ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– А Тимурчу?- Жанар капыстан суроо узатты.
– Ага ар кайсыны айтып кетирип жибергем.
– Ал сага жөн эле мугалимби?
– Айттым го, негизи атамдын жардамчысы. Бирок экономика жана каржы жагын абдан жакшы билгендиктен, атам мага мугалим кылып дайындап койгон. Менин кесибим ошол багытта.
– Болдубу?
– Түшүнбөдүм.
– Ал сенин мугалимиң элеби?
– Бул сурооңо түшүнө албай турам. Сен эмне, мени кызганып жатасыңбы?
– Ооба.
– Эмнеге?
– Себеби мен сени жакшы көрөм.
Кыз жылмайып койду.
– Жанар, мен бул жерде өткөнүмдү эстей албай отурам. Сен болсо капкайдагы бир нерсени айтасың. Мага өткөндү эстөөгө жардам бересиңби?
– Жок, сен адегенде Тимур экөөңөрдүн мамилеңер тууралуу айтып бер.
– Азыр кетип калам.
– Кетпешиң керек. Бардыгын эстегиң келсе, Тимур экөөңөр тууралуу айтып бер. Сен ал жөнүндө сүйлөп жатканда көздөрүң жайнай түшөт экен.
– Ушул жерден сени жаакка чаап туруп кетип кала алам!- кыздын ачуусу келип кетти.
– Демек, ортоңордо мамиле бар экен да?
– Ал сенин ишиң эмес.
– Ал сени ыйлата алабы?
– Эмне?
– Күлдүрө алабы?
– Эмне деп жатасың?
– Анын жанында турганда мына бул жерде боштук жок болуп калабы?- Жанар жүрөк тушун көрсөттү.
– Эмне деп жатасың?
– Аруш, бизде ошондой болчу. Мен сени күлдүрө да, ыйлата да алчумун. Менин жаныма келгенде сенин көкүрөгүңдөгү боштук жоголуп, аалам тегиз болуп калчу. Сен мага муну өзүң айткансың.
Кыз саамга унчукпай калды. Эриндери дирилдеп чыкты. Себеби Жанардын айткандары анын көкүрөгүн кытыгылап, белгисиз, бирок жагымдуу сезимди пайда кылды.
– Жанар, азыр сенин маңдайыңда эч нерсе болбогондой токтоо отурганым менен, башымда ар түркүн ойлор жаралып, жинди болгону турам. А сен кайдагыны айтып жатасың.
– Арууке, балким, кечээ сен мени бир жерден көргөндөй болгон үчүн өткөнүмдү эстеп каламбы деп күткөнсүң. Бирок мен кечээ сенин дагы бир жандырмагыңды таап алгам. Сен үйүңө чуркап кирип сол ийиниңдеги татуну карадың да, туурабы?
– ...?
– Ал тамга тууралуу кайдан билишим мүмкүн? Анткени...- Жанар шарт ордунан турду да, үстүнөн күрмөсүн, футболкасын чечип жиберди. Кафедегилер аң-таң болуп карап туруп калышты. Машыгуулардан кийин анын келбети калыбына келе түшкөн болчу. Андыктан кафеде отургандардын көбү жигит чымыр денесин кызына көрсөтүп, мактанып жатат деп ойлоп кетишти. Арыда отурган кыздардын шыбырашып күлгөндөрү байкалды. Кимдир бирөөнүн "жакшы-жакшы" дегени да угулду. А Жанардын максаты бул эмес болчу.
– Көрдүңбү? Сенин ысымыңдын биринчи тамгасы,- Жанардын ийининде кооздолуп жазылган "А" тамгасы турган. – Бул сенин идеяң болчу. "Денебизге сүрөт чектиребиз" деп сен көндүргөнсүң,- жигит отура кетти. Көздөрүндө дале үмүт жанып турат. Аруукесинин көзүнө тик багып карады.
– Кийинип алчы!- кыз тайсалдап кетти. Жанар жерге түшүп калган футболкасын алып кийди. Ал жооп күтүп жатты. Жигиттин көзүнөн көз албай турган кыз алда бир нерсени эстегенге чын дилинен аракет кылып отурду.
– Жок. Эсимде эч нерсе жок. Ооба, менин сол ийинимде "J" деген тамга бар. Болду. Бирок мына бул жерде эч нерсе жок,- кыз сөөмөйүн башына такады. – Эч нерсе! Мен туңгуюктамын. Билесиңби бул кандай оор? Менин Джи экенимди далилдеген фактылар толтура. Эми Аруукесиң деп сен ишендире баштадың. Албетте, сенин да темирдей бекем фактың бар экен. Тамгалар. Бирок менде эч нерсе жок болуп жатпайбы?! Билесиңби эң жакшы жол кандай болот? Чет өлкөгө биротоло кетип калышым керек. Паспортумду бөлөк алып, атымды өзгөртүп. Ал жакта мени тааныган эч ким болбойт. А мен өз фантазиямдан өзүмө биография ойлоп таап алам. Бара-бара ошол өзүм тапкан нерсеге биротоло өзүм да ишенип калам,- кыздын жинденип чыкканы көрүнүп турду.
Экөө тең унчукпай отуруп калышты. Кыз терезе тарапты тиктеп, эрдин кымтып алган. Мына-мына көзүнөн жаш тамып кетчүдөй.
Жанар акырын колун сунуп, өзгөчө бир аярлык менен Аруукесинин колун кармады. Кыздын манжалары узун, абдан көрктүү болчу. Ал таарына түшкөндөй колун аста тартып алды. Ортодогу ыңгайсыз жымжырттык жигитти бушайман кылып жиберди.
– Кечирип кой! Бир эле нерсе суранайын, аткара аласыңбы?- жигит жалооруй карады.– Айтып көр,- кыз көңүлсүз гана жооп берип койду.
– Сага бир күнү чалам. Балким, эртең, балким, 1 жумадан кийин, балким, 1-2 айдан соң. Бир эле жолу чалам. Сен ошондо мага 1 саат убактыңды бөлүп койчу. Суранам, 1 эле саат.
– Келиштик, макулмун.
– Рахмат. Жакшы кал!- Жанар күрмөсүн алды да, сыртка чыгып кетти.

ххх
Жанар кыздын телефон номурун Арууке деп сактап алган. Күнүнө 100 жолу ошол номурга тигилет. Жанында турган кишиге бул нерсе өөн көрүнүшү мүмкүн. Бир эле номурду улам карай берүү жиндичиликке да окшош. Бирок Жанар үчүн бул кадимкидей эле сандар эмес, кадимкидей эле тамгалар эмес. Себеби ал сандарда, Арууке деп жазылган тамгаларда анын эң эле таза, эң эле аруу, эң эле ыйык тун сүйүүсү, көкүрөгүн өрттөгөн арманы, канча жылдардан берки сагынганда жетип барып сагынычты жазып жиберүүгө мүмкүн болбогон айласыз, түпөйүл кусалыгы жана жашоосундагы эң башкы ар дайым эле кездеше бербеген керемети, үмүтү чагылып турат. Күнүгө 100 ирет тигилип, 100 ирет чалып жибергиси келет. Үнүн угуп алсам деген каалоосу аны жинди кылып жиберейин дейт. Бирок... Бирок ал жамгырды күтүп жүрөт. Ал жамгыр гана кайрадан баарына себепкер болот деп өзүн ишендирип алган.

ххх

Жанар уктап жаткан. Бир убакта катуу дүңгүрөгөн үндү угуп калды. Көздөрүн дароо ачып жиберип, демин ичине ката тыңшады. Дүңгүрөгөн үн бул ирет узагыраак созулгандай. "Күн күркүрөп жатат",- деди ал кубанып.– Күн күркүрөп жатат,- ордунан тура калып терезеге жакындады. Деми кысылып, тамагы буулуп чыкты. "Тып" терезеге алгачкы тамчы урунду. Жанар өзүн кармана албай кетти. Көзүнөн жаш сызылды. Бирок ал жылмайып жатты. Ал өмүрүндө жамгырды мынчалык чыдамсыздык менен күткөн эмес...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Oreanda
2016-05-16 12:48:25
Ушул жумада бутот болуш керек.
+2
owtu
2016-05-16 14:28:49
дагы 1 аптаа адамды кашайттыго
+1
osh0892
2016-05-16 15:04:42
Кутуп кутуп жолун карап коздорумдон жашым агат,дегендей эле болду куто берип
+2
Nuna.Kaspiyskaia
2016-05-16 16:07:26
сонун,тезирек жазып бутургулочу,супер инфо,
+2
ALYM_KG
2016-05-16 18:55:23
дагы бир жума откончо жамгыр токтоп калбасбекен.;-)
+1
stervella415
2016-05-16 19:03:55
Baikuwtar dese,jaman ele boldu,menda jamgyr jaasa janar menen birge yilap iiemgooo:(
0
snegurochka11
2016-05-16 20:21:07
Иий көптөн жазып бүтүрүп койгулачы сураныч!!!
0
janaylin
2016-05-16 20:42:45
Менимче Джи менен Арууке бири бирине окшош болушса керек. Кандайдыр бир себеп менен денелери алмашып кеткен. Джинин соогу Аруукеники болуп Кыргызстанга кетип, Аруукени балдар сабаганда эсин жоготуп, ал эми ата энеси Джини издеп атып Аруукени таап алышкан
0
saipi
2016-05-17 15:31:50
janaylin, ал эчак белгилуу болду го
+1
taku95
2016-05-16 21:15:07
Ии эми качан бир жума от от
+1
bizon
2016-05-16 23:07:00
Ушул чыгарманы кутуп чарчачуу боодумго.
+3
aytkulova
2016-05-17 12:12:51
Жинди болуп калмай болдум, кун санап. Экинчи сериал окубайм!
+1
Meku06
2016-05-17 16:32:10
Жамгыр жаап атат Жанарды Эстер кеттим айтты бекен ))
0
Shokoladka94
2016-05-17 17:38:35
Кутом кутом кутом
+1
pochtalyonin
2016-05-19 04:15:45
Жарым жылдан бери окуп жатам биринчи күндү күтө берип жинди болдум го
0
Mavlyuda
2016-05-20 17:07:01
Хехе. Ушинтип бир жума деп кутуп коюп омур отуп баратат. Супер инфо хитрый элдер ушу чыгармага кызыгып ар бир санын алып окуйт
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан