Түркиянын парламентинин кезектеги жыйынында бийликтеги партия менен оппозициянын ортосунда массалык мушташ чыкты. Маалыматтарга ылайык, мушташ депутаттардын кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда чыккан. «Күрддөрдү колдогон оппозициялык партия «бийлик аталган мыйзам долбоору аркылуу өзүнө жакпаган депутаттарды куугунтуктоого мүмкүнчүлүк алганы жатат» деп жыйындан чыгып кетти. Буга карабай «Парламенттеги талкуунун жыйынтыгында депутаттардан кол тийбестикти алып салуу боюнча бийликтеги партиянын сунушу колдоого ээ болду»,- деп жазышат басылмалар.
Эсиңиздерде болсо, Кыргызстанда да Аида Салянова башкы прокурор болуп турган кезинде депутаттардан кол тийбестикти алып салуу сунушталып, бирок ал колдоо тапкан эмес. Кол тийбестикти алып салуу Түркияда эле эмес, Кыргызстанда да талаш жаратчу маселелердин бири. Идеалында кол тийбестиктин алынып салынышы мыйзам бузган депутаттарды жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бериши керек. Бирок мындай мыйзам бийликке жакпаган оппозициячыл эл өкүлдөрүнөн арылуучу курал катары колдонулушу толук мүмкүн.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg