ОППОЗИЦИЯ 2-РАУНДГА ДАЯРДАНЫП ЖАТАТ

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков бийликти күчтөп басып алууга аракеттенди деп камакка алынып, өткөрүлө турган митингдердин бырын-чырыны чыккан соң оппозиция экинчи раундга даярданып жатат.
Тактап айтканда, 12-май күнү буга чейин ың-жыңсыз жүргөн акаевдик кадр Бекболот Талгарбеков ири митинг уюштурмакчы. Басылмаларга байма-бай интервью берип, бийликтин күндөрү саналуу гана калганын, ошого катар өзү жетектеп жаткан «Элдик парламентке» Орусиядагы айрым кыргыз генералдар колдоо көрсөтүп жатышканын айтууда. Бекболот Талгарбеков 50-60 миң адам катыша турган митинг уюштурарын билдирип жатат. Ал митингди алгач 28-апрелге белгилеп, кийин 12-майга жылып кеткени оппозициянын баягы биринчи ишке ашпай калган аракетин гана эске салып турат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан