30-апрелде Өзбекстандын Ташкент шаарында оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасына жолдомолор ойнотулуучу мелдеште Кыргыз Республикасынын курама командасы командалык эсепте 4-орунду ээледи. Мелдештин жобосу боюнча, командалык эсепте алдыңкы 5 орунду ээлеген командалар Олимпиадага жолдомо алмак. Кыргызстандын курама командасы командалык эсепте 4-орунду ээлеп, бир жолдомого ээ болду. Кайсы спортчу барары азырынча белгисиз, анткени бул жолдомо командалык эсепте ойнотулду. Андыктан кайсы спортчу барарын машыктыруучулар штабы чечмекчи. Риого Ташкенттеги мелдеште 69 килограмм салмакта күч сынап, алтын медаль тагынган спортчу Иззат Артыковдун барары айтылууда. Айта кетсек, быйыл Бразилияда өтүүчү Олимпиада оюндарына катышууга мамлекетибизде ушуну менен 10 жолдомо болду. Буга чейин жеңил атлетчилер Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жана мушкер Эркин Адылбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо алган.