Интернет айдыңында «Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондундагы коррупция» деген аталыштагы аудиожазуу тарады.
«Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Алмаз Кадыркуловдун кеңешчиси Кубаныч Шатемиров «Сүлүктү көмүр» ишканасынын мурунку башкы директору Адыл Абдурахмановдун жеке кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишкананын Директорлор кеңешинин төрагасы Урмат Нурбаевге карата жасалма кылмыш ишин козгоп, аны кызматтан кетүүгө мажбурлап жатат»,- деп айтылат аудиожазуу башталар алдында.
Аудиожазууда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Алмаз Кадыркуловдун кеңешчиси Кубаныч Шатемиров деп белгиленген адамдын «Сүлүктү көмүр» ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Урмат Нурбаев деп берилген адам менен Директорлор кеңешинин жыйынынын протоколуна кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрү жазылган. Анда: «Мага карата козголуп жаткан иштерди бүтүргүлө, мен кол коюп берем. «Сүлүктү-Көмүрдүн» кереги да жок. Иш эмес эле, баш оору экен»,- дегени угулат. Аудиожазууда Шатемиров деп берилген адамдын айрым адамдарды иштен бошотууга, Директорлор кеңешинин жыйынынын протоколуна кол койдура албай убара тартканы байкалат.
«Сүлүктү көмүр» акционердик коомунун төрагасы Урмат Нурбаев айрым маалымат булактарына бул аудиожазууну өзү таркаткандыгын билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын кеңешчиси Кубаныч Шатемиров «Сүлүктү көмүр» ишканасынын мурунку директору Адыл Абдурахмановдун кызыкчылыгын коргоп, аны кайра кызматына кой деген талап коюшкан. Бул үчүн Урмат Нурбаевге жасалма кылмыш иши да козголгондугу айтылууда.
Аудиожазуу боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду үн ката элек. Маалымат үчүн: «Сүлүктү көмүр» акционердик коомунун 45 пайыз акциясы мамлекетке таандык.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg