Айжамал Кабылова: «АЗАМАТ БИЗ АЖЫРАША ЭЛЕКТЕ 19 ЖАШТАГЫ КЫЗ МЕНЕН ЖАШАП АЛГАН»

«Турмушум бузулуп, эл алдында жаманатты болуп жатам. Элге чындыкты айтышым керек болду»,- деген өтүнүч менен Айжамал Кабылова бизге кайрылды.

«КАЙНЕЖЕМ «КОЛХОЗКАСЫҢ», СЕНИ БААРЫ БИР ЖОК КЫЛАМ» ДЕЧҮ»
«Башымдан өтүп жаткан окуяны эч бир жанга каалабайт элем. 34 жашымда өңүм эмес, түшүмдө көрбөгөн шумдуктуу окуяга кабылып, кабыргам кайышып отурат. Ак нике, ак сүйүү менен баш кошкон жолдошум, балдарымдын атасынын запкысына кабылдым...»
– 9 жыл бою бирге жашап, бир бүтүнгө айланып калган жолдошум ар кимдин сөзүнө кирип үй-бүлөсүн бузуп тынды. Москва шаарында күйөөгө тийип, бат эле ажырашып кеткен Нагима деген кайнежем биз менен чогуу жашап, турмушубузга кийлигишип үй-бүлөбүздү уратты. Жок жерден чыр чыгарып, балдарымды кагып-силкип, өзүмдү жерден алып көргө салар эле. Өзүн шаардык сезип, «сен «колхозкасың», сени баары бир жок кылам» дечү. Эмне деген сөздөрүн, кылык-жоруктарын кулагымдын сыртынан кетирип жашап жүрдүм. Анткени бул убактылуу эле көрүнүш, эң негизгиси Азамат менен жакшы жашасам болду деп ойлочумун. Тилекке каршы, жолдошум мени колдогондун ордуна кордоду. Аны менен жашап жүргөн кунарсыз күндөрүмдү ойлосом, тебеленген кадыр-баркымды эстесем, жүрөгүм ыйлап, көңүлүм сыздайт.
«Москвада жүрүп Айжамалдын аты өчүп баратат, чыгармачылыгын жандандырыш керек» деген «Кыз-Буракта» ырдап кеткен эжесинин бал тилине кирип, мени 2 балам менен 2013-жылы Бишкекке «чыгармачылыгыңды өнүктүр» деп 2 бөлмөлүү үй сатып берип таштап кеткен. Болбосо мен ырдашым керек деп чыгармачылыкты үй-бүлөдөн жогору койгон жан эмесмин. Эч жаман оюм жок күйөөм мени түшүнүп, жакшы мамиле кылып жатат деп кубанып, чыгармачылыктын үстүнөн иштей баштадым. Ал менден кутулуш үчүн бул сценарийди ойлоп тапкандыгын кийин байкап жүрбөймүнбү.

«АК НИКЕМДИ БУЛГАГАН БОЛСОМ, БАЛДАРЫМДЫН КҮНҮН КӨРБӨЙ КАЛАЙЫН»
«Азамат 2 жылдан бери 19 жаштагы көлдүк Мээрим аттуу кыз менен нике кыйдырып жашап жүрүптүр. Андан башка да бизнесмен аял менен ойноп жүргөнүн Азаматтын өз оозунан, досторунан, тааныштардан уктум. Бул нерсеге ишенгим келбей, сай-сөөгүм сыздап азапта жашадым».
– Чыгармачылыгымдын токтоп калышына көз жумуп, балдарым менен Москва шаарына, жолдошумдун жанына барганыма карабай кайнежем менен Азаматтын моралдык жактан басынтып, мага каршы жасалган кемсинтүүлөрүнүн чордонунда калдым. Азамат экөө Фейсбукта Анара, Инстаграмда Сонунова деген аттар менен жаңы баракчаларды ачып, мени каралай башташты. Айжамал Кабылова, Аман деген почта баракчаларын ачып 2 адамды сүйлөштүрүп, сүйүштүрүп жиберишти. Элдин баарын келесоо ойлоп, өзүн эр ойлогон булар азыркы адамдар алардан да акылдуу экендигин билгиси да келген жок. Мына ушундай кечиримсиз, ыплас иштерди уюштуруп, Аман деген тамадага байланыштырып бактылуу жашообузга балта чапты. Эл адамы болгондон кийин күйөрмандардан толгон-токой СМС келет экен. СМС башка, жашоо башка да. Кудай турат, ак никемди булгаган болсом, балдарымдын күнүн көрбөй калайын деп эли-журтумдун алдында айтам.

«ДҮКӨНДӨ САТУУЧУ БОЛУП ИШТЕП БАЛДАРЫМДЫ БАГЫП ЖҮРДҮМ»
«2 баламды атасыз калтырбайын деп баарына кайыл болуп жашадым. Азаматтын кол көтөрүп, сезимимди, көңүлүмдү кордогон күндөрү болду. Үй-бүлөмдү сактап калуу максатында намазга да жыгылдым».
– Жолдошум баш айланткан махабатынан бошобой мага эмес, балдарына да көңүл бурбай, аларды урушуп чүнчүтүп да жиберди. Натыйжада болор-болбос тыйынына көпкөн ал бай аялдар менен мамиле куруп, балдарын унутуп, кызыбыз Жыпараны да мектепке киргизбей талаада калтырды. Акчасын аяп жатып балам балдар бакчасына барбай калды. «Өзүңдүн тамагыңды өзүң таап же» деп 1 тыйын бербей же үйгө тамак-аш алып келбей калганынан базарга чыгып, дүкөндө сатуучу болуп иштеп балдарымды багып жүрдүм. 1 күн келсе, 3-4 күн келбей, кайда жүргөнүн айтчу эмес. Келсе да жөн келбей, жаңжал чыгарып «итти да кет десе кетет, сен эмне кетпей жүрөсүң?!» деп жүрөгүмдү жаралап, көз жашымды далай агызды. Айрыкча атам каза болуп кабар келгенде «барышыбыз керек» десем, «Өлгөн атаң өлүптүр, азыр барсаң эле тирилтип алмак белең? Акча тапканда барабыз» деп душмандарым жасабас кайдигерлик мамилеси менен бүт үмүтүмдү өчүрдү. 1 жума издеп, карызга жол кире таап, атамдын кыркына араң бардым. Жолдошум барбай койду.
Акыры канча аракет кылсам да жашоомдун оңолушуна көзүм жетпегенде «жообумду бер, Кыргызстанга кетем, биздин жашоо болбой калды окшойт» деген талапты койдум. Ошентип биз ажыраштык. Депрессияга түштүм, каякка барарымды билбей карайлап 2 бала менен апамдын жанына келдим.

«СЕБИМДИ БЕРБЕЙ, ФОРМАЛАРЫМДЫ ӨРТТӨП САЛЫШТЫ»
«Ажырашканда «Бири-бирибизди жамандап элге жарыя кылбайбыз. Өзүбүз эмес, балдардын келечеги үчүн жакшы мамиледе калалы» деп убадалашкан элек. Ошондуктан Азамат менен ажырашканыма 9 ай болсо да эч ким менен сүйлөшпөй, эч кимге дартымды айтпай кан жутуп жүрдүм».
– Антыбызды, шертибизди бузуп, эркек башы менен биздин ажырашканыбыз тууралуу маалыматты гезитке биринчи болуп Азамат таркатты. Андан кийин менин анын деңгээлине түшпөй, алардын үй-бүлөсүн каралабай, жамандабай, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбей этияттап берген маегиме эл күбө. Балдарымдын атасы деп анын кылык-жоруктарын жаап-жашырганымды, аяганымды коркту деп түшүнүп, Азамат оозуна келгенди оттоп, кимдир бирөөлөр үйрөткөн сөздөрдү болушунча айтыптыр. Мени каралаган, жамандаган маегинен кийин дагы деле сабыр кылып, анын деңгээлине түшпөйүн десем да ал тараптан айтылган жалгандар, бет тырмоочулуктар намысыма тынчтык бербей койду. Азаматтын берген маеги 90 пайыз калп, куру жалаадан куралгандыгын баса белгилеп айткым келди. Кимдин ким экендигин эл да билип бүттү окшойт.
9 айдан бери балдарынан кабар алмак тургай булар кандай жашап жатат, кийимдери, тамак-ашы барбы деп ойлоп койбой көчөлөп ойноп жүргөнүн жашыргысы келип кайра-кайра актанып жатканына бир чети күлкүм келсе, бир чети ызаланып жатам. Ал эми кайнатам менен кайненем үй-бүлөбүздө болуп жаткан ызы-чууга, уруш-жаңжалга кайдигер гана мамиле жасап коюшту. Атам менен апам өз каражаттарына сатып берген эмеректеримди, буюм-тайымдарымды, кийимдеримди, балдарымдын кийим-кечелерин бербей коюшту. Жадакалса концерттик формаларымды, дисктеримди өрттөп салышты. Мейли, ошол нерселер менен бүтөлбөгөн жерин бүтөп, жыртыгын жамап алышсын!

«ЖАКЫНДА СОТКО КАЙРЫЛЫП, КАЛГАН МАСЕЛЕНИ СОТ АРКЫЛУУ ЧЕЧИШЕМ»
«Дүйнө мен үчүн жарыгын жапкандай болуп үйдөн чыкпай, көз жашымды төгүп жашадым. Бирок мен жашаган дүйнөдө жакшы адамдар көп экен. Алар кол сунуп көңүлүмдү көтөрүп, моралдык, материалдык жардамдарын аябай, менин кайра элге аралашып ырдап чыгышыма көмөгүн көрсөтүштү
».
– Турмуштун катуу соккусу, куру жалаалар, жүрөгүмдү ооруткан азап-тозоктор артта калды. «Мен сени бомжго айландырам, алдыма чөгөлөтүп, бутумдан өптүрөм» деген Азаматтын сөздөрү кулагыма жаңырган сайын кайрадан тирилип, кайрадан күчтөнүп, жашоого болгон аракетим күчөдү.
Бир гана сөздү Азаматка айтып коёюн дедим. Менин жана балдарымдын жашоосуна аралашпай, өзү тандап алган жолунда жыргап жашай берсин. Улам мага жармаша бербей өз жолунда тиричилигин кылсын. Жакында сотко кайрылып, калган маселени сот аркылуу чечишем. Балдарымдын келечеги үчүн, алардын жашоосундагы калтырган атасынын тагын кетирүү үчүн бар күчүмдү жумшайм.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (382)
Aidai5555
2016-05-13 21:18:30
Үй-бүлөнүн бузулганы жакшы эмес, анан экөөнүн жарышып прессага бергени, бүт элге жарыя кылганы андан да жакшы эмес. Муну кыргыз "өз абийирин өзү төгүп..." дейт.
+8
Birimdik5555
2016-05-14 00:41:19
Аа иий комментарийлер тогуз бет болуп кетиптир,бул деген Айжамалдын куйормандарынын коптугу,эч бир артистке мынчалык жазышкан эмес эле,Айжамал балдарын менен бактылуу бол,куйормандарындын ишеничин актап сахнада дагы коп-коп ийгиликтерге жетиш. Азамат аттин кылып бармагын тиштей турган кылып омур сур!
-1
amin1986
2016-05-14 07:23:09
Ооой эже,жолдошуңуз жаман болсо жамандыр,элдин баарына айтып эмне кереги бар эле, ХХХ ХХХ
+3
admin_superstan
2016-05-16 17:55:56
amin1986, коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтыруудан алыс болуңуз.
-1
mamashovich88
2016-05-14 10:14:52
Айжамал ак жерден кара болуп жатат окшойт. Мен Айжамалга ишенем жана аны колдойм. Азамат чыныгы "азамат" болбойт беле. Эки балалуу болуп анан таштап коебу. Тиги эжесине не жок дейм да. ХХХ ХХХ ХХХ
-3
admin_superstan
2016-05-16 17:52:53
mamashovich88, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
mamashovich88
2016-05-14 10:21:59
Айбанды деле мисалы маймыл, арстан ж.б тарбиялап долго салып жатат го. Ага караганда Айжамал адам го. Эркектей болуп тарбиялай албайбы. Эркек киши копкондо элуусундо жаш болот деген ушул даааа. Бирок элууго чыга элек конечно. Эгер Айжамал мага турмуш курууга макул десе эки баласы менен да алмакмын. Азаматтай байлыгым болбосо да андан жакшы мээримим, суйуум бар. Анткени мен "жаан-жаанымды" аябай суйот элем го. Озумчо эле бироолордон кызганчумун. Мен азыр бойдокмун даны деле. Сунуш айтса
+1
BebeU
2016-05-14 12:42:48
Ухуу!Мен эле куйуп атам,агынан караланып калдыбы деп,бушайман жеп журсом мендей суйгон,баалаган адамдар коп экен.Коп жакшы ырларды кутобуз!Саналуу ырчы бар озу эстрада жаатында,сап башында Айжамал турат мен учун.Колдоого дайым даярбыз колубуздан келишинче,спонсордук кылмакпыз Эл аралык конкурстарга катышчы Ажими,1 эмес катарынан 3-4 сынактарга,сен татыктуусун!Поклондорун 5 млн дун 4,5 млн эли сени баалайт,кээси короалбайт ачык соз,ага конул болбо.Кызыктуусун баарына,счет ач каражатынды которобуз
-2
Jamelia
2016-05-14 19:14:22
Аиий,дагы деле талкуу бутпоптур го.ажырашканына бир жыл болоюн деп калыптыр,не кереги бар кайрадан ырбатып.инстада Нагимчик тытынып атат го,баары менен айтышып.
-4
arzuuu
2016-05-15 00:26:46
Атасы акчасын аяп кызым талаада калды мектепке бербей дегенине чыдай албадым. Азыр ырчылар бир тойдо ырдаганы 200$ табат. Кызын жанында неге озун эле берип койбойсун мектепке.Уят ай эне болуп туруп кантип чыдады ушуга? Тан каласын ушундай адамдар бар экенине.
+5
arzuuu
2016-05-15 00:33:02
Мен балдарым учун жаным чыгып кетет мисалы убагында кылбасам. Баардык эле энелер ушинтет дечи балам дегенде жатып калабыз. А бул кызым талаада калды дейт. Байкуш кыз десе убагында билим албай. Кор кылбачы кызды айжамал. Аман чакырса тээ жалал абад ошко чейин тойлорго барасын. Балага зээним кейиди.
+3
LASTO4KA_1
2016-05-15 12:43:10
arzuuu, Сиз кимсиз билбедим, бирок ушул интервью чыккандан бери тытынып эле атасыз.
Менимче Айжамал Москвада болгон окуяны айтып жатат. Же 200$ тапкыдай Москвада да Айжамалды тойго чакырып атыштыбы. Айтып жататго "айлам жок калганда, балдарымды багуу максатында дукондо сатуучу болуп иштедим" деп. Демек Москвада иштеген. Кр да болсо иштемек эмес. Сиз айткандай 200$ дан тапмак. Бирдекени окуп жатканда маани манызына карап окуйсунарбы? Же эптеп эле каралаш керекби?
-3
arzuuu
2016-05-15 17:09:45
LASTO4KA_1, бир гезитке кыздарга арналган кызым москвада мектепте окуйт деп жазыптыр. Эми бишкекте окутам деп. Однодо страничка озунуку болчу. Тойлорго заказ алам деп. Кийин нагимага шылтап койдуга. Кооп эле ордоктор учуп кеткен экен.
+6
admin_superstan
2016-05-16 16:33:11
Abospekova, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
0
begai93
2016-05-15 01:02:48
Айжамал эже алгаа! Биз сиз менееен )))
-2
Siren90
2016-05-15 20:40:03
Эртең жаңы сан чыгат, ага алаксып калар бекенсиңер же дагы эле комментарийлер токтобойбу.
-5
admin_superstan
2016-05-16 17:41:59
bibinura, arzuuu, BebeU, Aidowi, жеке айтышууларга, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. BebeU, arzuuu, bibinura, 3 күндөн БАН!
0
bellacvetochek
2016-05-16 21:30:16
Супер уана менин смстерим
0
admin_superstan
2016-05-17 10:12:47
bellacvetochek, саламатсызбы? http://www.super.kg/article/show/33663
0
bellacvetochek
2016-05-18 01:00:17
Саламатчылык админ
0
admin_superstan
2016-05-19 15:31:03
ritulek, маани-мазмуну бирдей билдирүүнү бир нече жерге калтыра берүүгө, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына далилсиз шек келтирип, каралоого тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
0
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан