ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ

КОЙ (21.03-20.04)
Иш деп эле жүрө бербей, көңүл ачууга да убакыт тапсам дейсиз. Тилекке каршы, көп иштер күтүүдө. Антсе да жылдыздар сизди маанилүү адамдар менен таанышууда жана натыйжалуу сапардан жолдуу кылат. Жума күнү акчалуу болуп, үйдөгүлөрдүн самаганын колуна тапшырасыз. Жекшембиде алыш-бериштерди такташасыз.

БУКАЧАР
(21.04-20.05)
Сырт келбетиңизге көбүрөөк көңүл бурууңуз кажет. Анткени пландарды ишке ашыруу максатында көптөгөн жерлерге барууга туура келет. Жумушта талап күчөшү мүмкүн. Бейшембиде жолугушууда болуп, жакшы кабар угуп кайтасыз. Ишембиде туугандар эшик кагып, конокко келишет. Жекшембиде бойдокторго сүйүүсүн арнагандар чыгат.

ЭГИЗДЕР
(21.05-21.06)
Аптада күтүлбөстүктөр көп чыкканы менен, жагымдуу болот. Ал эми карьераңызга олуттуу мамиле кылууңуз зарыл. Иште канчалык жиниңизди келтирген мамиле болсо да, эмоцияңызды ичиңизге катыңыз. Шаршембиде таанышыңыздыкына баш багып, пендечилик карызыңыздан кутуласыз. Ишембиде эски достор менен баарлашууга убакыт табылат.

БӨЙӨН
(22.06-22.07)
Окуялардын агымын өзүңүзгө керектүү багытка бурууга жетишсеңиз гана ийгилик жылмаят. Апта башында сизге кымбат адамдар менен көрүшөсүз. Шаршембиде ашыкча иштейсиз, бирок акчаңыз да көбүрөөк болот. Жума күнү иште демилге көтөрбөй туруңуз, баары бир жамаат демилгеңизди жактырбайт.

АРСТАН
(23.07-23.08)
Жаныңызда жүргөндөргө өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу ашыкча маалымат берүүдөн алыс болуңуз. Аларды кайра өзүңүзгө каршы колдонуп кетишет. Негизи аптада ишке жөндөмдүүлүгүңүз өсүп, көбүрөөк киреше алып келет. Алыскы жолго чыгууга камдансаңыз алгач керектүү документтерди дайындап алыңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08-23.09)
Аптада маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө башкы фигура болуп чыга келесиз. Шейшембиде үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү маселени чечүүңүз керектелет. Шаршембиде достордун колдоосуна муктаж болосуз. Бейшембиде жакшы көргөн адамыңыз сюрпризи менен көңүлүңүздү көтөрөт. Ишембиде базар кыдырасыз.

ТАРАЗА
(24.09-23.10)
Аптанын башы сөз көтөрүмдүү болуп, жагдайды так аныктап, тез чечим кабыл алууну талап кылат. Кейип калбоо үчүн айтылгандарды аткарыңыз. Апта ортосунда келишимдерди түзүү, жаңы үйгө көчүү сыяктуу маселелер оңой чечилет. Апта аягында тиричилик маселелерин жыйыштырып, өзүңүзгө эс алуу уюштуруңуз.

ЧАЯН
(24.10-22.11)
Буга чейин кирише албай келген иштерди колго аласыз. Алыңыз жетпей баратса тааныштарды жардамга чакырыңыз. Шейшембиде абайлабасаңыз сөздөрүңүз, кылык-жоруктарыңыз үчүн жооп берип каласыз. Шаршембиде кимге тартарыңызды билбей оор жагдайда калчу окуя чыгат. Алтын ортолукту кармаңыз. Апта аягында жаңы иш боюнча сунуш түшөт.

ЖААЧЫ
(23.11-21.12)
Аптада канча көп күч жумшап аракеттенсеңиз, ошого жараша ийгиликтер да келмекчи. Каржылык жааттагы маселени эрте чечип албасаңыз, бат эле туңгуюкка кабыласыз. Жума күнү маанайыңызды түшүргүңүз келбесе, жаныңыздагылар менен мамилеңизди териштирбеңиз. Жекшембиде жакын санаалаштар менен табигат коюнуна чыгасыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12-20.01)
Өткөн аптада бүтпөй калган иштер колуңузду кармайт. Досуңуздун айткан жакшы идеясынын арты менен олжолуу болосуз. Шейшембиде майда сөздөргө көңүл бөлбөө кажет. Бейшембиде сиздин бир ишти башкалар менчиктештирип алууга аракет кылат, жол бербеңиз. Жекшембиде жакындарыңыз жакшылыгына чакырат.

Суу куяр
(21.01-19.02)
Аптада бирөөлөрдүн жардамынан үмүт этпеңиз. Баары сиздин аракеттен көз каранды. Дүйшөмбүдө кыялдарды жыйыштырып, жашоого реалдуу кароого түрткү берчү окуяга кезигесиз. Бейшембиде сизди майда чатак, иштен кечигүү сыяктуу жагымсыз абал күтөт. Жекшембиде көптөн бери созулуп келе жаткан талашка чекит коёсуз.

Балык
(20.02-20.03)
Аптада алгач баарын ойлонуштуруп, анан аракетке өтүңүз. Иштердин баарын күнгө бөлүштүрүп, четинен аткарсаңыз көп чарчабайсыз. Жакындарыңызды таарынтпоо үчүн катуу айтуудан карманыңыз. Шаршембиде жолугушууга кечикпөө үчүн майда иштерге кол шилтеңиз. Жума күнү болуп өтчү окуяга өзүңүздү күнөөлөбөңүз, ал жерде сиздин тиешеңиз жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан