Президент Алмазбек Атамбаев Орусиялык «Интерфакс» маалымат агенттигине маек куруп, учурдун актуалдуу суроолоруна жооп берди. Аталган агенттиктин «Экс-президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин мекенине кайтуусу мүмкүнбү?» деген суроосуна Алмазбек Атамбаев: «Алар өз ыктыярлары менен кайтып келсе мен кубанычта эле болмокмун. Эки экс-президентке тең, Акаевге да, Бакиевге да биздин укук коргоо органдарынын суроолору көп»,- деп жооп берди. Мамлекет башчы 2017-жылы өтчү президенттик шайлоого мураскор даярдабай турганын дагы айтты. «Демократиялык өлкөлөрдө мураскерлерди шайлашпайт, а биз демократиялык өлкөбүз. Андай мамлекеттерде эл өзү башчысын шайлайт жана биздин эл да өз тандоосун жасашы керек. Албетте, КСДПнын атынан президенттикке талапкер көрсөтүлөт, бирок аны эл тандайт дегенди билдирбейт. Башка талапкер деле утушу мүмкүн. Шайлоонун жыйынтыгы кандай гана болбосун жаңы президент өлкөнү артка буруп кетет деп ойлобойм. Мындай болушу мүмкүн эмес. Биз автократия менен авторитаризмге каршы эмдөө алдык. Биздин өлкө демократиялык жол менен гана өнүгө алат»,- деди Атамбаев.
Бирок үч бийлик бутагынын башына КСДПнын өкүлдөрү келгенине караганда эмдөө таасир этпей жатат көрүнөт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg