Көптөрдүн кызыгуусун арттырган татынакай жаш ырчы кыз Анжелика Жаңы Жыл алдында турмушка чыгыптыр деген сөздөр тарады. Бири чын десе, бири калп дешет. Ушундан улам бул маалыматтын чын-төгүнүн билели деп төрөбөсө да чыгармачылык жактан колдоо көрсөтүп, өз кызындай кылып алып жүргөн устаты Айчүрөк Иманалиевагага кайрылган элек.
– Айчүрөк эже, сиз секелек кезинен тарбиялаган шакиртиңиз Анжелика мектепти бүтө электе турмушка чыгыптыр деген сөздөр тарап жатат. Ушул чынбы?
– «Шибегени капка ката албайсың» демекчи, болгон нерсени кантип төгүн деп айтам? Анжеликанын турмушка чыкканы чын. Акыркы күндөрү «Анжелика турмушка чыкканы жатыптыр» деген сөздөрдү кулагым чалып калчу. Бирок, «бойго жеткен кызга ким гана көз артпайт? Анын үстүнө Анжелика мектепти бүтө элек кыз болсо кантип эле турмушка чыгып кетсин?» деп көп маани берген эмесмин. А Анжелика болсо бул жөнүндө мага ачык эч нерсе айткан эмес. Көрсө, бул сөздөр жөн жерден чыкпаган экен. Мага апасы 28-декабрь күнү эртең менен гана «Анжелика турмушка кетип жатат» деп телефон чалды.
– Алгач укканда кандай абалда калдыңыз?
– Аябай ыза болуп, жаман абалда калдым. Ызама чыдабай ыйлаганга чейин бардым. Мен Анжеликаны жети жашынан бери тарбияладым эле. Мен анын чыгармачылык жактан гана устаты эмес, жеке турмушуна байланыштуу маселелерине да тиешем бар деп жүрчү элем. Көрсө, мен жаңылышкан экенмин.
Менин оюма койсо аны азыр күйөөгө бермек эмесмин. Биринчиден, ал мектеп окуучусу, экинчиден, биздин алдыга койгон көптөгөн чоң пландарыбыз бар эле.– Кандай пландарыңыздар бар эле?
– Анжеликаны окутуп, музыкалык же болбосо театралдык билимге ээ кылайын деген оюм бар болчу. Биз бул тууралуу көп эле жолу сүйлөшкөнбүз. Ал гана эмес, жакында Москвага барганда «Анжелика, сен ушул окуу жайында окуйсуң» деп Щепкин атындагы окуу жайын көрсөткөм. Кыскасы, мен күткөндөй болбой калды. Эмне себептен мындай болуп кеткенине ушул убакка чейин түшүнө албай келем.
– Мындан ары да чогуу иштешүүгө мүмкүнчүлүк болобу?
– Анжелика экөөбүз телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө ал: «Айчүрөк эже, мурдагыдай эле иштеше берели» деди. Мен каршы болгон жокмун. Анжелика келсе кабыл ала берем. Баштагыдай эле жардамымды аябайм. Бирок, мурдагыдай болобу, болбойбу ким билет? Үйбүлөнүн да өзүнүн мыйзамдары болот. Кызганычтар чыгат, мурдагыдай эркиндик болбойт дегендей.
– Жолдошу менен мурдатан сүйлөшүп жүрчү бекен?
– Менин эч нерседен кабарым жок. Таласка келин болгонун гана билем.
– Айчүрөк эже, Анжелика го кетиптир. Бүгүн 12-январь сиздердин үйүңүздөрдө чоң майрам эмеспи. Башкача айтканда, бир эмес, үч адамдын туулган күнү. Ушул майрамды кантип белгилегени жатасыздар?
– Ооба, бүгүн өзүмдүн, кичүү уулум Арлендин жана кызым Аэлитанын туулган күнү. Жыл сайын бул күнгө карата Спорт Ордосунда концерт берчүбүз. Анын сыңарындай, бул жылга да концерт коюуну пландагам. Болгондо да Казак Республикасынын Эл артисти Роза Рымбаева менен биргелешкен концертим болмок. Кызым да ушундай ырчы болсун деген тилек менен Аэлитанын колун Роза Рымбаевага карматып, батасын алып берейин деген жакшы ойлорум бар эле. Тилекке каршы, үйбүлөдөгү кээ бир чечилбеген маселелерден улам бул концерт артка жылып кетти. Натыйжада, Роза Рымбаевага телефон чалып, кечирим суроого аргасыз болдум. Ошентип, бул күндү ресторандардын биринде үйбүлөлүк жакын досторубуз, айрым кесиптештерим менен өткөрмөй болдук. Жакшылыктын эрте-кечи жок дейт эмеспи, буюрса, айтылган концертти азыр болбосо кийинчерээк сөзсүз өткөрөбүз.
Маектешкен Азиза Сатимбекова