«ЦЕНТЕРРА ГОЛД» КОМПАНИЯСЫ «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» БИШКЕК ОФИСИНДЕГИ ТИНТҮҮСҮ ТУУРАЛУУ БИЛДИРЕТ

Торонто, Канада, 2016-жылдын 28-апрели: «Центерра Голд» (TSX CG) (мындан ары «Центерра» же «компания») Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана башка укук коргоо кызматтары «Центеррага» толук таандык Кыргыз Республикасындагы туунду компания «Кумтөр Голд Компанинин» (КГК) офисинде тинтүү жүргүзүшкөнүн билдирет.
Тинтүү 2016-жылдын 28-апрелинде түштөн кийин жүргүзүлгөн. Башкы прокуратура тараткан пресс-релизге ылайык, тинтүүнүн максаты – КГКда кездешкен имиш делген «Центерра» менен КГКнын ортосундагы мурдагы ички корпоративдик транзакциялар менен байланышкан финансылык бузуулар боюнча кылмыш ишине тиешеси бар документтерди чогултуу болгон.
Жакында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Центерранын» жана «Кумтөр» долбоорунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу учурунда болгон макулдашууларга өзүнүн нааразычылыгын билдирди. Өкмөт тарабынан «Центерра» жана КГК тараптан жетектөөгө жана башкарууга карата, ошондой эле «Кумтөр» долбоорунун алкактарындагы иштөөгө карата мурда коюлган белгилүү бир кооптонуулар жана дооматтар кайталанып айтылган. Өкмөт бул маселелерди «Центеррага» берилүүчү сунуштарга ылайык чечүүнү каалаганын да билдирген. Компания өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө учурда болгон маселелер «Центерранын» бардык акционерлеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен адилет чечилүүсү үчүн сунуштарды кароого жана талкуулоого өзүнүн даярдыгын билдирген. Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөн.
Мурда билдирилгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир катар кооптонууларды, анын ичинде 2013-жылы «Центерранын» пайдасына КГКнын ички корпоративдик дивиденддеринин төлөнүп берилүүсүн билдирген. Компания ички корпоративдик дивиденддерди төлөп берүү «Кумтөр» долбоору боюнча ишмердүүлүктү жөнгө салуучу 2009-жылдагы макулдашууларга (мындан ары «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашуулар») жана Кыргыз Республикасынын бардык колдонулуучу мыйзамдарына ылайык төлөнүп берилгенин кайталап билдирет. Мындан башкасы жөнүндө бардык билдирүүлөр негизсиз болуп саналат.
Компания «Кумтөр» долбоорун жүзөгө ашырууда дайыма Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен тыгыз жана конструктивдүү диалог жүргүзүп келген жана анда бардык маселелерди зарыл болгон учурда эл аралык арбитраждык сотто кароо каралган «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашуулардын алкагында чечүү үчүн алар менен кызматташууну улантууга ниеттенүүдө. Ошентсе да компания «Кумтөр» долбоору боюнча келип чыккан айрым же бардык маселелерди ийгиликтүү чече ала тургандыгына кепилдик жок. Өкмөт менен «Центерранын» ортосундагы кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өз ара алгылыктуу чечимге келе тургандыгына; же мындай чечимдер Кыргызстандын жана Канаданын мыйзамдарынын алкактарында зарыл жактырууну ала тургандыгына; же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Жогорку Кеңеши тарабынан «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашуулардын алкактарында Өкмөт өзүнө алган милдеттенмелер менен дал келбеген, «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашууларды денонсациялаган же алып салууну, же жараксыз деп таанууну сунуш кылган мыйзамды, же аларга тиешеси бар мыйзамдарды да кабыл алып жиберүүгө чейинки кандайдыр бир аракеттер кабыл алынбай тургандыгына да кепилдик жок.
Бардык маселелерди ийгиликтүү жөнгө салууга жөндөмсүздүк компаниянын болочок акча агымдарына, кирешелерине, өндүрүштүк натыйжаларына жана финансылык абалына олуттуу терс таасир көрсөтмөкчү.
«Центерра» компаниясы жөнүндө. «Центерра» – Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнөнүн башка аймактарында алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгө, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын казып алуучу компания болуп саналат. «Центерра» – Борбор Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы. «Центерранын» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компаниянын башкы офиси Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан.
Компания жөнүндө кошумча маалымат корпоративдик сайтында жана SEDAR маалыматтык-электрондук издөө системасында жеткиликтүү.

2016-ЖЫЛДЫН 29-АПРЕЛИНДЕГИ АКЦИЯЛАРЫН САТУУНУ ТОКТОТУУ БОЮНЧА «ЦЕНТЕРРА ГОЛДДУН» КОММЕНТАРИЙИ

МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮ
Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Кыргызстандын бир катар ЖМКлары компаниянын акционерлерине жакын көмүскөдөгү булактарга таянып, «канадалык регулятор IIROC баалуу кагаздар боюнча улуттук агенттиги «Centerra Gold Inc («Центерра») менеджментине карата иликтөө иштерин баштап, Торонтодо акцияларды жүгүртүүнү токтотту» деген маалыматты таркатышкан. Бул маалымат туура эмес жана расмий түшүндүрүүнү талап кылат.
Чындыгында, Канаданын инвестициялык индустриясын жөндөө уюму (IIROC) канадалык мыйзамдар жана баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн эл аралык шарттарына ылайык, 2016-жылы 29-апрелде «Центерра Голд» компаниясынын акцияларын сатууну убактылуу токтоткон. IIROC компаниядан орчундуу маалымат күтүлгөн учурда акцияларды сатууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алууга укуктуу. Акция сатууну токтотуу принциби бардык инвесторлор компания тууралуу орчундуу маалыматты текши бир учурда алуусуна шарт түзүүгө негизделген. IIROC – Канаданын карыздык жана үлүштүк рынокторундагы соода аракеттери менен инвестициялоо дилерлеринин үстүнөн көзөмөлдөгөн өзүн өзү башкаруучу улуттук уюм.
«Центерра Голд» расмий пресс-релизи аркылуу ага толук таандык Кыргыз Республикасындагы туунду ишканасы «Кумтөр Голд Компанинин» Бишкектеги кеңсесинде ушу жылдын 28-апрелинде «Центерра» жана КГК ортосундагы мурдакы ички корпоративдик транзакцияларына байланыштуу финансылык бузуулар орун алган делген кылмыш ишине тиешелүү документтерди чогултуу максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана башка укук коргоочу кызматтар менен биргелешип тинтүү жүргүзгөн абал жөнүндө бардык кызыкдар тараптарга маалымдаган. Иликтөө иштери «Кумтөр» кенинин иштешине таасирин тийгизген жок жана ал штаттагы тартипте иштөөдө.
Расмий пресс-релиз чыгаргандан кийин «Центерра Голддун» баалуу кагаздарын биржада жүгүртүү толук кандуу улантылган жана CG символунда «Центерранын» акциялары жүгүртүүдө экенин Торонто фондулук биржасынын расмий сайтынан бул шилтеме аркылуу тастыктоого болот (http://web.tmxmoney.com/article.php?newsid=86695141&qm_symbol=CG).

АЛДЫҢКЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ISS ЖАНА GLASS LEWIS КОНСАЛТИНГ КОМПАНИЯЛАРЫ «ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК.» КОМПАНИЯСЫНЫН АКЦИОНЕРЛЕРИНЕ ЖЫЛДЫК АКЦИОНЕРЛЕР ЖЫЙЫНДА СУНУШТАЛГАН БАРДЫК ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ ДОБУШУН БЕРИП СУНУШТАЛГАН РЕЗОЛЮЦИЯЛАРДЫ КОЛДООНУ СУНУШТАШАТ
Торонто, Канада, 2016-жыл, 3-май. «Центерра Голд Инк.» компаниясы (же «Центерра» же «компания») алдыңкы эки кеңештик-өкүлдүк компания Institutional Shareholder Services Inc.ISS») менен Glass Lewis and Co., LLC Glass Lewis») «Центерра Голд Инк.» компаниясынын акционерлери компаниянын Директорлор кеңешине мүчөлүккө сунушталган бардык талапкерлерди КОЛДООГО добуш берүүнү жана KPMG LLP (кыр. КПМГ) аудитордук-кеңештик фирманы компаниянын аудитору катарында 2016-жылы 17-майда жылдык акционерлер жыйналышында («жыйналыш») бекитүүнү сунуштаганын кубануу менен билдирет.
«Центерранын» бардык акционерлерин 2016-жылы 29-мартка карата Компаниянын бардык акционерлерине жөнөтүлгөн жана интернетте http://www.centerragold.com/2016-meeting-materials дарегинде жайгашкан административдик мазмундагы буйруктуу кат менен таанышууну сунуштайбыз. Андан сырткары ал www.sedar.com издөө системинде жеткиликтүү. Аталган буйруктуу катта компаниянын директорлугуна талапкерлер жөнүндө кеңири маалымат, КПМГ компанияга көрсөтүүчү кызматтардын кеңири баяндамасы жана компаниянын өткөн жылкы ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү камтылган.
«Центерра Голд Инк.» Директорлор кеңеши акционерлерине Жыйналышта сунушталган Директорлор кеңешине талапкерлер ҮЧҮН добуш берип, КПМГ аудиторлукка бекитилиши ҮЧҮН добуш берүүнү сунуштайт.
«Центерра» акционерлерине ишенич кат боюнча добуш берүүнүн мөөнөтү Торонто убактысы боюнча 10:00дө, жума, 13-май, 2016-жылы бүткөнгө чейин добуш берүүнү эске салат.
Эгер сизге ишенич кат менен жардам керек болсо, биздин Kingsdale Shareholder ServicesKingsdale») ишенич кат тазилдөө агенттигине 1-877-657-5857 телефон номери же contactus@kingsdaleshareholder.com электрондук почта аркылуу кайрылыңыз.
Маалымат үчүн: ISS
ISS – корпоративдик башкаруу боюнча эл аралык каржы коомчулугуна сунуштама жана кеңеш берүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы компаниясы. Акционерлеринин кызыкчылыгы, инвестициялар боюнча толук негизделген чечим кабыл алуу үчүн дүйнө боюнча 1700 түркүн уюм ISS кызматын колдонот.
Маалымат үчүн: Glass Lewis
Glass Lewis — башкаруу системи жаатында дүйнө боюнча кызмат көрсөтүүчү көз карандысыз алдыңкы компания. Ал өз каражатын салып жаткан компаниялар тууралуу маалымат топтоо жана алака түзүүдө институционалдык инвесторлорго жардам көрсөтөт. Glass Lewis компаниясынын топтору АКШ, Европа өлкөлөрү жана Азиялык-Тынч океан аймагында ишмердүүлүк жүргүзөт. Бул компания жалпы дүйнө боюнча маалыматка ээ болуу менен, конкреттүү аймактык маалыматтарга да таянып, кардарлары кабылган орчундуу административдик маселелерди чечүүгө жөндөмдүү.

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЭКИ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНАН КЕТИШИНЕ КОММЕНТАРИЙ БЕРЕТ

2016-жылдын 3-майындагы маалыматтык билдирүү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы 2016-жылдын 30-апрелинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсынын жетекчилиги, тактап айтканда, каржы боюнча вице-президент Марк Бертон менен материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президент Лесли Лоу 2016-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын аймагынан 2016-жылдын 28-апрелиндеги компаниянын Бишкектеги кеңсесиндеги тинтүүлөрдөн кийин чыгып кетишти деп тараткан билдирүүсүнө «Кумтөр Голд Компани» комментарий берүүнү зарыл деп эсептейт.
Каржы боюнча вице-президент Марк Бертон менен материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президент Лесли Лоу алдын ала пландалган эмгек өргүүлөрүнө байланыштуу Кыргызстандан кетишкен.
Марк Бертондун 2016-жылдын 29-апрелинен 16-майына чейин белгиленген эмгек өргүүсү алдын ала макулдашылып, 2016-жылдын 25-январында бекитилген. Берилген датасы көрсөтүлгөн электрондук билеттин сканердик көчүрмөсү Марк Бертондун Бишкектен 2016-жылдын 29-апрелинде учуп чыгып, 2016-жылдын 10-майында Бишкекке учуп келүүсү тууралуу даталары бар билети 2016-жылдын 29-февралында брондолгонун тастыктайт.
Лесли Лоунун 2016-жылдын 29-апрелинен 17-майына чейинки эмгек өргүүсү 2016-жылдын 18-мартында макулдашылып, бекитилген. Берилген датасы көрсөтүлгөн электрондук билеттин сканердик көчүрмөсү Лесли Лоунун Бишкектен 2016-жылдын 29-апрелинде учуп чыгып, 2016-жылдын 18-майында учуп келүүсү тууралуу даталары бар билети 2016-жылдын 4-апрелинде брондолгонун тастыктайт.
«Кумтөр Голд Компани» кадимки тартипте иштеп, президенти Дэниел Дежарден Кыргызстанда экенин баса белгилейт. «Кумтөр Голд Компани» жетекчилигинде эч кимиси учуп чыгууда жана Кыргызстанга кирүүдө эч кандай тоскоолдук болгон жок жана Кыргызстандан чыкпоо тууралуу тил кат берген эмес. Ошондуктан бардык ушул сыяктуу маалыматтар чындыкка жатпайт.

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар
Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08;
факс: (312) 90-07-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
marik10
2016-05-12 18:48:20
бул маселени саясый оюн кылып упай тапкан туура эмес. экономикалык суроолор саясатсыз чечилиши керек
0
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан