Силер билесиңерби?
Ичиркентип кучактасам денеңди,
Сенде жалын өчкөн сымал сезилди.
Канча жолу чакырсам да кумарга,
Дайым угам жок деген бир сөзүңдү,- деп бир мырза капалангандай, төшөктө муздак аялдар арабызда бир топ. Алардын муздактыгынын себеби эмнеде да, канткенде аларды төшөктө кумарлуу айымга айлантууга болот? Мына ушуну изилдеп көрөлү.
Төшөктөгү муздак айымдар илимде аноргазмия илдетине чалдыккандар деп аталат. Төшөктөгү муздактык убактылуу болушу мүмкүн. Ошондой эле убакыттын өтүшү менен да пайда болушу ыктымал. Сексологдор муздактыкты келип чыгуу себептерине жараша төмөнкүдөй түрлөргө бөлүшөт.
ООРУДАН УЛАМ КЕЛИП ЧЫККАН МУЗДАКТЫК
Мындай муздактык баңгизаттарды колдонуудан, төрөт учурунда жатын кынынын жаракатка учурашынан же депрессия, чарчап-чаалыгуудан улам пайда болот. Андыктан айымдар тиешелүү дарыгерлерге кайрылып, алдын ала ден соолугуна кам көрүүлөрү керек. Сексологдор мындай айымдарга «эротикалык тасманы көбүрөөк көрүп, төшөктө өнөктөшүнөн тартынбоо керек» деп сунушташат.
ПСИХИКАГА БАЙЛАНЫШТУУ
Муздактыктын бул түрү бири-бирин жактырбай үйлөнгөн түгөйлөрдүн арасында көп кездешет. Мисалы, жигит кыздын ала качып келгени аз келгенсип, нике түндө ага одоно мамиле жасаса, жаңы келинде муздактык келип чыгат. Зордуктоого дуушар болгон айымдар да аталган түргө кирет. Себеби төшөккө мамилеси сууп, эркекти жек көрүү сезими ойгонот. Психикалык жактан муздактыкка кабылган айымдарга мырзалар жакшы мамиле жасап, ширин сөздөрдү айтып эритип, өзүнө тартуулары кажет. Төшөктө түрдүү ыкмаларды колдонуп, айымынын ою менен болсо эле убакыттын өтүшү менен баары жайына келет.
ЖАШ КУРАККА БАЙЛАНЫШТУУ
Бул муздактык айымдын организминин өнүгүүсүнө байланыштуу. Тагыраак айтканда, бул түргө жыныстык жетилүүсү кеч өнүккөн айымдар кирет. Мисалы, кээ бир айымдар 23-25 жашка чыкканда гана жыныстык жактан толук жетилет. Мына ошондуктан мындай айымга жолуккан мырза түшүнүү менен карап, төшөк кумарына батууга шашпай көндүрүп баруусу кажет.
ТУБАСА МУЗДАКТЫК
Бул топтогулар тубаса муздак болуп төрөлүшөт. Маалыматтарга караганда, төшөктө оргазм албаса да ыраазы болуп жашоо кечиришет. Мындай айымдардын кээ бирлери төшөктө эркектерден эмес, айымдардын сылап-сыйпалоосунан дүүлүгүшөт имиш. Ушундан улам аларда лесбиянга айланып кетүү коркунучу жогору делет.
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
1978-жылы окумуштуу Ло Пикалло жана Лобитц төшөктөгү муздак айымдарды изилдөөнүн жыйынтыгында андан арылуунун бир нече жолдорун көрсөтүшкөн.
Ал эми сөз аягында айта кетчү нерсе, төшөктөгү муздактык бул айыкпас илдет эмес. Муздак айым болуп туруп бактылуу эне, сүйүктүү жар болуу ар бир айымдын өз колунда. Ошондуктан мындай айымдар өзүн күнөөлөп, «мен эмнеге башкачамын?» деген ойдон алыс болуусу керек.
Жылдыздардын төшөк сырларынан
СЕКСУАЛДУУ АТАКТУУЛАР
Жылдыздардын жашоосу ар дайым кызыгуу туудуруп келет. Өзгөчө алардын интимдик жашоосуна кызыкпаган адам болбосо керек. Эмесе, айрымдарынын төшөккө болгон мамилерине көңүл бөлсөк.
ХОЛЛИ БЕРРИ МЭЭЛЕГЕНИН КЫЯ КЕТИРБЕЙТ
«Esquire» журналы Холли Берринин интервьюсуна таянып, планетадагы эң сексуалдуу айым деп тапты. Ал интерьвюсунда: «42 жаш курагымда наристелүү болуп, төшөктө мурункудан да кумарлуу боло баштадым. Өзгөчө эксперименталдык секске кызыгуум жогорулады. Уктоочу бөлмөдө өнөктөшүм өз колу менен тамак бергенде жана секс алдында шарап ичкенде дүүлүгөм»,- деп ачык айткан.
ТӨШӨККӨ ТАБИТИ КҮЧ МЕГАН ФОКС
«Трансформер» фильминде башкы каармандын ролун ойногон Меган Фокс Британиянын «FHМ» журналынын жыйынтыгы боюнча сексуалдуу айымдардын катарын толуктады. Меган 22 жаш курагында жыпжылаңач сүрөткө түшүп берип, сексуалдык табити күчтүү экендигин далилдеген. «Мен өзүмдөн жаш жигиттер менен кумарга баткандан рахат алам. Анткени алар дайыма сенин оюң менен болушат. Мына ошондуктан бош убактымда кандайдыр бир жакка барып эс алгандан көрө секс менен алектегенди жакшы көрөм. Бирок бейтааныш адамдар менен кумарга батуудан алысмын» деп айрымдарды кубантып, дагы бирөөлөрдүн кыжырына тийген.
АНЖЕЛИНА ЖОЛИ КОШ БОЙЛУУ КЕЗДЕ ДА КУМАРЛУУ
Учурда бактылуу эне статусуна ээ болгон Анжелина өзүнүн интимдик жашоосунун дагы бир сырын ачты. Тактап айтканда, кош бойлуу кезинде жолдошу Бред Питт экөө жаңы ыкмаларды колдонушарын маалымдаган. Көпчүлүк айымдар кош бойлуу кезинде талгактын айынан секске салкын карап калышса, Анжелина тескерисинче кумары күч аларын кабарлаган.
ЖЕННИФЕР ЭНИСТОН ӨЗГӨЧӨ СЕКСТЕН РАХАТ АЛАТ
Женнифер Энистон прессага өзүнүн интимдик сырлары тууралуу ачык айтуудан ар дайым баш тартып келет. Бирок оозу ачык жакындары «Женнифер өзүнүн идеалындагы эркек менен өткөргөн ар бир мүнөттү кымбат деп эсептейт. Өнөктөшү анын жылаңач денесине суюк каймакты шыбап, аны кайра жалагандан рахат алат. Мындан сырткары денеге муздак муз сүртүп же куштун канаты менен сылап-сыйпаласа да дүүлүгүп, кумардын жетинчи кабатына чыгат» деп төшөк сырын жайып салышкан. Дагы бир маалыматтарга караганда, алгач Женнифер төшөктө абдан тартынчаак болгон. Бирок Жон аттуу өнөктөшү Энистондун төшөккө болгон кызыгуусун ойготуп, эң кумарлуу айымга айланткан.
ЭРКЕККЕ ТОЙБОГОН ЕВА МЕНДЕС
Ева кааласа аял же эркек менен да кумарга бата алгандыгы менен башкалардан айырмаланат. Ал төшөктө жаңылануунун болуп турусун жактырат. Мисалы, ал жаш кезинде АКШны толук саякаттап чыккан. Жөн гана саякаттабастан, ар бир штаттын мырзалары менен кумарга батып көргөн. Актриса Колорадо штатынын мырзаларына «5» деген баа койсо, ал эми Алясканын мырзалары купулуна толбогондугун маалымдаган.
Астра Айдарова
erotika@super.kg