Азыр чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан кыргыз кыз-келиндери көбөйдү. Алардын көбү чет өлкөлүктөргө тийсе жашоо жакшы болот деп ойлошот. Бирок баары эле алар ойлогондой эмес экендигин бүгүнкү каарманыбыз айгинелейт.
«КЫЗЫМДЫ ВИЗА АЛУУ ҮЧҮН ӨЗ АТАСЫНА ЖИБЕРГЕМ»
Редакциябызга баш баккан Элмира (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) «кызым өз атасы тарабынан кордолду» деп башынан өткөн окуяны баяндап берди:
– Өзүм Нарын облусунун Ат-Башы районунан болом, 1979-жылы туулгам. Мектепти бүткөн соң ЖОЖдордун бирине тапшырып, 2 жылдан кийин таштап койдум. Түркияда туугандарыбыз бар эле, алар менен сүйлөшүп, Стамбулга барып туристтик агенттикте иштеп калдым. Артымдан чуркап жүргөн, өзүмдөн 11 жаш улуу Музафер аттуу түрк улутундагы бир киши бар эле. Турмушту түшүнүп, токтолуп калды болуш керек деп ага турмушка чыктым. Ал мага үйлөнө электе 1 жолу үйлөнүп ажырашканын айткан эле. Кийин билсем, мага чейин 3 аял кетириптир. Ал аялдарынан 1 кыз, 1 уулу бар экен. Экөөбүз 2005-жылы баш кошконбуз, 2 жылдан соң кыздуу болдук. Күйөөм кызганчаак эле, мени эшикке чыгарбай, коңшулар менен да сүйлөштүрчү эмес. Кетип калбасын деп сыртымдан бекитип да кетчү. Анын айынан үйдө уруш чыгып, кээде сабап салчу. Акыры анын жоруктарына чыдабай, 2008-жылы ажыраштым, сот кызымды мени менен болушун чечти. 2010-жылы кызымды Кыргызстанга алып келдим.
Кийин Москвага иштегени кетип, 2013-жылы орус улутундагы бир жигит менен таанышып, ага турмушка чыктым. Турмушка чыккан соң кызымды өзүмдүн жаныма алдым. Кызымдын паспорту түрктөрдүкү, 1 жылдай визасы жок Москвада окуду. Кийинки жылы визасыз мектепке киргизе албай койдум. Визаны узартуу 150-200 доллар, ага каражатым жетпейт. Кыргызстандын жарандыгын алып берейин десем, «балаңыз 16га чыгып, кайсы жактын жарандыгын алыш керектигин өзү тандашы керек. Ага чейин бере албайбыз» деп коюшкан. Айла жок 2015-жылдын 29-сентябрында кайрадан Түркияга киргизип -чыгаруу үчүн атасы менен телефондон сүйлөшүп, ага жөнөттүм. Күйөөм башында жакшынакай эле «макул, бардык документтерин тууралап жөнөтөм» деп жаткан. Кызым Түркияга жетер замат «мен жибербейм, кызымды кайдагы орустар менен жашатып каапыр кылганы жатасыңбы?» дей баштады. Ошол бойдон кызым менен сүйлөштүрбөй койду. Түркияда жүргөндө визамды узартпай калганым үчүн ал өлкөгө кире албайт элем. Консулдукка улам-улам барып сурасам, ал жакта иштегендер текшеришип, «декабрдын 18инен кийин Түркияга кире алат экенсиз» дешти. Кыргызстанга келип 19-декабрда Түркияга учуп барсам мени киргизишпей, кайра артка кайтарышты. Мен Кыргызстандан документтеримди топтоп, кызымды сот мени менен калуусун чечип бергенин айтып, жагдай-шартты түшүндүрүп Түркияга кирүүгө уруксат сурансам, алардын Ички иштер министрлиги мени «мурда киши өлтүрүү, баңги же сойкулук менен кармалган эмес бекен?» деп текшеришип, «көрсө, күйөөгө тийип визасын узарта албай калган тура, таза эле экен» деп виза беришти.
«КЫЗЫМДЫ АЯЛЫНА ДА САБАТЫПТЫР»
– 25-январда Түркияга учуп бардым. Барсам Музафер мурда биз жашаган үйдөн көчүп кетиптир. Чалсам албайт. Бир тааныш эже бар эле, ал экөөбүз 2 күн издеп таппай койдук. Тааныштарынан сураштырсак, алар да «билбейбиз» дешти. Акыры Башкы прокуратурага барып арыз жазып, «кызымды кайтарып бергиле» деп соттун чечимин көрсөттүм. Ал күнү кеч кирип кеткендиктен «кызын таап бергиле» деп алар бизди полиция кызматкерлерине жиберишти. Эртеси аларга кайрылсак 2 сааттын ичинде табышып, «кызыңызды алып кетиңиз» деп чалышты. Бардык. Кызым аябай арыктаптыр. Кетип жатканда 32 килограмм болчу. 21 килограмм болуп калыптыр. Мени менен жүргөн эже жумуштары менен кетип калды. Биз автобус менен аныкына бара жатсак, кызым «атам менин колдорумду зажигалка менен күйгүзүп салды» деп калды. Менден кийин өзбекстандык бир кызды алып, андан 1 балалуу болгон. Кызымды ага сабаттырчу экен, аны айтты. Тамак бербей, кыштын суугунда балконго камап, бир жолу шкафты сүздүрүп, мурдун канжалата чапканын да айтты. Дароо тиги эжеге чалсам, ал балдар менен иштеген полиция кызматкерлерин жибериптир. Алар келишип «бизде психологдор жок, кызыңызды суракка ала албайбыз» деп бизди "Султан Сулейман" деген оорукананын ичинде жабырлануучу балдар үчүн атайын бөлүм ачылган экен, ошол жакка жеткиришти. Алгач кызымды ойнотуп, алаксытышкан соң суроолорго жооп берүүгө алып кирип кетишти. Мени киргизишкен жок. Психолог, жактоочу жана 2 полиция кызматкери кирип, суроо-жооптор бөлмөнүн сыртына орнотулган видеого тартылып, үнү жаздырылды. Чыкканда эле психолог «кызыңыз атасы тарабынан ур-токмокко алынгандан тышкары кордолуптур. Тагыраак айтканда, атасы кызына сексуалдык аракеттерди жасап, жосунсуз жоруктарга барган» деди. Алгач ишенген жокмун. Кызым оюнан чыгарып койгон го деп ойлогом. Алар кайра бизди Башкы прокуратурага жиберишти. Ал жактан соттук-медициналык экспертиза текшерип кызымдын денесинен ур-соккудан калган тактарды, муунтулган колдун изин, күйгөн тактарды аныкташты. Биз Музафердин үстүнөн арыз жазып, эртеси Кыргызстанга учуп келдик. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тилекке каршы, Музафер качып кеткендигине байланыштуу азыр аны издөө иштери жүрүүдө. Учурда кызыма Кыргызстандын жарандыгын алып бере албай жүрөм. Ооруканага, мектепке барганда кыйынчылыктар жаралып жатат. Эми болору болгон соң гана кызыма кыргыз жарандыгын берүүгө макул болушту. Абалы азыр жакшы, психологдон текшерүүдөн өткөн. Бирок ал «кызыңыз эс тартып, эмне болгонун түшүнсө психикасы жабыркап, ар кандай жолго барышы мүмкүн» деп жатат.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg