АСКАРОВДУН ШЫЛТООСУ МЕНЕН БАШ МЫЙЗАМГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗИЛЕБИ?

5-май күнү эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынышына 23 жыл толду. Бул жылдар аралыгында Конституция бийлик башындагылардын кызыкчылыгы үчүн нечен ирет өзгөртүлдү. Маселен, 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзам бир жылдан кийин эле, 1994-жылы өзгөртүлүп, эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн да, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген.
Андан кийин Кыргызстандын Конституциясы дагы 6 ирет өзгөрүүгө учурап, өзгөртүүлөрдүн кесепети демократиялык коом түзүүгө бел байлаган өлкөбүздү алсыраткан. 2010-жылы жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, ага өзгөртүү киргизүүгө 2020-жылга чейин мораторий жарыяланган эле. Бирок Конституцияны өзгөртүү демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады. Ошол эле педофилдерге өлүм жазасын киргизүү шылтоосу менен Конституцияны өзгөртүү идеясы бар экени кеңири эле айтылып жүрөт. Эми БУУнун Июнь окуясында этностор аралык каршылыкты козуткан, киши өлтүргөн деп күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду абактан бошотуу талабын койгону да Конституциянын өзгөртүүгө шылтоо болгону турат. Баш мыйзамдагы 41-беренеге ылайык, эгерде кыргыз жеринде адам укугу бузулса, анда ал эл аралык укук коргоочу уюмдарга кайрыла алат. Эл аралык укук коргоочу уюмдар кайрылган адамдын укугу бузулган деп тааныса, Кыргыз Республикасы бузулган укукту калыбына келтирүүсү керек. «Мындай жагдайда Баш мыйзамда улуттук кызыкчылык корголгон эмес, өзгөртүү керек» деп чыкчулар да бар. Бирок Конституциянын оңдолуп-түздөлө бериши жакшылыкка алып келбесин өткөн 2 революция толук далилдеген.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан