Үч адамды бычактаган окуя 12 жашар баланын көзү менен: “ӨЛҮМГӨ ДАЯРДАНГЫЛА!”

29-апрель таңменен Бишкекти жүрөк титиреткен кабар чочутту. Төрөкул Айтматов атындагы булуң-буйткасы көп, белчеден ылайга баткан кунарсыз көчөдөгү үйлөрдүн биринин короосу адам канына боёлду.

“ШЕКТҮҮНҮН КИЙИМИ КАН, ӨЗҮ МАС АБАЛЫНДА КОЛГО ТҮШТҮ”

Окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Олжобай Казабаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
- 29-апрелде маалымат түшөрү менен Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин ыкчам тобу ал дарекке барган. Короодон бутунан жаракат алган болжол менен 26-27 жаштагы кызды көрүшүп, “Тез жардам” кызматын чакырышкан. Бирок кызды сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Себеби ал алган жаракаттан көп кан жоготуп койгон. Ал эми үйүнө киргенде оңжак колтугунун алдынан алган жаракаттан көз жумган аялды жана жаш кызды табышкан. Окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-пункту (эки же андан ашык адамды өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү ЧоңЧүй каналынын жанынан кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Нарын облусунун Руслан аттуу тургуну кармалган. Ошол маалда ал мас абалда жана кийип турган кийими, бут кийими кан болгон. Шектүүнүн жанынан далил буюм катары ашкана бычагы табылды. Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кылмышка мастыгынан улам барганын айтууда.
Каза болгон Венера Матмырзаева сиңдиси Алтынай жана кызы Нуржанат менен чыгыш унаа бекеттин аймагындагы ашканалардын биринде иштешкен. Ал эми шектүү Руслан ошол эле аймакта наабайканада иштечү экен. 28-апрель күнү ал кызуу абалда Нуржанат менен сүйлөшүү үчүн келген. Бирок мас жигитти үйгө киргизбей Нуржанаттын апасы Венера Матмырзаева кетирип жиберет. Ачууланган шектүү жумушуна барып дагы ичимдик ичип, ал жактан эки бычак алып, Матмырзаевалардын батирине келет. Ошол учурда үйдө 1975-жылы туулган Венера Матмырзаева, анын 1989-жылы туулган Алтынай аттуу сиңдиси, Венеранын 1997-жылы туулган Нуржанат жана 12 жаштагы уулу менен Алтынайдын 2 жаштагы кызы болгон. Бактыга жараша, кылмышка шектүү балдарга тийген эмес. Свердлов РИИБинин кызматкерлери кичинекей кызды атасына, ал эми 12 жаштагы баланы таякесине өткөрүп беришти. Тиешелүү экспертизалар дайындалган, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү болсо СИЗОго киргизилген.

Батирдин короосунан үйүнүн ичине чейин канга боёлгон.

“ЖЭЭНИМ СҮЙЛӨШПӨЙ КОЙСО АРДАНГАН ОКШОЙТ”
Маркум Венера Матмырзаеванын бир тууганы Топчубек Матмырзаев “Русланды жакшы тааныйм, ал бизге ушундай кыянаттык жасайт деп ойлогон эмесмин” дейт:
- Руслан Шайыковду 8 жылдан бери тааныйм. Эжем Венера, карындашым Алтынай жана Руслан болуп 2006-жылдан бери токоч жасоочу цехте чогуу иштешчү. Жайкысын мен да бир туугандарыма кол кабыш кылып иштеп келчүмүн. Ошондо Руслан менен жакшы мамиледе болуп калгам. Ал менин бир туугандарым менен көп жылдан бери тааныш болгондуктан кээде эжемди “апа” деп, карындашым менен жээним Нуржанатты “бир тууган карындашымдай көрөм” деп калчу. Анткени Русландын ата-энеси жок. Мен аны мындай ишке барат деп ойлогон эмесмин. Эжем Венера өзү мага эч нерсе деп айткан эмес, угушумча, Нуржанат менен Руслан сүйлөшөм деп жүрчү экен. Балким, кыз мамиле түзүүгө макулдугун бербей койгону үчүн ушундай ишке барганбы деп жатам. Жээним сүйлөшпөй койсо арданган окшойт. Нуржанат ЖОЖдордун биринде 1-курста окучу. Ал абдан жакшы окуган, таланттуу кыз болчу. Жакын арада окуусу боюнча Кытайга барып келет деп айтып жатышкан. Бирок акча каражаты жок болгондуктан апасы жибере албай жүргөн. Ал эми Венера эжем жолдошу менен ажырашып жүргөнүнө көп болду. Күйөөсү ичип, үй-бүлөсүн таштап кеткендиктен 12 жаштагы уулу менен кызы Нуржанат, дагы бир карындашым болуп Бишкекте иштеп жүрүшчү.


Шектүүнүн жанынан далил буюм катары кан болгон бычак табылды.

“12 ЖАШТАГЫ ЖЭЭНИБИЗ АПАСЫ МЕНЕН ЭЖЕСИН БЫЧАКТАГАНЫНА КҮБӨ БОЛГОН”
Кылмышка шектүү Руслан менен наабайканада чогуу иштеген маркумдардын бир тууганы Жеңишбек Матмырзаевге да кайрылып, жооп алдык:

- Окуя түнкү саат 12лерде болсо керек. Ага чейин Руслан спирт ичимдиктерин ичип алып тынч жатып калбай ары-бери басып жүргөн. Иш көп болгондуктан биз цехке түнөп иштейбиз. Русланды “жат” деп чечинтип жаткырган болчубуз. Бир убакта туруп, тамеки чегип келем деп сыртка чыгып кеткен. Көрсө, чыгып эжемдердин үйүнө барыптыр. Болжол менен саат 1лерде эжем Венеранын 12 жаштагы баласы жылаңаяк чуркап келип, “Руслан байке, апам менен эжемди бычактап салды”,-деди. Ал Русландын апасы менен таежесин бычактаганына күбө болуп, анан качып чыгыптыр. Шашып эжемдердин үйүнө барсам кире бериште карындашым Алтынай кансырап жатыптыр. Аны көтөрүп алып эски унаа бекеттин кароолчусуна барып жардам сурадым. Кошуналарынын эшиктерин каккыласам бирөө да ачпай койду. Кире бериштин баары кан. Ичкери кирсем эжем Венера менен кызы Нуржанаттын денеси эчак эле муздап калыптыр. 12 жашар жээнимдин айтымында, Руслан биринчи эшикти тыкылдатыптыр. Үйдөгүлөр ачпай койсо каалганы талкалап кирип, “өлүмгө даярдангыла!” деп кыйкырыптыр. Дароо эле Нуржанатка “ушунун баарына сен күнөөлүүсүң!” деп бычак шилтегенде Венера эжем кызын коргоп арачыга түшүптүр. Биринчи апасын, андан соңНуржанатты бычактап жатканда Алтынай баланы тургузуп мага жибериптир. Ошол маалда тиги канкор Алтынайга да асылып, аны бутка сайыптыр. Алтынай жардам сураганы эшикке качып чыгып, бирок үйдө уктап жаткан 2 жаштагы кызын ойлоп кайра кирген экен. Ошол маалда Руслан экөөнү бычактап бүтүп, Алтынайга да оор жаракат келтирген. Бактыга жараша, Алтынайдын кызына тийген эмес. Ошентип бир күндө 2 бир тууганыбыздан, жээнибизден айрылып отуруп калдык. Биз 5 кыз, 3 уул бир тууган элек. Эжем менен карындашым бизди таштап кете берди.


Кылмышка шектүү кылган ишине аракты шылтоолоп жаткан чагы.

КОШУНАЛАРЫ “ЭЧ НЕРСЕ УККАН ЭМЕСПИЗ” ДЕШЕТ
Маркумдардын бир тууганы Жеңишбек Матмырзаев билдиргендей, түн ичинде кошуналардан жардам сурап эшиктерин каккылаганда эч ким ачкан эмес. Ал эми кошунасы Гүлбара Асанкулова “түн ичинде эч нерсе уккан
жокпуз” дейт:
- Милиция кызматкерлери келип, киши өлтүрүү болгонун айтышты. Түндө тынч эле болчу, эч кандай ызы-чуу деле уккан эмеспиз. Бул жакта батирге ар ким келип жашап кетип, бат-бат алмаша бергендиктен бири-бирибизди жакшы деле тааныбайбыз. Бирок ушул үй-бүлө узак мөөнөттөн бери жашап келишкен. Каза болгондордун үйүнөн 18-19 жаштардагы жоолук оронгон кыз биздин короодон келип суу алып, “сиздерде электр жарыгы өчкөн жокпу?” деп сурап калчу. Башка алакабыз деле жок болчу. Балам эртеңменен келип милиция кызматкерлери жүргөнүн көрүп, анан “түндө ушул тараптан жаш баланын ыйлаган үнү чыгып жаткан” деди. Окуяга күбө болбогондуктан укук коргоо кызматкерлерине деле мындан башка көрсөтмө бере албадык.
Үч тууганынан айрылып мүңкүрөп турган бир туугандары менен сүйлөшүү биз үчүн абдан оор болду. Боор этинин жартысын жоготкон каармандарыбыз кандай абалда турганын сиз да сезип турсаңыз керек, окурман.

 Кыстарылган видео 
3 адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран сүйлөшкөн кызын апасы жолуктурбай койгону үчүн бычактап салган
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
dilnaz100284
2016-05-10 10:52:44
ушундан эми эмнени тапты тигил ХХХ.
0
admin_superstan
2016-05-10 15:37:17
dilnaz100284, этика нормаларын сактаңыз.
0
Rednalf
2016-05-10 11:17:33
Ушу арак ичкен любой адамды жоопко тартыш керек.Ичтиби алып барып камаш керек.Олчойгон штрафты салыш керек.Иштесе иштен айдаш керек.Арак сатууну чыгарууну чектеш керек.Ансыз болбойт.Ичкен адам олум жазасы эмес кудайдан да коркпойт,бироону олтургон сон эмне жаза берсен да олгондун оз шору бойдон кала берет.Ушу арак саткандан кыргыздын тешиги жамалбай эле койсун.Бир грамм ичеби он шише ичеби кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек,кылмыштын булагы ошо болгондон кийин,мумкун болушунча чектеш керек.Арак
+1
Shaa-82
2016-05-10 11:20:48
Эх канкор десе журогум ооруп кетти. Оло каргап салгым келди шумшук, жексурду.
0
mirsapar
2016-05-10 12:04:09
Не деген айбанчылык бир туугандарына ото оор болуптур.
0
admin_superstan
2016-05-10 15:36:03
Erniet, janna95, Muhammadnur96, провокация жаратуучу билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Il9s
2016-05-10 17:20:06
Кытайдын законун киргизиш керек.мындайларды ХХХ .турмого отурса буларды тамак менен багыш керек да,олкобуз зыянга учурайт
+1
admin_superstan
2016-05-10 17:30:34
Il9s, провокация жарата турган билдирүү жазууга тыюу салынган.
0
Akzi
2016-05-16 00:10:35
Il9s,кошулам. Өмүр боюу буларды багып ,андан көрө ошол акчаларды жетим-жесирлерге бериш керек
0
Boldukan86
2016-05-10 19:37:24
эх суроттор страшный го. коруштон коркосун. Аллахым озу сактасын. Мынча мыкаачы болуп баратабыз. баарыбыз олобуз бул жашоодогу эмес аркы дуйнодогу сурактан корккула. Намаз окуш керек ошол учун. Тушунук жок
0
tailagym15
2016-05-11 13:14:44
Жырткычтан да айырма жок,тооба
0
nurzhaz
2016-05-12 14:04:53
Арак саткан акмактар ошо балдардын жетим калышына арак алып саткандар куноолуу.
0
admin_superstan
2016-05-13 12:41:42
Shadykanov, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Guli-94kg
2016-05-13 14:05:48
Окуп жатып жанын атышат.
0
Jaloshtalnarisbatchui
2016-05-13 22:24:35
Арак -ал рак .... Кудайым сактасын.
0
Fragrance.1795
2016-05-14 20:16:20
Оо, Аллах,ыйман бер.
0
UYRYSBEK
2016-05-15 08:24:03
Аллах озу тараза,кандай болгон кундода жазасын берет жараткан дайыма жазалайт,туугандарына Аллах сабырдуулук куч кубат берсин,конул айтам!!!
0
Inna_91
2016-05-15 13:29:41
Кайсы магазинден ичкен ошол магазиндин эгесин арак сатпа деп айтиш керек
0
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан