Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери: "АРАБЫЗ СУЮЛУП ТУРЧУ, БИРОК ТОЛУКТАЛЧУ ЭМЕС"

Согуш – апаат, согуш – каргаша. Адамзатынын өзүнө-өзү тилеген азаптардын бири – бул согуш. Кан жуткан энелер, жетим калган балдар, жесир калган аялдар. Эркиндик үчүн ушунча азапты башынан өткөргөн аталар, агалар катышып келген Улуу Ата Мекендик согушту узун-туурасынан жазсак да аягы түгөнбөйт.

"ЧЕК АРА КАЙТАРДЫК"
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Социалисттик эмгектин баатыры Аскар Чөжөбаев 1920-жылы Чүй облусунда төрөлгөн. Быйыл туура 96га чыккан ардагер согуш жылдарынан кеп салып, тамашалай да сүйлөп отурду:
- 1940-жылы аскер кызматын өтөөгө чакырылдым. 1-дүйнөлүк согуш башталып, кырдаал курчуп турган эле. Мен СССРдин Ыраакы Чыгышындагы азыркы Владивосток калаасына бөлүндүм. 1941-жылдын 22-июнь күнү бүгүнкүдөй эсимде. Командирлерибиз баарыбызды катарга тизип, "СССРге фашисттик Германия кол салды" деген суук кабар угузду. 70 вагондуу эшелон менен миңдеген аскерлерди Ыраакы Чыгыштагы порт шаарлардын бирине алып жөнөштү. Ал жактан аскердик казарма даярдап, бизди ошол жерге 15 күн окутуп, курал менен жабдышты. Мен жумушчу батальонго бөлүнүп, биз СССРдин Япония менен чектешкен аралыкты кайтарып калдык. Кийин 225-артиллериялык полктун 1-дивизионунда кызмат өтөй баштадым. Башында Япония жактан бизге кол салуу болбосун деп чек арачыларды катуу күчтөштү. 1943-жылдан баштап бизден дагы батышты көздөй аскерлер жөнөтүлүп жатты. Арабыз суюлуп турчу, бирок толукталчу эмес. Биздин полкто Кыргызстандан барган 30дай кыргыз бар эле, анын көпчүлүгү фашисттер менен согушууга бөлүнүп, ал жакта бешөөбүз гана калганбыз. Сокулуктук Куртан Байматов деген полчаным менен Кыргызстанга келгенде катташып жүрдүм. Кийин ал да каза болуп калды.


"УКТАГАН ЖЕРИБИЗ САМАН, ЖЕГЕНИБИЗ БИР СЫНДЫРЫМ НАН"
- Владивостокто суук -40-45 градуска чейин төмөндөйт. Тизеден келген кар кечип, тоң жерди чукуп окоп казабыз. Качан Япония тарап союздашына жардам кылабыз деп советтик чек араны басып кирет деген гана ой менен жашайбыз. Күнүнө ар бир аскерге 3 маал 200 граммдан нан, эртең менен арпадан бышырылган 1 чөмүч ботко, түштө 1 чөмүч буурчак шорпо, кечинде куурулган балык берет. Үстүбүздөн жайы-кышы китель түшпөйт. Жаткан жерибиз тактай жана саман. Колубузга алгач бирден беш атар мылтык жана противогаз гана беришкен. Кийин гана күчтөп керектүү куралдар менен камсыз кыла башташкан. 1942-жылы мени алдыңкы жоокер деп Коммунисттик партияга мүчө кылышты. Ал учурда партияга мүчө болуу чоң сыймык болчу.

"ӨЗҮБҮЗДҮН АСКЕРЛЕР АДАШЫП ӨЗҮБҮЗДҮКҮЛӨРДҮ КЫРЫП САЛДЫ"
- Арабызда ар улуттан бар, жадакалса немистер дагы. Улуту эле немис болбосо, СССРдин жараны болушкандыктан, өз улутуна каршы согушушту.
Колго түшкөн япон туткундарын күзөтүп калган да күндөр болду. Биздин карамагыбызда жүрүп алар орус тилин тез эле өздөштүрүп алышты. Биз болсо япон тилин өздөштүрмөк тургай түшүнчү да эмеспиз. Совет бийлиги орногондо кулакка тартылып Япония тарапка ооп кеткен бай орустар көп болор эле. Алар бизге бал, балык, аппак жакшы нандардан беришчү. Согуш талаасын кечпесек дагы суук, ачкачылык, капыстан каптаган оору бир топ аскердин жанын алды. Арабыздан батышка согушка кетип жатканы аз келгенсип, бир ирет өзүбүздүн кызыл армиянын аскердик учагы бир топ аскерибизди кырып кеткен. Көрсө, япон аскерлери чыгыш чек араны бузуп кирди деген маалымат түшүптүр. Ал учурда биз япон аскерлерин колго түшүрүп, абалды турукташтырып койгонбуз. Бул тууралуу кабар штабга учурунда жетпей калгандыктан, өзүбүздүн аскерлерге истребитель менен келип ок жаадырып кетти. Натыйжада бир топ аскерибизден ажырап калганбыз.

"ЭКИ АГАМ СОГУШТАН КАЙТПАЙ КАЛГАНЫН УКТУМ"
- Дээрлик 6 жыл Ыраакы Чыгыш тарапта чек ара кайтаруу менен өттү. Мен кан аккан батыштын согуш талаасын кечпедим. Бирок ар бирибиз азыр десе азыр төш тосуп, колго курал алып согушка аттанууга даяр турдук. 1945-жылдын май айы. Шашылыш "тревога" жарыяланып, бардык аскерлерди катарга тизилүүгө буйрук берилди. Кезектеги бул катарга туруу жагымдуу, көзгө жаш алып, кубаныч менен тосуп ала турган кабар менен коштолду. Жеңиш күн келиптир. Асманга тумактарыбызды ыргытып, сүйүнүп, ыйлап, айтор, "Ура-алап" эле жатып калдык. Ошол күнү 6 жылдан берки эң узак уйку болду. Баарыбызды жайыбызга коюп, командирибиз эрте тургузган жок. Тамак-ашыбыз да кенен болуп, курсак тоюп калды. 1945-жылдын сентябрь айында Сталиндин буйругу менен Японияга кирип бардык. Бир нече шаарын басып өттүк. Аялдарга, жаш балдар сыяктуу тынч жаткан калкка тийген жокпуз. Эгер аскерлери курал алып каршылык көрсөтсө гана алар менен салгылаша турган болдук. Эки айдан кийин Япония тарап СССР менен тынчтык келишимине келип, кол коюлганын уктук. 1946-жылы Владивосток шаарына кайттык. Андан бир жылдан кийин мен мекениме кайттым. Фрунзеге түшүп, Беш-Күнгөйдөгү үйүмө келдим. Эки агам согушка кетип кайтпай калыптыр. Атам мурда эле каза болуп калган. Байкуш апам эки уулунан бирдей айрылып, менден да үмүтү өчүп, 14-15 жаштагы инимди медер тутуп жалгыз калыптыр. Улуу агамдан калган 2, кийинки агамдан калган 1 баланы багып жаткан экен. Эки жеңем болсо балдарын апама таштап, турмушка чыгып кетишиптир.

"КЕМПИРИМ ҮЙЛҮҮ БОЛОБУЗ ДЕП КҮТҮП ЖҮРҮП КӨЗҮ ӨТҮП КЕТТИ"
- Мен болсо согуштан цинга деген дарт менен ооруп келип, оозумда бүдүр тиш калбай баары күбүлүп калды. 1948-жылы мен да үйлөнүп, апамды келиндүү кылдым. Жетер-жетпес болсок да эң башкысы заман тынч. Жубайым экөөбүз 4 уул, 1 кыздуу болдук. Ал арада экөөбүз тең колхозго эмгек кылып, Социалисттик эмгектин баатыры болдук. Кемпирим Шарапат былтыр 92 жашында көзү өтүп кетти. Бишкектин мэрлеринин "батир беребиз" деп тил эмизгенин күтүп жүрүп эле кетти байкушум. "Биздин эмгегибиз бааланабы?" деп калчу. Чоңдорго кириш кыйын экен. 7 жылдан бери кезекке туруп, ушу Бишкектен 1 бөлмөлүү батир ала албай койдум.
Колхоздо иштеп жүрүп пенсияга чыккан Аскар Чөжөбаев 60 рубль алчу экен. Азыр ошол пенсиясы 8200 сом болгон. Мындан сырткары согуш ардагери катары 17 000 сом жөлөк пул алат. Ал эми төмөндө биздин тынчтык үчүн фашисттер менен салгылашкан аталардын жөлөк пулу башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу канча болот, евро менен көрсөтмөкчүбүз.
Колхоздо иштеп жүрүп пенсияга чыккан Аскар Чөжөбаев Союз мезгилинде 60 рубль алчу экен. Азыр ошол пенсиясы 8200 сом болгон. Мындан тышкары согуш ардагери катары ай сайын 17 000 сом жөлөк пул алат. Ал эми төмөндө 2-дүйнөлүк согуштун катышуучулары кайсы өлкөдө канча жөлөк пул алышат, евро менен көрсөтмөкчүбүз:

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Ashka.
2016-05-09 14:41:45
Рахмат!
+3
mahabat.
2016-05-10 02:56:02
Бул макаланы окуп жатканда бутпосо экен деп суу энсеген балыктай болдум.Ар бир созуно кунт коюп коз жаш менен окуп чыктым.Айтаарым ардагерлерибиз коп жашасын.Бекем ден-соолук тилейм.
+1
mahabat.
2016-05-10 03:03:48
Менин нааразы болгонум ушак десе айжамал кабылова тууралуу 500 -600 комент жазабыз.А бул макалада 5 эле комент бар.Кайдыгерликтин белгиси
+1
good_boy
2016-05-10 09:22:21
Германия Согуш ардагерлерине силер женилгенинер учун деп 5000 евро берет экенби аа.
+1
arzuuu
2016-05-10 22:21:00
Мен ушул жениш майрамы келгенде абдан кызыктай сезимде боло берем. Аталарыбыз жанын карч уруп фашистер менен согушуп Берлинге кирип барышып кайта артка кете бергенине танмын. Ал жерди басып алыш керек эле.
0
mirlaane
2016-05-12 15:46:14
baatyr atalarybyz azaiyp baratat atin ay jakwylap syylap koysok jaman bolbos ele!
0
atiram
2016-05-13 09:35:51
Менин Чон Атам Жана анын 2 агасы согушка катышышкан. Учоо тен аман келишип, уй було курушуп, картайганда каза болушту. Улуусу 5жыл, кийинкиси 3 жыл, а Чон атам 1 жыл согушуптур. Чон Атам европаны басып отуп, Германмяша чейин барган экен. Чон атамдын агасы айтчу экен:"5 жыл бою тошок дегенди когон жокпуз" - Деп. Окопто баткак кучактап укташчу экен. Ал киши командир кызматына чейин жетиптир. Кийин каза болгондо полковник чининде болчу. Ал кишини коюп жатканда адамдар абдан коп болуп,
+1
atiram
2016-05-13 09:43:41
Аскерлер анын урматына асманга ок атышкан. Менин Чон Атам согуштан келгенде мектепте мугалим кийин завуч, директор болуп иштеп. Эл агартуунун отличниги болгон. Азыр балдары ал иштеген мектебине Чон атамдын атынан коюлган метод кабинет ачып беришти. Ичин комп., телевизор, дагы башка нерселер менен камсыздап беришти
+1
atiram
2016-05-13 09:46:46
Азыр ойлойбуз, согуш жонундо ал кишилердин козу тируусундо кобуроок сурап калсак болмок экен деп
+1
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан