Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Назгүл Токтакунова: “ЧОГУУ КӨП ЖҮРГӨНҮБҮЗ ҮЧҮН АРСЕНДИ МЕНИН ЖИГИТИМ ДЕП ОЙЛОШОТ”

№705 6-май-12-май, 2016-ж


Назгүл Токтакунова деген ысымды укканда эле сары чачтуу кызды элестетебиз. Таймашса мактанарлык таланты бар ырчы кыз «чачымды эксперимент кылгандан коркпойм, кызыл, жашыл, күрөң, саргыч, кара, айтор, болгон түстөргө боёп чыккам, бирок досторум сары түстөгү чачымды жактырышат» дейт. Көпчүлүк күйөрмандары үчүн сары чачтуу Назгүл Токтакунова, ал эми достору үчүн жөн эле «Сарышка» өзү тууралуу кызыктардан кеп салат.

– Куш келипсиң, сени партиялардын үгүт иштеринен көргөн элек, андан бери таптырбай жүрөсүң?

-Кандайсыңар, мен «Экарекордс» студиясы менен 3 жыл тынымсыз иштештим. Көптөгөн ырларды, дуэттерди, саундтректерди жаздырдык, клиптерди тарттырдык, кээде күнү-түнү уктабай калган учурлар болду. Бир убакта баарынан тажап кеттим. Жан дүйнөм эс алууну каалады окшойт. Үйдө эс алдым, бирок ырларымды алдын ала жаздырып койгон элем, алар радиолордон кетип жатты.
Жашырганда эмне, тынымсыз иштеп жүргөн жаным үйдө жата берип толуп да кеттим. Мен сырткы келбетиме абдан маани берем, анткени өзүм кеңседе иштеген жөнөкөй кызматкер эмесмин, сахнада ырдап жүргөн, көбүнө үлгү болчу адаммын. Андыктан келбетиме, жүрүм-турумума абдан сын көз менен карайм. Кыскасы, семирген келбетим менен өзүмдү сахнадан көргүм келген жок, бул дагы тыныгуунун башкы себептеринин бири деп эсептейм. Азыр арыктоону америкалыктар, европалыктар модадан чыгарып жатышат, анткени ар кандай оорулар күч албадыбы. Бирок өтө арык болбосо да, өзүн бир калыпта алып жүргөн ден соолукка пайдалуу эмеспи.

– Биздин эстрадада ырчыларды таланты бар, аракети жок жана таланты жок, бирок аракети бар деп эки топко бөлсө болчудай...
-Ооба (күлүп), өзүмдү таланты бар, бирок аракети жок деген топтон көрүп жатам. Негизи эле мен өзүмдү жарнамалап, сахнадан өзүмдү көрсөтөм дегендерден алысмын. Мага уюштуруу иштери, окуучуларды тарбиялап, алар менен алек болгон көбүрөөк жагат. Бирок өзүңдө эч нерсе жок болсо, окуучуларыңа эмнени үйрөтөсүң? Учурда чыгармачылыкты жандантып аракет көрүп жатканым да ошондон. Укмуш ырдайм деп айта албайм, бирок такыр эле ырдай албаган ырчылардын катарына да кошулбайм.
Чынында шоу-бизнести такыр башкача элестетчүмүн, биздин шоу-бизнес оюмдагыдай чыкпай калганына көңүл ооруп таштап салдым окшойт. Бирок кемчиликти оңдоо өзүбүздүн колубузда эмеспи, андыктан шоу-бизнести өзгөртүү бизден да көз каранды.

– Сенин оюңча, ырчыларга мамлекет колдоо көрсөтүшү керекпи?
–Мындан 3-4 жыл мурун «Жаңы толкун» сынагынын тандоо туруна катышып калдым. Карасам, казактардын катышуучулары өкмөттүн өкүлү, алдыңкы маданий кызматкерлери, телеканалдарынын коштоосу менен келишиптир. Биз болсо жалгызбыз, ошондо абдан көңүл сынган эле. Биз менен деле Маданият министрлигинен бир өкүл барып колдоо көрсөтүп отурса сүйүнбөйт белек, жакшыбы-жаманбы өлкөбүздү башка мамлекетте көрсөтүп жатабыз да. Бирок чет өлкөгө сынакка баратабыз деп акча сурай бергендер бар экен. Эгер катышуучу жогорку деңгээлдеги эл аралык сынакта финалга чыкса, мамлекет жардам бериш керек деп ойлойм.

– Былтыр сүйүктүүң менен мамилеңерди ачыктап «жакында үйлөнөбүз» деген элеңер, тойду абдан создуктуруп жаткан жоксуңарбы?
-Азыр баары ушул суроо менен кайрылып жаткан учур. Инстаграмдан да «эмнеге жигитиңиз менен түшкөн сүрөттөрдү алып салдыңыз, сүйлөшпөй калдыңарбы?» деп сурап жатышат. Жок, бизде баары сонун, Кудай буюрган күнү үйлөнөбүз, болгону датасын чече элекпиз. Инстаграмдан сүрөттөрдү атайын алып салдым, көз тиет, сөз тиет деген болот экен. Жыйынтыгында мамилебизди жарнамалабай эле жүрүүнү туура көрдүк. «Бакыт тынчтыкты сүйөт» дейт эмеспи.

– Инстаграмда жигитиң менен түшкөн сүрөттөргө караганда Арсен менен түшкөн сүрөттөрүң көп экен?
-Ооба, көбү «Арсен жигитиңизби?» деп да сурашат. Арсен менин эң жакын досум, мага дем берип «бар, былчыйбай машыкчы, арыктачы» деп кемчилигимди түз бетиме айткан адам. Чынында эле жигитиме караганда Арсен менен түшкөн сүрөттөрүм көп экен, ал мага сырттан билинбейт да. Көпчүлүк курбуларым да тарс-тарс, бетке сүйлөгөн адамдар экен: Айжан Газиева, Бактыгүл Бадыева, Салтанат Аширова, Жийдеш Идирисова. Мен тымызын, акырын жүргөн кыздардан корком, себеби ичинде эмне ойлоп жатканын билбейсиң.

– Сулуу, белгилүү кызга кызыкпаган мырзалар жок болсо керек...
-Албетте болот. Өзүм кафе, барларда көп иштеп калгандыктан акчасын чачып, өзүн көрсөткүсү келип «понтовать» эткен мырзалардын далайын көргөм. Акчасын чачкандарга жиним келгенде «эмне, менин чекемде баам жазылып турабы?» деп жарылган учурларым болгон. Машина алып берип, белек тартуулап койсо кыздар өзү эле келет дегендер жаңылышат. Кудайга шүгүр, ата-энем эч нерседен кем кылбайт, үйүм, машинам бар, өзүм иштейм.

ИШЕНЧЭЭК, АЧУУСУ ЧУКУЛ НАЗГҮЛ

– Дүкөндөрдү жалгыз кыдырасыңбы же бирөө мененби?
– Айырмасы жок.

– Өзүңдү үч сөз менен сүрөттөп берсең?
– Ишенчээк, ачуусу чукул, кечиримдүү.

– Кайсы стилге жакынсың?
– Спорттук стилде өзүмдү эркин сезем. Көйнөктөрдү ар кандай кечелерде эле кием.

– Эс алуунун кандай түрүн тандайсың?
– Үйдө сыналгы көрүп отургандан өткөн эс алуу жок.

– Кайсы жигиттин келбети сенин табитиңде: чымыр денелүү, "накаченный" же футбол менен машыкканбы?
– Арсен таарынбасын, бирок мага футболчулардын дене түзүлүшү жагат.


"Чоңойгон сайын мекен тууралуу ырларга ыктап калат экенсиң. Азыр мени жайлоо, тоолорго арналган чыгармалар өзүнө тартууда. Жакында кичи мекеним Ат-Башы тууралуу ыр жарыкка чыгат".

"Арсен менин кандай кемчилигим болбосун бетиме түз айткан досум".


Лунара Бекиева
star@super.kg



Назгүл Токтакунова: "Шоу-бизнестеги кыздардын баары эле "сатылат" деп ойлошот"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(43)
Медиа-портал
07.05.2016. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
22-04-2016
Соӊку аракети:
02-09-2017 04:21
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен Назгулду "Великий дворниктен"бери тааныймын жада калса БГУда окуп жургон учурун да билем.Байкашымча белгилуу болууга анчейин умтулбайт.Мен окуп жургон жылдары Назгулдун бир дагы жолу БГУнун сахнасында ырдаганын корбодум.БГУда дагы талантуу кыз окуган ал Алтынай Атаканова болуучу анын кичине кезинде ырдап жургонунун билем.Азыр ал кыз эмне мн алектенгени мени ото кызыктырат.
Super TV
07.05.2016. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
18-11-2018 02:53
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биртке деген созду коп колдонот экен. Бираз десен. Анан дикциясы анча эмес, коп эле кыйшандай берет экен суйлоп атып. Жигити жонундо тема ачкысы келген жок, азыр таарынышып журот окшойт. Сахнага жаны стилин жана озгоруулорун менен кутобуз. Ийгилик.
Медиа-портал
08.05.2016. 10:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
03-12-2008
Соӊку аракети:
18-11-2018 15:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Жакшы кыз экени корунуп турат.Ишине ийгилик бактылуу бол!!!
Медиа-портал
08.05.2016. 14:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
06-04-2016
Соӊку аракети:
24-02-2017 03:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун кыз, таланттуу, сулуу!
Медиа-портал
08.05.2016. 14:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
16-11-2013
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат
Super TV
08.05.2016. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
13-10-2014
Соӊку аракети:
28-12-2017 19:07
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз! Эч жасалмасы жок, жонокой, шайыр адам. Ошко келип сонун ырдадыныз, дагы кутобуз. Уй-булолук бакыт каалайм!
09.05.2016. 09:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
27-07-2015
Соӊку аракети:
22-10-2018 09:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эл катары
+2
Назгул эже аябай жонокой кыз экенсиз.Чыгармачылык ийгилик!
Медиа-портал
09.05.2016. 09:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
10-10-2015
Соӊку аракети:
25-06-2016 09:17
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай жонокой кыз экен. Ким жубай кылып алса да жыргайт да.
09.05.2016. 09:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
23-04-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 21:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйом да суйом
09.05.2016. 11:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
11-04-2015
Соӊку аракети:
17-11-2017 22:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+10
Кемчилигиңди бетиңе айтып, сени колдоп жүргөн досторуңдун бардыгы кандай жакшы.
Бактыгүл, Салтанат өңдүү ырчылар менен дос болгонуна караганда, жашы улуу эле окшойт. Эртерээк үй-бүлө күтүп, курбуларына окшоп бала жытын искөө насип эткен болсун. Ийгилик!
09.05.2016. 11:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
16-08-2013
Соӊку аракети:
14-02-2018 15:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сарышка, сонун кыз мага жагат, ийгилик!
09.05.2016. 12:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
325
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
09-10-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Арсен таарынба деген емнеси? Же чынеле жигитиби
09.05.2016. 14:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
26-07-2015
Соӊку аракети:
03-09-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aruwka.89,мен да ойлонуп калдым..Арсен таарынба....
10.05.2016. 15:48 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4717
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Aruwka.89, Neizvestno1, Gulu-5kg, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү!
11.05.2016. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
641
Катталган:
02-10-2015
Соӊку аракети:
11-12-2017 14:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aruwka.89 Туура эмнеге Арсенден кечирим сурайт, жигитинен эмес, таарынып калбасын деп!!!
09.05.2016. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
11-12-2013
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой, Ат-Башылыкмын дейби? Жердеш экенбиз да))))) чыгармачылык ийгилик каалайм!
09.05.2016. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
30-08-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 16:10
Жынысы:
Белгисиз
0
"Arsen taarynba", Arsen, Arsen jana da Arsen... Ary jagy tushunuktuu.
09.05.2016. 18:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
12-07-2012
Соӊку аракети:
05-01-2017 23:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Arsen menen ar daiym baktyluu bolgula buiursa kysyndo toigo kybo bolot ekenbisda
09.05.2016. 19:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
07-04-2016
Соӊку аракети:
04-07-2017 23:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагат да эжекебиз
09.05.2016. 21:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
19-01-2014
Соӊку аракети:
27-04-2017 00:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарындыктар чыкпайтчыкпайт чыкса бир эле чыгат да Нарындыктар эптеп септеп ырдап чыкпай чыныгы талантуулар чыгат да Идирисова Т Асаналиев Силима ж.б чыныгы ырдай алган талантуу ырчылар молодцы алга
13.05.2016. 04:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 15:29
Жынысы:
Белгисиз
-1
niet,Силима оруска окшошго. Чын эле кыргыз кызбы ал?
09.05.2016. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
08-03-2012
Соӊку аракети:
17-01-2018 22:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Мен суйуп калдым
10.05.2016. 01:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
01-08-2011
Соӊку аракети:
17-11-2018 02:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
Арсен досу озу айткандай. жигити Айбек Замирбеков билбегендер учун.
бул кыз с чувством юмора дегендей да
10.05.2016. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-02-2016
Соӊку аракети:
15-07-2017 18:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур эн сонун.Жакшы ырдайт дагы дагы жаны ырларды кутобуз
10.05.2016. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-11-2013
Соӊку аракети:
11-07-2017 19:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур ,,бирок мен такыр тушунбодум,видеосунда башкача интервью бериптир ...эч кандай Арсен жонундо соз болбоптур,неге эки башка,видеону эки жолу кордум.
11.05.2016. 01:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
152
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 00:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен качок ошон учун таарынба десе керек.Негизи жакшы кыздай корунот!
barsa30 түзөттү 2016-05-11 01:14:45
11.05.2016. 10:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
18-05-2017 16:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ырчы келбети да уну да ото сонун мага бардык жактан жагат айрыкча бегиштер менен ырлары ото сонун чыккан ырчыга чыгармачылык ийгилик ден соолук калайм жакшы ырлардын устундо иштеп журо бергиле
11.05.2016. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
05-11-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Жакшы кыз жагат да,талантын бар ийгиликтерди жарата бер.
Медиа-портал
11.05.2016. 15:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
15-07-2012
Соӊку аракети:
07-11-2017 00:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
venka8888
0
молодец ты самая лучшая!
11.05.2016. 18:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
09-08-2015
Соӊку аракети:
01-08-2018 10:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Yahoo, Менимче бизде чын эле колдоп-коштоо деген нерсе жок. Азыр сахналар сонун жасалып эле концерттер болуп жатпайбы анда деле залдагы адамдардан дайын жок. Мисалы, Нурлан менен Кайраттын концертинде Кайрат ырдап жатып элге микрофон сунганда кошулуп ырдабай коюшкан го ал кайра уялып кетип озу уланткан. Келгиле маданиятыбызды онуктуролу
Super TV
12.05.2016. 17:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
416
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
18-11-2018 14:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+2
Чынында концертте жалдырап эле отура беришет.Сыймык Бейшекеевдин концертинеде досторубуз м.н барып кол чаап кыйкырып койсок,элдин баары бизди карайт го)).бир болсо ичип алышкан деп ойлошту.
13.05.2016. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
12-05-2016
Соӊку аракети:
17-05-2017 12:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсен менен тушуп ал экоо тушкон суротту койсо жигити эч теме дебейт бекен???
15.05.2016. 01:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
26-06-2018 01:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле шайыр жонокой кыз! Бирок чын эле Арсен таарынбасына караганда жигити эле окшойтго! Эмнеси болсо да бактылуу болушсун!
Super TV
20.05.2016. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
22-09-2014
Соӊку аракети:
31-01-2017 01:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Обожаю её!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: