ГОЛГО ЖАРДЫ ЖАРЫМ ФИНАЛДАР

УЕФА Чемпиондор Лигасында чечүүчү беттештер уланып жаткан кез. Анда биринчи жарым финалдык оюндар болуп өтүп, командалар кызыктуу беттештерди тартуулашты. 26-апрелде Манчестер шаарында жергиликтүү “Манчестер Сити” мадриддик “Реалды” тосуп алды. Бул беттешке “актардын” лидери Криштиану Роналду жаракатынан улам чыккан жок. 90 мүнөт бою талаада күрөш жүрүп, эки команда тең чыгууга ыраазы болушту. Эсеп 0:0. Эми финалга чыкчу команда 4-майда Мадридде өтчү беттеште чечилет.

Ал эми экинчи оюн Мадридде өтүп, “Атлетико” каардуу “Баварияны” тосуп алып, 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Башынан тарта кызыктуу өткөн беттештин жалгыз голун “индей” Сауль Ньигес жаратты. Гвардиоланын футболчулары калган мүнөттөрдө чабуул артынан чабуул уюштурганы менен, эсеп өзгөргөн жок. Эми Левандовский жана анын командасы жооптук оюнда бардык күчүн сарпташы керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан