"ТАЙПАЛАШЫМ МЭЭРИМДИ ИЗДЕЙМ"
– Мен тайпалашым Мээрим Ташмамбетованы издейм. Биз 2004-2005-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги кыргыз тили жана адабияты факультетинин КТА-2-04 тайпасында чогуу окуганбыз. Андан кийин Мээрим турмушка чыгып, окуусун таштап койгон. Акыркы жолу 2006-жылы жолукканда Бишкектеги Пишпек кичи районунда жашайм деп жаткан. Ошондо телефон номерин алып, тилекке каршы, жоготуп алдым. Мээрим, окуп калсаң байланыш.
Курбуң asula_86@list.ru
"АПАМДЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ"
– Менин атым Нуржамал. Мен төрөп таштап кеткен апамды тапкым келет. Апамдын аты Назгүл экенин, ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынан болорун билем. Апам 1978-жылы төрөлүптүр. Анын Бактыгүл, Таалай деген бир туугандары бар экен. Ушул аялды таанып-билгендер болсо байланышып коюшуңуздарды суранам. Апа, өзүңүз деле ушул билдирүүмдү окуп калсаңыз кабарлашарсыз деген үмүттөмүн. Сиздин жүзүңүздү бир көрсөм деп тилеп келем.
Тел.: +79274482807, nargizafirdays@gmail.com
"КУРСТАШЫМ РАХМАТИЛЛА, КАБАРЛАШ!"– 1975-жылы Бишкек шаарындагы Политехникалык институттун механика факультетин чогуу аяктаган курсташым Рахматилла Мажитовду издейм. Рахматилла Ош облусунан, ал эми өзүм Нарын облусунан болом. Азыр мен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында турам. Рахматилла, эгер окуп калсаң мага байланыш.
Курсташың Замир Акматов,
тел.: 0552325673
"МАЙРАМ, КАЙДАСЫҢ?"
– Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында жашаган курсташым Майрам Калмуратованы издеп жатам. Аны менен 1974-жылдары ОШМУнун физика-математика факультетинде чогуу окугам. Майрам, окуп калсаң байланыш же тааныгандар кабарлап коюшат деп күтөм.
Курсташың Жумаш,
тел.: 0703192934
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg