Стейк англис тилинен "бир кесим эт" деп которулат. Бара-бара уйдун отко какталып бышкан эти стейк аталышындагы тамак түрүнө айланган. Уйдун эти гана стейк деп аталган. Анткен менен бүгүнкү күндө кой, тоок, үндүк этинен, балыктан да стейк даярдашат.
Стейкти даярдоо кыргыздын улуттук тамагы саналган таш кордонукундай эле. Айырмасы – таш кордо кызыган таш үстүндө бышырылат.
СТЕЙК БЫШЫРУУДАГЫ ЭРЕЖЕЛЕР
Стейк жаңы союлган малдын этинен жасалат. Эгер эт тоңдурулган болсо, анда аны эритип алуу керек. Эттеги ашыкча сууларды кагаз салфетка менен аарчып кургатуу зарыл. Этти тарамдарына карата кесүү зарыл. Эттин кесиминин калыңдыгы да зор мааниге ээ. 2,5-4 сантиметр калыңдыктагы кесим идеалдуу деп саналат.
Бышырууда этти алгач жогорку температурада, андан кийин жай отто кууруу зарыл.
Этке туз, татымалдардан сээп, 30-40 мүнөт тыныктырып коюу керек.
Бышыруу үчүн калың таба же атайын гриль-көмөч казан колдонуңуз. Мындай идиште температураны көзөмөлдөө жеңил болот. Бышыра турган идишти сөзсүз кызытып алуу керек. Эгер отко бышырам десеңиз, барбекю бышыруучу торчону пайдалансаңыз болот.
Гурмандардын айтуусунда, кан чыгып турган стейк жогору бааланат. Этти манжаңыздын учу менен акырын басып, бышкандыгын аныктасаңыз болот. Эгер баскан учурда бир аз кан чыкса, гурмандар сүйүп жеген "кандуу стейк" даяр. Каны чыгып турган стейк 1-3 мүнөттө, ал эми орточо куурулган стейк 6-8 мүнөттө даяр болот. Кууруп жатканда улам-улам оодарып турсаңыз, стейк ширелүү болот.
Даяр болгон стейкти 10-15 мүнөттөн кийин дасторконго берген туура. Бул учурда даамына келе түшөт. Эгер муздатып алуудан корксоңуз, фольга кагазына ороп коюңуз.
Стейкти ысытылган тарелкага салып берген туура. Бычак курч болуусу шарт.
Стейкке гарнир катары жашылчалардан жасалган салат, картошка пюреси, фри, бышырылган буурчак, төө буурчак берилет.ТИ-БОН СТЕЙКИ
Уйдун бел омурткасынан жасалып, андагы сөөк Т тамгасын элестетип тургандыктан стейктин бул түрү "Т-bone" – ти-бон аталып калган.
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти сөөккө жеткире ар жеринен тилебиз. Сарымсак менен ашкөктү майда туурап, буга зайтун майын, уксус, туз, кара мурч, лимондун ширесин кошуп аралаштырып маринад даярдайбыз. Маринадды эттин үстүнө куюп, 8 саатка тыныктырып коёбуз.
2. Маринаддалган этти күчтүү отто 2 мүнөт, кийин отту жайлатып дагы 10 мүнөт эки тарабын кууруп алабыз.
3. Эми пиязды туурап, табага жайып салып, үстүнө стейкти коёбуз. Бул этти күйүп кетүүдөн сактайт. Стейкти 195 градуста иштеп турган электр мешинде 15 мүнөт бышырабыз.
УЙ ЭТИНЕН СТЕЙК
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти 3-4 сантиметр калыңдыкта кесип алабыз.
2. Пияз менен сарымсакты майда туурап, ага татымалдардын баарын кошуп аралаштырып эттин үстүнө куябыз да, 30-40 мүнөткө маринаддап коёбуз.
3. Этти маринаддан тазалап, кызып турган табада эки тарабын улам-улам оодарып 4 мүнөттөн бышырып алабыз.ТООК ЭТИНЕН СТЕЙК
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти 2,5-3 сантиметр калыңдыкта кесип алабыз.
2. Пияз менен сарымсакты майда туурап, ага татымалдардын баарын кошуп аралаштырып эттин үстүнө куябыз да, 30-40 мүнөткө маринаддап коёбуз.
3. Этти маринаддан тазалап, кызып турган табада эки тарабын улам-улам оодарып 4 мүнөттөн бышырып алабыз.БАЛЫК СТЕЙКИ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Сарымсакты майда туурап, ага татымалдардын баарын кошуп маринад даярдайбыз. Ага кесимдерге бөлүнгөн балыкты салып 30-40 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
2. Табаны майлап, ысытып, балыкты эки тарабын кактап бышырып алабыз. Бышырып жатканда үстүнө бир аз маринаддын суусунан куюп койсоңуз болот.
Эскертүү!!!
Дарыгерлердин айтымында, чала бышкан эт ар кандай инфекциялардын жана паразиттердин булагы. Чала бышкан эт жесеңиз токсоплазмоз, сальмонеллёз сыяктуу ооруларга жол ачкан болосуз. Андыктан санитардык текшерүүдөн өткөн этти тандаңыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg