ЖОЛ ПАТРУЛДУК милициясы 87 Лада Приора, 87 сигналдык үндү катуу чыгаруучу жабдык жана 87 мобилдик радиостанция сатып алмакчы. Мунун баарына жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 39 миллион 237 миң сом жумшалат.
Туристтик сезон аяктамайынча ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯГА болгон баа өзгөрбөйт. Бул тууралуу «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын башчысынын орун басары Нурлан Садыков билдирди.
Германия Кыргыз Республикасын колдоо максатында жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү долбоорунун алкагында 13,5 миллион евро КАРЫЗЫН кечти. Мындай маалыматты Каржы министрлиги кабарлайт.
Өкмөт БӨЙРӨК ооруларынан жабыркагандарга гемодиализ кызматын каржылоо үчүн 60 миллион сом бөлдү. Учурда гемодиализге муктаж 552 адам бар.
КАРТОШКА илдетине байланыштуу бул жашылчаны Кыргызстандан алып кирүүгө Казакстан убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Айыл чарба министрлиги таркаткан маалыматта айтылат.
Кыргызстанда малды ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО башталды. Алгач идентификациялоо иштери пилоттук аймак катары тандалып алынган Ноокат, Кара-Буура жана Ысык-Ата райондорунда жүргүзүлөт.
Муфтияттын маалыматына ылайык, 2016-жылга карата өлкөдө 2704 МЕЧИТ бар, анын 500ү акыркы 5 жылдын ичинде курулган.
«Жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча Кыргызстанда жаш балдардын 16 пайызы КОМПЬЮТЕРДИК ОЮНДАРГА көз каранды»,- дейт Кыргыз-Орус Славян университетинин кызматкери Владимир Школьный.
«Өлкөдө эркектердин 45 пайызы ТАМЕКИ тартат, чылым чеккен кыз-келиндердин саны да жогорулоодо»,- деди профессор Талант Сооронбаев.
ТОКОН МАМЫТОВ Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы болуп дайындалды.
Өлкөдө МИОКАРДДЫН курч инфаркт илдети эркектерге караганда аялдарда 9 жашка кечирээк өнүгө баштайт, бирок бул оорудан эркектерге салыштырмалуу көбүрөөк аялдар кайтыш болуп жатат. Бул тууралуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун 2015-жылдык отчётунда айтылат.
Учурда 119 миң кыргыз жараны Орусиянын КАРА ТИЗМЕСИНДЕ турат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы маалымдайт.
Соңку 5 жылда АКШ жарандары 54 КЫРГЫЗ БАЛАНЫ асырап алышкан. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги уюштурган иш-чарада маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.