Жеңишбек Айтиев: «ҮЙДҮ БҮТҮРӨБҮЗ ДЕП 6 ЖЫЛДА БЕЛИБИЗ БЕКЧЕЙИП, КӨЗҮБҮЗ ЧЕКЧЕЙДИ»
Куудул, ырчы, тамада Жеңишбек Айтиевдин 2 үйү бар. Бири Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги 2 бөлмөлүү батир болсо, экинчиси туулган жери Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы чоң там.
Куудул өзү 5-класста окуган улуу баласы Туратбек менен Ошто жашап, айылга «командировкалап» турушат.
Айылдагы үйүнө баруу үчүн Оштон 45 чакырым жол жүрдүк. Айыл Керме-Тоонун түбүндө жайгашып, бир аз суук болгондуктан алмалар тегиз гүлдөгөн маал экен. Бизди келинчеги Айжамал жана жайнаган майда көздөр тосуп алды. Анткени булардын 6 баласы бар. Эң улуусу 12 жашта болсо, кичүүсү 1 жашта. Бизди үй, короо менен балдары тааныштырып жүрдү.
ҮЙҮ ТУУРАЛУУ:
Жер тилкесинин аянты – 35 сотых.
Чоң тамы – 6, времянкасы – 3 бөлмөдөн турат.
Эшик алдында очоккана, мончо, жайкы чай ичип, баарлашуучу жай, анан чарпая бар.
Там артында мал сарай, тооккана жайгашкан.
Булардын баарын курууга 6 жыл жана 5 миллион сомдой акча кеткен.
ЧОҢ ТАМ
Туратбек: – Кире бериш. Бут кийимди өйдө чечсек апабыз «өлтүрөт».
– Эч нерсе жок бөлмө. Муну атам «эта комната без дела стоит» дейт. Чатырга атам өзүнө кабинет салат, а бул жерге ошол жакка чыкчу тепкич орнотулат.
– Бул бөлмөнү телевизор бөлмө деп коёбуз. Отуруп чай ичебиз, телевизор көрөбүз, мешке кышкысын от жагабыз.
– Төшөк бөлмө. Үйүбүз бүтүп, той беребиз дегенде таенем апамдын себин берген. Эже, сизге бир нерсени айталыбы, апам ушул жакка акча катат, кээде.
– Жуунуучу бөлмө. Түндө сыртка чыккандан коркуп ушул жакка киребиз. Кээде суу чыкпай калат, анда чөөгүнгө суу апкелип, бети-колубузду жууйбуз.
– Зал. Диван кичинекей, көп конок келгенде батпай калышат. Бирок чоң болгондуктан ойногондо жыргайбыз.
– Уктоочу бөлмө, кийим бөлмө (балдар бөлмөсү). Кээде кийимдер чачылганда «сен жыйна, мен жыйна» болобуз.
ВРЕМЯНКА
– Времянкабызда 3 бөлмө бар, анын бирине ашыкча буюмдарды коёбуз.
– Чакан зал.
– Ашкана.
КОРОО
– Жайкы чай иччү жай (беседка). Атам мунун башына Кыргызстандын желегин сайып койгон. «Биздин үйдү издегендер ушул желектен таап келсе болот» дейт.
– Мончо, очоккана.
«ҮЙДӨ ОТУН ЖОК БОЛСО, ЖЕҢИШБЕКТИН ЖАНЫ ЧЫГЫП КЕТЕ ЖАЗДАЙТ»
– Алгачкы суроо, үйдүн долбоору кимге таандык?
Жеңишбек: – Агам экөөбүзгө таандык. Ата конуш ээн калса жаман экен. Ошондуктан эски үйдү сүрдүрүп, ордуна жаңы там салдык. Үйдү 6 жыл дегенде бүтүрдүк. Курулуш материалдарын Оштон бери ташып, колубуз жооруду, белибиз бекчейди, көзүбүз чекчейди. Ош менен айылдын ортосунда каттай берип «фигурабыз чыкты».
– Жеңишбек, эркек катары майда-чүйдөлөрүн өзүң бүтүрсөң керек?
Айжамал: – Кайдан?.. Бул мал, тоок, бак караганга шыгы болгону менен, калганын акча менен бүтүрөт. Фобиясы – сварка, электр тогу. Лампочка да алмаштырбайт.
Ж.: – Бизди багат, кийимди өзү алып берет, отунду Оштон бери ташыйт деп койсоң боло...
А.: – Ал жагы бар. Чарбачыл, үйгө карамдуу. Токойдо болобу, шаарда болобу, отун көрүп калса, үйгө ташып келе берет. Үйдө отун жок болсо жаны чыгып кетет.
Ж.: – Антпегенде эмне?! Кокус электр жарыгы жок калса, балдар ачка калбаш керек, үшүбөш керек да.
Канымжан Усупбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
"Жайнаган майда коздор бизди тосуп алды" деген жери жакты)))))
Мынча соонун уй ,бизге да ушундай уй качан насип этет экен а?
табити жакшы экен заманбап бутуруптур уйунор озунорго кут кылсын дайыма уйунордо жакшылыктар болсун
Ак оргонор кут болсун!!! Насип кылсын. Жакты мага айыл жеринде эн сонун.
Бактылуулуктун жыты келгендей болду. Коз тийбесин.
Бактылуу үй-бүлөдөн болгула көз тийбесин сонун экен жашооңор .
чакан бирок баардык условиясы бар экенго жакты
Оа ар бир момун мусулманга насип этсин, кыйналып бутурсонуздор эми жыргап жашаныздар балдарыныздар менен.
Суктанарлык үй-бүлө экен. Бактылуу болгула.
Мындай тамды айылга салыш озу кандай кыйын.Азаматсын Женишбек ишин илгерилей берсин
Кыздарынын коздору жакты.Коломтонордун оту очпой,жакшылыктар коп болсун,озунорго кут кылсын.Чындыгында Жениш ака хозяственный киши экен аялы балдар менен иштебей уйдо эле отурса,бир адам 6 жылда бутуруу кыйын.Айыл учун сонун уй болуптур условиясы менен.
шарты тузуп бериптир,келин балага.Дагы 6 бала торосо дагы болгудай.аялы дагы азамат,6 бала тороп,уйун тыкан кармайт экен.