23-апрель күнү Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын Жазгы музыкалык фестивалы болду. “Универсал”, “Позитифф”, “Ассорти” баш болгон 23 команда калыстардын сынынан өтүп, арасынан мыктылары аныкталды.
"ЭҢ МЫКТЫ КОМАНДА" - "Ассорти" жана "НКБ" курама командалары
"ЭҢ МЫКТЫ ТАМАША" - "Южный колорит" командасынын тамашалары
"ЭҢ МЫКТЫ ОЮНЧУ" - "Позитифф" командасындагы Нурсултан Муратбеков
ОЮНДА ЖАРАЛГАН ТАМАШАЛАР
(Мирбек Атабековдун “Ата Мекеним” ырына пародия)
“Кылымдардан келген,
Кыйла жерди жеген,
Кыргызымдын депутаттары”.
(“Чоро” тобунун “Тоолук кыз” ырына пародия)
“Эх-эй, нарындык кыз,
Ох-ой, нарындык кыз,
4 койдун этин жеп койдуңуз,
Карышкыр болуп калыпсыз”.
(“Универсал”)
Нурмат Садыровдун “Торгоюм” ырын сүннөткө отургузула элек бала ырдаганда:
“Сенсиң менин торгоюм,
Молдолордон коргоюн.
Молдолорго кестирбей,
Күнү-түнү коргоюн”
"Күн күркүрөп шайлоо өттү,
Депутаттар кайда кетти?
Добуштарды чогултушуп,
Депутаттар “кидать” этти".
(“Южный колорит”)
Мирбек Иманбековдун “Таластык кыз” ырына пародия:
“Таластык кыз, ай,
Мактап салсам, ай.
Тойго барып, ай,
Жарып салдың, ай”.
“Оң колум да мозоль,
Сол колум да мозоль,
Келин болуп Таласка,
Терип калдым фасоль”.
"Москвада оштуктар,
Бишкекте да оштуктар,
Ошто да оштуктар.
Бар болгула, оштуктар".
Ассорти”, “НКБ”
“Позитифф” командасынын оюнчусу калыстар тобунун мүчөсү, тай бокс боюнча Дүйнө чемпиону Шахриза Халиловага кол сунуп:
Мага чыгасыңбы?- десе:
Рингде муштуму менен маселени чечкен айым даяр экенин билгизип колу менен ишарат кылды.
"Мага күйөөгө чыгасыңбы деген мааниде айткан болчумун" деп актанганы көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөдү.
Султан Төрөбеков
star@super.kg