Ырчы, аранжировкачы Өктөм Сапар уулу жакындан бери «No name» командасы менен тыгыз иштешип, Мурат Жалиев менен Кадыр Жарматовду ырчы кылам деп жүргөн кези.
Бул тууралуу ырчы: «No name» командасынын жигиттери менен бирге ондой дуэт жаздыралы деп жатабыз. Учурда 2 ырыбыз жарыкка чыкты, аларга четинен клип тартып жатабыз. Өзүмө ушул жигиттер ырчы болуп такшалмайынча жанында жүрө берем деген максат койдум. Анткени жигиттердин куудулдук өнөрдөн сырткаркы таланттарын ачкым келип турат. Буюрса, элибизди мыкты маанай тартуулаган, шаңдуу, күлкүлүү ырлар менен сугарабыз»,- дейт. Өктөм куудул жигиттерди ырчы кылабы же тескерисинче Өктөмдү жигиттер куудул кылып салышабы, күтө туралы.