МАС БОЛГОН АТАСЫ 2 БАЛАСЫН ТЕРЕЗЕДЕН ЫРГЫТЫП ЖИБЕРГЕН

4-май күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 33 жаштагы Ислам Калыев аттуу тургуну мас абалында үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөн. Бул тууралуу кабар алган милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, жаңжалдын үстүнөн чыгышкан.

"КАЙНИМ КАРЫЗЫН ТӨЛӨБӨГӨНҮ ҮЧҮН АЯЛЫМ МЕНЕН УРУШТУМ"

Үй ээси чакыруу боюнча барган милиция кызматкерлерине да баш ийбестен "жакын жолосоңор өлтүрөм" деп коркутуп, үйүнөн чыкпай эшикти ичинен бекитип алат. Бир топ убакыттан кийин ал терезеден 2 жана 3 жаштагы балдарын ыргытып жиберген. Акыры милиция кызматкерлери эшикти ачып үйгө киришкенде, үй ээси колундагы электр араасы менен аймактык инспекторго кол салган. Бактыга жараша аймактык тескөөчү жана жанындагы шериги кылмышка шектүүнү кармап калууга үлгүрүшкөн. Тергөө учурунда кылмышка шектүү Ислам Калыев жаңжал эмне себептен чыкканын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Кайним мага 15 миң сом карыз болчу. Ошол күнү аялым экөөбүз анын айынан уруша кеттик. "Менин да күрөөканада карызым бар, иниң карызды качан берет?" деп аялыма кол көтөргөм. Балдарымды да үйгө камап, эшикти ичинен бекитип алган болчумун.

"ЭЛЕКТР АРААСЫ МЕНЕН КОЛУМДУ КЕСИП ЖИБЕРДИ"

Бул окуя тууралуу кенен маалымат алуу үчүн биз жаракат алган Азамат Каримов менен байланыштык:
– Мен Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Таран-Базар, Тамга-Терек жана Кара-Чолок деген 3 айылды көзөмөлдөйм. Ислам Калыев Кара-Булак деген коңшу айылдын тургуну. Бирок үй-бүлөсү менен Кара-Чолок айылынан 7-8 чакырым алыстыкта жайгашкан сарайда атасынын малын бакчу. Ошол күнү Исламдын атасы мага телефон чалып "балам жаңжал чыгарып, келинчегин сабап жатыптыр. Барып карап койчу, мен ооруп бара албай жатам, анын үстүнө жол алыс" деп калды. Мен кесиптешим Элдар Миңбаевди ээрчитип алып ал жакка жөнөдүм. Биз барганда Исламдын келинчеги Гүлнара кичинекей баласын колуна көтөрүп эшикте жүрүптүр. Үйгө кирсем Ислам Анвар деген кудасы менен арак ичип отуруптур. Жанында 2 жана 3 жаштагы кичинекей балдары жүргөн. Мектепке барган 2 улуу баласы болсо айылдагы туугандарынын колунда экен. Мен сыртка чыгып кесиптешимди чакырып келгиче Ислам эшигин жаап, ичинен бекитип алды. Кирели десек, Ислам колуна балта жана бычак алып "кирсең сени өлтүрөм же өзүмдү-өзүм өлтүрөм" деп коркутуп баштады. "Биз сени алып кетпейбиз. Сыртка чык, урушпай сүйлөшөлү" деп түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк болбой койду. Арадан 10 мүнөт өтпөй үйүнүн бир терезеси клеёнка менен жабылган экен, ошону балта менен кесип, ичинен 2 баласын биринин артынан бирин сыртка ыргытып жиберди. Балдар ыйлап, апасы аларды сооротуп кирди. Ошондон соң биз кетсек бала-чакасын өлтүрүп койбосун деп кооптоно баштадык. 1 сааттан ашуун бир пикирге келбей, үйгө кире албай турдук. Исламдын Чыңгыз аттуу агасын чакырттык. Анын телефону менен үйдүн ичиндеги Исламдын Анвар деген кудасына чалып, "Ислам бизге сүйлөп жаткан маалда артынан келип кармап кал. Ошондо биз кирип барабыз" десек ал көндү. 15 мүнөттөн кийин ал Исламды кармап, колундагы балтасын алган маалда эшикти талкалап кирсек, Ислам коридордо турган электр араасын иштетип кудасына тап берди. "Ташта!" десем ал мага тап берди, электр араасы алгач жыгачты кесип, андан соң оң колумду кесип кетти. Мен артка кетенчиктеп чалкаман жыгылып түштүм. Тиги мага жакындап келатканда кесиптешим барып кармап калды. Келинчеги болсо колунан электр араасын алды. Ислам шеригим менен аялына каршылык көрсөтүп, жыгачты ала калып бутума дагы чаап жиберди. Андан соң эшикти башы менен сүздү эле чекесинен кан агып баштады. Мен жерге кулаганда башым полго катуу тийип, сол колума жыгачтын сыныктары кирип кеткен экен. Колуман кан токтобой шорголоп агып жатканына карабай кесиптешиме жардамдашып Исламды машинага салып, алгач ооруканага барып колумдун кесилген жерин тиктирип, андан соң Сузак РИИБине алып келдик. Учурда Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жатам. Ислам Калыевдин үстүнөн арыз жаздым.

"КҮЙӨӨМ АЗ КЕЛГЕНСИП КАЙНИМ ДА САБАДЫ"

Кылмышка шектүүнүн келинчеги Гүлнара Алик кызы менен байланышканыбызда ал күйөөсүнүн бул жоругу биринчи жолу эмес экендигин айтты:
– Жашым 27де. Ислам экөөбүз 2011-жылы баш кошконбуз. 3 балалуу болдук. Ага чейинки турмушумдан да 1 уул, 1 кызым бар. Мен келин болуп келгени Исламдын арактан башы чыккан жок. Ичип алса өзүн көзөмөлдөй албай калат. Ар дайым анын көзүн карап турар элем. Анын уруксаты жок бир жакка барып же айтканын аткарбай койгон күнүм болчу эмес. Ошондо да мас болсо эле мени сабап жатып калчу. Ал аз келгенсип балдарымды да сабайт. Апамдын көзү өтүп кеткен. Атам болсо башка аял алган. Ажырашып төркүнүмө кетип калайын десем, өгөй энемдин колуна кантип батам? Анын үстүнө балдарымды жетим калтыргым келчү эмес. Ошентип, анын ур-токмогуна чыдап жашай бердим.
4-май күнү да мас болуп алып "иниң карызымды берсин" деп мени сабай баштады. Иним күйөөм мал сатканда 15 миң сом карызга алган эле. "Жезде, машинамды сатайын, дароо карызыңызды берем" деп жүргөн. Айлам кетип кайнатама телефон чалсам, ал аймактык инспекторду чакырып коюптур. Алар келгенде күйөөм каршылык көрсөтүп, балдарымды терезеден ыргытып жиберди. Аймактык инспекторду сабап, электр араасы менен ага кол салды. Акыры милиция кызматкерлери күйөөмдү алып кетишти. Эгер милиция кызматкерлери келбегенде балдарымды же мени өлтүрүп салмак беле, ким билет?..
Алар кеткен соң Жыргал деген кайним келип "ушунун баары сенин айыңдан болду" деп мени кумган менен чаап, дубалга такап муунтту. Анан таяк менен сабай баштаганда кайнагам колунан таякты жулуп алып арачалап калды. Балдарымды алып эжемдикине кетип калдым. Эртеси барып кайнимдин жана күйөөмдүн үстүнөн арыз жазып, экспертизадан өттүм. Учурда балдарымдын абалы жакшы, өзүм 5 балам менен бир тууган эжемдикинде эптеп баш калкалап жатам. Иним болсо күйөөмө 15 миң сомду 5-майда милиция кызматкерлеринин көзүнчө кайтарып берди.

"ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА"

Бул ишти тергеп жаткан Сузак РИИБинин тергөөчүсү Тилек Борбуев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул окуя боюнча кылмыш жана жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Ислам Калыбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жогорудагы окуя боюнча далил буюм катары электр араасы, балта жана бычак алынып, биологиялык экспертиза дайындалган. Электр араасында кандын тактары бар экен. Мындан тышкары келинчегин ур-токмокко алуу боюнча да соттук-медициналык текшерүүлөр болгон. Эгер келинчегин сабагандыгы далилденсе, анда кошумча кылмыш иши козголот. Азырынча экспертизалардын жыйынтыктары чыга элек. Терезеден ыргытылган балдар тууралуу апасы "Балдарымдын абалы жакшы. Ошондуктан экспертизадан өткөрүп, алардын ден соолугун текшертүүдөн баш тартам" деп койду. Кылмышка шектүүнүн келинчеги 4-май күнү кечинде кайниси да ур-токмокко алгандыгын айтып арыз менен кайрылды. Учурда бул боюнча да териштирүү жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү бул ишке кайнисинин карызынан улам барганын айтууда.

Жаракат алган аймактык тескөөчү Азамат Каримов.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Nadyrbekkg
2016-05-16 21:45:20
Жаныбар да озунун баласын антпейт.
+3
lazygirl
2016-05-16 22:23:11
Кайгис
-2
nazigim88
2016-05-16 22:29:35
жаш эле келин экен эмне мынча азапты башына уйот турмуш коргон адам экен 2 баланын энеси балдарын гулдой кылып багып албайбы экинчи эрине тийгендин ордуна эми 5 баланын козун жылтыратып кайда баш калкалайт, дагы турмушка чыгып журбосо болду
+1
lazygirl
2016-05-16 22:31:26
Кайнисине эмне жок? Жеңесине рахмат дебейби, акесин эр кылып жүргөнүнө.
+2
Deniza88
2016-05-17 10:27:00
Мына дагы бир АЛСЫЗ кыргыз МЫРЗА..........
+6
Keremet008
2016-05-17 16:48:51
Ой кудай акыркы убакта мындай адамадын жоруктары кобойуп эле баратат го. Баарыбызга Аллахым ынсап берсе экен.
0
Timon
2016-05-17 21:44:00
15000 ди милициянын көзүнчө берген болсо жыргап эле калыптыр..
+1
nurian
2016-05-18 09:52:06
Салам жанакы депутат Мискенбаев ушу аракты сатканды токтотбойбу кыйын болуп куудулдарга асылбай
+2
Adeska
2016-05-18 17:06:37
Насыбай сатпайсынар ден соолукка зыян дегичелер аракты баарынан мурда токтотуш керек. Арак аты жаман коптогон адамдарды бактысыз, ата-энесиз калтырып жатат. Коп нерсе арактын айынан чыгып атпайбы. Баарынар колдойсунарбы?
+2
Adeska
2016-05-18 17:07:41
Аракты саткырбаш учун мыйзам так даана акыйкат иштеш керек бир туугандар
+1
admin_superstan
2016-05-18 18:23:21
Aseltay, коомдук адепке туура келбеген создөрдү жазуудан алыс болуңуз.
0
burulsun33
2016-05-18 22:15:26
Жаш келин экен,биринчи турмушунан балдары болгондон кийин,бул куйоосу башынан эле ичсе,торобой эле коё турса болмок экен.Азыр илгеркидей 7-8ди торой турган убак эмес деп ойлойм.
+1
toni_1984
2016-05-19 13:37:52
ушуга окшогон алкаштар куйгуздуго балдарда не айып озун секирбейсинби ичишти билсен ич да аркан болсо не ичесин келип келип балдаргале кыйын болуп атат ошолор уур токмокко кабылып атат ушу арактын айынан.
+2
Rus.ruslan
2016-05-19 16:30:07
Жашоо озу кайда баратат, тушунбойсун... Кунуго олтуруп, ыргытып, мууздап кетти...
+1
Bek96.kg
2016-05-23 02:19:01
Мындайдайлар адам болбойт
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан