SUPER.KG ПОРТАЛЫНДА “КҮНСЕРЕП” рубрикасы өз ишин баштап, күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.
28-АПРЕЛЬ: ӨКМӨТТҮН ЫРЧЫЛАРГА КҮНҮ ТҮШТҮ
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү бүгүн парламентте ант беришти. Анттан кийин депутаттар өкмөттүн 2015-жылкы отчётун угууга киришти.
Өкмөттүн отчётундагы айрым маалыматтар депутаттардын сынына кабылды. "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров ырчылар Жийдеш Идирисова менен Кайрат Примбердиевдин эл аралык сынакта жараткан ийгиликтерин өкмөт өзүнүн отчётуна киргизип алганын билдирип, өздөрүнүн күчү менен сынактарга катышкан ырчылардын жеңишине авторлош болууга өкмөттүн акысы жоктугун айтты.
Кыргыз жеринде эстрада ырчыларына, дегеле шоу-бизнес тармагына жыргаткан өкмөттүк колдоо жок. Көпчүлүгү сынактарга жана фестивалдарга өз чөнтөгүнүн эсебинен же демөөрчүлөрдүн колдоосунун арты менен катышып жүрүшөт. Аталган ырчылар чет мамлекеттеги сынактарга катышуу үчүн демөөрчү издеп бир топ убара тартышканда Көк үйдөн жардам болгон эмес. Кантсе да сынакта ийгилик багынтышып, өлкөнүн желегин желбиретип келишти. Эми алардын мээнетин өкмөттүн менчиктеп алышы канчалык жөндүү? Өкмөттүн мындай "эрдиги" биринчи жолу болуп жаткан жок... 2012-жылы Темир Сариев экономика жана монополияга каршы көзөмөл министри болуп турганда “Чехия-Словакия таланттарды издейт” сынагынан биринчиликти утуп, 100 миң евро алып келген Атай Өмүрзаков менен “Евразия жылдызы” сынагынан 30 миң доллар алып келген Гүлжигит Калыков мамлекеттин бюджетине кирешенин 10 пайызын салык иретинде төлөшү керектигин айтып, көпчүлүктүн кыжырын келтирген.
29-АПРЕЛЬ: БИШКЕКТИН НЕГИЗДЕЛГЕН КҮНҮНӨ ТАБИЯТ "СЮРПРИЗ" ТАРТУУЛАДЫ
Бишкек шаарынын 138 жылдыгы белгиленди. Концерттер, спорттук оюндар, жаңы ачылган бала бакчалар... Бирок мунун баарын табияттын борбор шаардын негизделген күнүнө "даярдаган сюрприздери" жууп кетти сыяктанат. Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө 8 дарак кулап, бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Текшерүүдө дарактардын алтоосу чирип калганы, экөөсү түбүнөн жулунуп кеткени белгилүү болду. Бишкектин Киев көчөсүндө бүгүн жаңы курулуп жаткан имараттын каркасы кулап түшүп, тротуарды алып кетти. Имараттын каркасы жамгырдын кесепетинен улам кулаганын, учурда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышканын билдиришти. Майрамдык атмосфера ушундай...
2-МАЙ: ЛУНАРА МАМЫТОВАНЫН ОКУЯСЫ ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАРГА КАРАТА ЖООПКЕРЧИЛИКСИЗ МАМИЛЕСИН КӨРСӨТТҮ
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Лунара Мамытованын мандаттан баш тартуу арызын 6-майда карашы мүмкүн. Маалыматты 2-майда SUPER.KG порталына комиссиянын мүчөлөрү билдиришти. Мамытова мандаттан баш тартуусун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялап, саясатка нааразы экенин айтты. "Мен үчүн адам бойдон калуу - башкы максат. Кресло үчүн өлбөйм! Өлкөбүздүн саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчылардан көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш, албетте, саясатта жакшы адамдар дагы бар", - дейт депутат.
Буга чейин саясатта болбогон Лунара Мамытова "Бир бол" партиясынын тизмесине жаштар жана гендердик теңдик талаптарынан улам илинип, парламентке келгендердин бири. Аны мандатты тапшырууга аргасыз кылып жатышкан болсо, же кандайдыр бир басым жасалган болсо, парламенттин трибунасынан айтып чыгуусу зарыл болчу. Же сотко кайрылуусу керек эле. "Мандат үчүн өлбөйм" деп интернеттеги баракчасына жарыялоо менен ал өзүнүн жоопкерчиликсиздигин актоо амалын кылдыбы деген суроо жаралат. Эгер башынан эле депутат катары чыгынып иштебей турганын билсе, анда элди эки эсе алдаганы.
Лунара Мамытова шайлоодо башка талапкерлердей эле парламентке келсе элдин жашоосун жакшыртарын айтып убада берип, партиясын мактагандардын бири. Шайлоочулардын кайсы бир бөлүгү белгилүү тележурналист Лунара Мамытова үчүн "Бир болго" добушун беришти. Жаш, билимдүү талапкер катары андан үмүт кылышты. Депутат бүгүн "мага саясат жакпай калды" деп мойнуна илинген жоопкерчиликтен баш тартып отурат. Бул шайлоочуларды сыйлабастык жана жоопкерчиликти сезе билбегендик... Партия "көзүрлөрүнүн" басымына карабай (эгер андай басым болуп жатса, аны менен парламенттин трибунасы аркылуу күрөшүүсү керек эле) парламентте өз шайлоочуларынын кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө милдеттүү болчу. Болгону депутат катары чет жакка чыгып келүүгө үлгүрдү жана анын өмүр баянында "Жогорку Кеңештин депутаты болгон" деген жазуу калат...
3-МАЙ: “КУМТӨР” САЯСИЙ УПАЙ ТОПТООНУН ЭСКИРГИС БУЛАГЫБЫ?
“Кумтөр” эки вице-президентинин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүсү тууралуу бүгүн, 3-майда билдирүү таратты. Компаниянын билдирүүсүнө таянсак, мекеменин каржы боюнча жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президенттери алдын ала пландалган эмгек өргүүлөрүнө байланыштуу кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетишкен. Башкача айтканда, эки жетекчинин тең чек арадан чыгып кетүүсү “Кумтөр” компаниясынын кеңсесин тинтүү иштерине байланыштуу эмес.
Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде аталган ишкананын Бишкектеги кеңсесинде Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы биргеликте тинтүү жүргүзүшкөн. "Тинтүү мекемеден каражаттар жана активдер мыйзамсыз түрдө чыгарылып кеткен деген факт боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөнүн" Башкы прокуратура билдирген.
Эсиңиздерде болсо, “Кумтөрдөн” ири көлөмдө акча каражатын чыгарып кетүү окуясы мындан 2 жыл мурун да орун алып, 2014-жылдын май айында башкы күнөөкөр катары “Кыргыз алтындын” ошол кездеги башчысы Дилгер Жапаров камакка алынган. Башкы прокуратура "Кумтөрдөн" “Центерранын” пайдасына 200 миллион доллар мыйзамсыз түрдө чыгарылып кеткен" деп айыптап, бир жылга жакын жүргөн сот иши Дилгер Жапаровду 3 жылга эркинен ажыратуу менен аяктаган. Тергөө абагында отурган 1 күнү 3 күнгө эсептелүү менен Дилгер Жапаров өкүм чыккан соң 10 күн гана камакта отурары белгилүү болгон. Ошентип, кыргыз өлкөсүнөн 200 миллион доллар акчаны чыгарып кетүү окуясы кылмыш ишиндеги башкы фигуранттын 10 күн абакта отуруусу менен жыйынтыкталган.
“Кумтөр” оппозиция эле эмес, керек болгон маалда бийлик да колдонуучу саясий упай топтоонун эскиргис булагына айлангандай. “Каражаттарды жана активдерди чыгарып кетүү” окуясынын дал ушул маалда элге жарыялануусу, компаниянын кеңсесине жүргүзүлгөн тинтүү, эки вице-президенттин тең өлкөдөн чыгып кетүүсү, ага байланыштуу Башкы прокуратуранын билдирүү таратуусу атайын даярдалган сценарийдин негизинде жүрүп жаткан сыяктанат... Эки жыл илгери Дилгер Жапаровдун иши тергелип жатканда тинтилбеген "Кумтөргө" бийликтин азыр көңүл буруусу кокустан болбосо керек. Эл көзүнө "баатыр" болуп көрүнүү мезгили эми, президенттик шайлоого 1 жылдан бир аз гана ашык убакыт калганда келгендир. Албетте, саясий упай топтоо үчүн саясатчылар эмнеге гана барышпайт. Бирок бийлик саясий упайды гана эмес, элдин жашоосун да ойлосо жакшы болмок. Жогоруда айтылган жана айтылбай калган миллиондогон долларлар өлкө казынасына эмес, башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кеткени өкүнүчтүү...
4-МАЙ: ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫККА ЖЕТТИК ДЕГЕН КЫРГЫЗСТАНДА ЧЫРАК МЕНЕН КҮН КӨРГӨН АЙЫЛДАР БАР
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Күрп-Сай, Кызыл-Бейит, Кургакты айылдарына азыркыга чейин электр энергиясы тартыла элек. Аталган айылдар курамына кирген Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Келдейбай Сатыбеков светсиз айылдын жашоочулары техникалык прогресстен артта калганын билдирди. Айтымында, мурунку бийликтин тушунда айылдарга электр жарыгын жеткирүү чыгымдары такталып (36 миллион сом жумшалары айтылган), ошол боюнча калып кеткен. Андан бери тийиштүү органдарга көптөгөн каттар жазылып, жооп кайтарган киши болбой жатканын айтат жергиликтүү чиновник.
Бийлик "Датка-Кемин" подстанциясынын курулушу менен Кыргызстан коңшулардан энергетикалык көз карандысыздыкка жеткенин айтып жүрөт. Жогоруда сөз болгондой айылдар өткөн кылымдардын шартында жашап жатканда, энергетикалык көз карандысыздыкка жеттик деп айтуу кыйын. Кресло, планшет, чиновниктер үчүн сууда сүзүү кызматтарын сатып алууга салык төлөөчүлөрдүн миллиондогон акчаларын садага чабууга даяр чиновниктердин чырак менен отурган айылдардын көйгөйүн көңүлгө албай жатышы өкүнүчтүү. Чиновниктер өздөрүнө шарт түзүүгө келгенде акча таап, элдин муктаждыгына келгенде бюджеттин тартыштыгын бетке кармоону токтотушса болор эле.