Кооз бакча, жыты аңкыган кызыл-тазыл гүлдөр. Мунун баары көңүлүңдү көккө сапырып, мээңди сергитет. Келгиле, колдо болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып корообузду гүлзарга айланталы.
«АЗЫР ЭЛ ЖАЛАҢ ГИБРИД ГҮЛДӨРГӨ КЫЗЫГЫШАТ»Бүгүнкү каарманым Гаухар Исламова 17 жылдан бери гүл өстүрүү менен алектенет. Ал короо гүлдөрүнүн учурдагы өтүмдүүлөрүнө жана аларга кам көрүү туурасында маалымат берет.
– Кичинемден эле гүлгө кызыгам. Кийин бул кызыгуум мени чакан парникке гүл көчөтүн өстүрүп сатуума түрткү болду. Анда элдин талабы азыркыга караганда бир аз башкачараак болчу, гибрид гүлдөрдү такыр алышчу эмес. Азыр эл кооз көрүнгөнүнө умтулат. Мурункудай көп жылдык гүл сээп коюп отура бергенди жактырбай калышты. Гүлдүн жаңы түрлөрүнө кызыгышып, гибрид гүлдөрдү көп сурашат. Ошон үчүн биз да гүлдүн жалаң ушундай түрүн өстүрүп калдык. Гибрид гүлдөр адамды кооз гүлдөгөнү менен тартып турат. Өз уругунан деле көбөйөт, бирок тиккен алгачкы жылдагыдай кооз, көркөмдүү болбойт. Ошондуктан уругун жыл сайын Голландиядан алдырам.
ГВОЗДИКА
Гвоздиканын бир жана көп кат болуп ачылган түрлөрү бар. Күнөсканага ноябрь айында айдалат да, апрелден тарта гүлдөй баштайт. Биз, сатуучулар, гүлдөр гүлдөгөндөн тарта сата баштайбыз. Анткени жөн эле жалбырак болсо, кардарлар ишенишпейт же кызыл гүл ачат деп сатып алсак сары болуп калышы мүмкүн деп сатып алгылары келбейт. Дароо короого айдайм дегендер урукту апрель айында тереңдигин 1 сантиметрден кылып айдашы керек. Жалбырагы чыккыча күндө суу куюп турбаса, урук өнбөй калат.
Суукка да, ысыкка да чыдамдуу, кыкты жакшы көрөт. Топуракка кык кошулса жакшы өсөт. Тамырынан да, уругунан да көбөйө берет. 2-3 күндө бир сугаруу керек. Бир түбүнөн бир нече гүл ачылат. Ачылган гүл 10 күндөй турат.
ФЛОКС
Уругунун бир даанасы – 2 сом
Көчөтүнүн 1 даанасы – 20 сом
Бою – 15-20 сантиметр
Жашоосу – бир жылдык
Флокс гүлүнүн 40тан ашык түрү бар. Бул гүлдүн уругун күнөсканага январь айында ящиктеги кара топуракка себебиз. Топурак кургаганда алакан менен суу чачып нымдап туруш керек, 18-20 градус температурадагы жылуулук дайыма сакталышы зарыл. Гүл 8-10 күндө эле өсүп чыгат. Ошол маалда ар бир гүлдү өзүнчө бир жолу колдонулуучу атайын полиэтилен идиштерге отургузуп, 2-3 күндө бир жарым стакандан суу куюп турабыз. Полиэтилен идиштерге отургузганыбыздын себеби – аны акырын жыртып топурагы менен короого тиккенде гүл жер алмаштырганын сезбейт, оорубайт. Эгер дароо короого сепсек, апрель айында айдалат. Кык кошулуп казылган, сол-сол болуп даярдалган жерге тереңдиги 1 сантиметрден урук себилет. Жалбырагы чыккыча күндө, чыккандан кийин 2-3 күндө бир сугарылат. Флокс маселе жаратпаган, багууга оңой гүл, топурагын эле жумшартып туруу абзел. 1 жылдык гүлдөрдүн жакшы жагы – бир гүлү соолуса экинчиси ачылып, кар түшкүчө гүлдөйт.
ПЕТУНИЯ
Уругунун бир даанасы – 3-5 сом
Көчөтүнүн 1 даанасы – 15-20 сом
Бою – 15-20 сантиметр
Жашоосу – бир жылдык
Петуния гүлүнүн уругун күнөсканага декабрда себебиз. 18-20 градус температурада өстүрүү зарыл. Топурак муздак болсо, гүл өнбөй калат. Жалбырагы 10-15 күндө чыгат. Бул гүл кыкты жактырбайт. Дароо короого сепкендер апрель айында урукту топурактын үстүнө эле чачышы керек, анткени уругу майда, топурактын алдынан чыгышы кыйын.
Петуниянын бир түбү бир учурда эле 20-30 гүл ачат. Ачылган гүл 10 күндөй соолубайт. 15 күндө бир жер семирткич дарыларды сууга аралаштырып гүлдүн түбүнө куйса, гүлдөрү чоң-чоң, көп болот. Бул гүлдүн бир оорусу бар, майда чиркей каптап кетет. Чиркейлер жалбырагын жеп салгандыктан өспөй калышы мүмкүн. Майда чиркей каптабашы үчүн алдын ала 15 күндө бир чиркейге каршы дарыны сууга аралаштырып жалбырактарына чачып туруу кажет. Самсаалап узундугу 1 метрге чейин өскөн түрү да бар, балкондорго, терезенин сыртын кооздоого ылайыктуу.
ШАФРАН
Уругунун бир даанасы – 2 сом
Көчөтүнүн 1 даанасы – 20 сом
Бою – 20-30 сантиметр
Жашоосу – бир жылдык
Шафран күнөсканага декабрда себилет, 3-5 күндө эле чыгат. Февраль айында ар бирин кагаз идиштерге отургузабыз. Ал эми дароо бакчага сепкендер сол-сол болуп даярдалган жерге тереңдигин 1 сантиметрден кылып себиши керек. Жалбырагы чыккыча күнүгө, чыккандан кийин 2-3 күндө бир суу куябыз. Гүлдөгөндөн тарта топурактын алдын жумшартып туруу керек. Шафранды жөргөмүш желеси менен ороп алып оорутушу мүмкүн. Желе болбошу үчүн алдын ала 15 күн сайын атайын дарыны сууга чылап жалбырактарына чачуу керек. Бир сабактан 10 чакты гүл ачылат. Ачылган гүл 1 айдай турат. Шафран кыкты жакшы көрөт. Кар түшкүчө короо сапсары болуп маанайды көтөрүп турат.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg