601
2016-05-04 17:34:59
1601 эх адамдар рас болуптур дейсинер.Эки адамдын тагдыры бироо адам канынын азабын тартса бироо жарык дуйно мн коштошуп жатат. Ушубу сага рас болгону.мен да адамды чымынча корбой жазыпсын.
+2
fanatka19
2016-05-04 20:49:05
Камалбасын өзүн өзү коргогон да.120 сомбу,1сомбу сени тоногонго эч кимдин акысы жок.
+6
Sizge.kat
2016-05-05 10:52:39
Жатып олгучо атып ол деген бар го туура кылыпты озунун буюмдарын алдыргыча коргону жакшы болгону кырсык
+1
sveet
2016-05-05 13:04:57
birinen biri ototko.
0
Beka.kaba
2016-05-07 01:31:35
балким ким билет.тиги учоо акчасы менен соткасын алып качпай сабай бергенде жылдызбек олуп калмак.жылдызбек жон гана озун коргогон.жылдызбекти соттогондон коро.тоногонго кошулган учону соттош керек.балким жылдызбектин ордуна кыз болгондо тепки же тонолуп калып калмак да
0
portugalia
2016-05-07 13:32:43
Тоноп да жон калбай тонолгон кишинин да атын булгашыптыр.
+1
Nora
2016-05-08 22:44:23
Menin Jyldyzbekke ittei boorum oorup atat, al emmi jok jerden ele turmogo oturup kalaby? anyn adam olturom degen oiunda tushundo da jok bolso kerek ele.
0
Komrad
2016-07-25 20:53:14
Качкандар досун таштабай ала кетсе болмок экен.
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан