ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (16-майдан 22-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Материалдык кээ бир маселелериңизди чечүүгө жетишесиз. Негизи убакыт сиздин пайдаңызга иштеп, кирешеңиз менен кошо мүмкүнчүлүгүңүз да өсөт. Бош убактыңызда өзүнчө калып, болуп жаткан окуяларды анализдеп көрүңүз. Дем алыш күнү эч кимдин кеңешин укпай, өзүңүз чечим чыгарыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Билимиңизди жогорулатууга, жашоо шартыңызды көтөрүүгө кылган аракетиңизди улантыңыз. Достор менен мамиле ширелишет. Кызыктуу, кеңешчи боло турган адамдар менен таанышып калууңуз мүмкүн. Аптада сапарга чыгуу зарылчылыгы да жаралышы мүмкүн, даяр туруңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эркиндигиңиз кайсы бир деңгээлде чектелет. Мүмкүн, үйдө кандайдыр бир себептер менен калууга туура келет. Өжөрлүк кылсаңыз чөйрөңүздүн сизден каткан сырын биле аласыз. Таасири күчтүү таанышыңыз бир ишиңизди бүтүрүп берет. Апта аягы сүйүүдөн, жакшы мамиледен жолдуу кылат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптаңыз окуяларга бай болуп, шаңдуу өтөт. Жаңы таасирлерге ээ болосуз. Кайсы бир кечеге, жаратылыш коюнуна барып эс алып келүү идеясы жаралып, аны элге жарыялайсыз. Үй-бүлөлүүлөр түгөйү менен өз ара тил табышып, камыр-жумур жашашып, келечекке жаңы пландарды түзүшөт.


АРСТАН (23.07-23.08)
Сүйүктүүңүздөн эмнени кааласаңыз ошону ала аласыз, анын ичинде материалдык колдоону да. Мамилелер ишенимдүү нукта уланат. Эгер ишиңиз жакпай жатса, жаңы иш издештире баштаңыз, таап калууңуз ыктымал. Апта акырында жаракат алуу коркунучу болот, абайлаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта жаңы нерселерди окуп, жасап үйрөнүүгө ыңгайлуу. Жеке турак жайды каттатуу жаатында юридикалык документтерди чогултууңуз ыктымал. Жүрөгүңүзгө жакын адам романтикалык жолугушуу тартуулап, сезимдерин ачык билдирет. Балдар өз ийгиликтери менен кубантарын да күтө бериңиз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында үйүңүздү жана иште жумуш ордуңузду идеалдуу тартипке келтиресиз. Бир жериңиздин ооруганын сезсеңиз дароо врачка кайрылыңыз. Келбетиңизди жакшыртууга кам көрүүгө киришсеңиз ашыкча болбойт. Апта ортосунда жаңылыктарды угасыз. Апта аягында үй-чарба иштерин колго аласыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Чогуу иштешкендердин жана үйдөгүлөрдүн кеңешине кулак салып иш кылсаңыз катачылык кетирбейсиз. Туугандардан кабар алып, аларга жардамга кол сунууңуз мүмкүн. Эски тааныштарды колдонуп маселелерди чечүүгө да жетишесиз. Дем алыш күнү тамак-ашты ылгап жебесеңиз ууланып калуу коркунучу бар.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Максаттарды ойлонуштуруп, пландуу түрдө ишке ашырууга киришпесеңиз бир топ кыйналып каласыз. Үйүңүздү оңдоп-түзөөдөн өткөрүү же эмеректерди жаңыртуу маселеси чыгат. Бирөөдөн кеңеш, карыз албай, өз мүмкүнчүлүгүңүзгө таяныңыз. Улуу муундагы туугандар менен чырлашып калбоо үчүн кызуу кандуулукка алдырбаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта жагымдуу окуялар менен коштолот. Ортодо мамиле түзүлө турган адам менен сапар учурунда же кечеде таанышасыз. Балдарды эс алдыруу үчүн кинотеатрга, циркке алпарууңуз ыктымал. Имиджиңизди өзгөртүүнү каалап, сулуулук салонуна баш багасыз. Сиздеги өзгөрүүнү жакындарыңыз сөзсүз баалашат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада үй-тиричилик, чарба иштери бир топ убактыңызды алат. Мисалы, тегеректи жашылдандыруу, жашылча тигүү. Үйүңүзгө жаңы буюм алууңуз ыктымал. Акча алмаштырууда ишеничтүү жерге барбасаңыз алданып каласыз дешет жылдыздар. Достор дем алыш күнү чогуу эс алууга чакырат.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Абдан көп маалыматтардан, идеялардан башыңыз айланат. Алардын керектүүлөрүн өз пайдаңыз үчүн колдоно баштаңыз. Энергияңыз ашып-ташып тургандыктан бир эле кезде бир нече ишти бүткөрүүңүз мүмкүн. Коңшулар менен акылдашып, пайдалуу ишти башташыңыз күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан