Ирлан Таалайбеков 1989-жылы 14-февралда Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулуп-өскөн. Музыкадан тышкары компьютерде иштөөгө, футболго кызыгат. Учурда Б.Бейшеналива атындагы искусство институтунун 1-курсунда күндүзгү бөлүмдө жана И.Арабаев атындагы университетинин 1-курсунда сырттан окуйт.
Жакындан бери “Окуучу кыз”, “Кош бол” жана ошондой эле Мирбек Иманбеков менен “Аппак таң” ырын дуэт ырдап, угармандардын сүймөнчүлүгүнө татый баштаган Ирлан менен тааныштырабыз.
– Ирлан, ырчы болууңа ким же эмне түрткү болду?
– Атамдын кесиби музыкант болгондуктан, музыкага болгон кызыгуума атамдын таасири чоң. Кичинемде атам “Ямахада” ойносо, аны көрүп мен да “Ямахада” ойногум келчү. Ошентип, акыры ал аспапта ойноону үйрөнгөм. Ал эми ырдоого кызыгуумду Мирбек Иманбеков арттырган десем болот.
Бир жолу Клара Алибекова эже ырчыларды уюштуруп биздин айылга концерт коюп барып калды. Алар концертин баштаар алдында аппаратурасы бузулуп калыптыр. Айылдагылардан кимдин аппаратурасы бар деп сураштырышса менде бар экендигин айтышыптыр. Ошентип, менин аппаратурам менен концерт коюшту. Ошондо Мирбек байкеге концерттен кийин ырдап талантымды сынаткам элем. Ал: “Үнүң жакшы экен. Аракет кылып, ырдап чыкпайсыңбы?” деп айткан. Ошол сөзүнөн таасирленип ырдап чыгууга аракеттенгем.
– Анда сен продюсериң Асыл эже менен Мирбек аркылуу таанышкан окшойсуң?
– Ооба, Асыл эже менен мени Мирбек байке тааныштырган. Азыр Мирбек байке да, Асыл эже да мага кантип ырдап, кантип сахнада өзүмдү алып жүрүү керек экендигин үйрөтүп келет.
– Асыл эже сени урушабы?
– Асыл эже мага өз апамдай. Тилдей турган жерде тилдейт, эркелетчү жерде эркелетет.
– Ата-энең ырдаганыңа каршы эмеспи?
– Жок. Тескерисинче, мени колдоп турушат.
– Эки окуу жайда окуйт экенсиң. Сабагыңа, ырдаганга кантип жетишип жатасың?
– Убактымды туура бөлүштүрүп, эптеп жетишип жатам.
– Кайсыл ырчыны кумир тутасың?
– Россия ырчыларынан Валерий Меладзени, кыргыздардан Актан Исабаевди, Гүлнур Сатылганованы кумир тутам.
– Учурда көчөдөн сени тааныгандар чыгып жатабы?
– Ооба, сабакта, көчөдө жүргөнүмдө мени таанып, автограф сурагандар пайда боло баштады.
– Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Азырынча сүйүүгө кабыла элекмин. 10-класста бир кызды жакшы көргөм, бирок, ойлоп көрсөм ал балалык сүйүү экен.
Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова