“Клиптеги ушул каарман тууралуу жазгылачы, улутун билип бергилечи, аябай татынакай кыз экен”. Мындай кайрылуу, сунуштар көп болот. Окурмандардын пикирлерин эске алып, эң көп кызыгуу жараткан үч сулууга токтолдук.
Адель Кадиева: “КЛИПКЕ ДАЯРДЫКСЫЗ ЭЛЕ ТАРТЫЛДЫМ”
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 16-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КОСУнун табигый-техникалык факультети
Тартылган клиби – Омар, Бегиш, Баястан “Карындаш”
– Адель, клипке тартылып калганыңдын өзү да кызык экен. Ошол тууралуу айтып берсең.
– Ооба, мен буга чейин клипмейкер Мирлан Саткымбаев менен иштешип калгам. Бир күнү университетте отурсам чалып калды. Жөнөкөй эле фотосессия болсо керек деп сабактан кийин жүдөгөн боюнча эле бардым. Эч даярдыгым жок, жадакалса оозумду да тень менен боёп, клипти эптеп тартканбыз. Бирок жыйынтык өзүмө аябай жакты.
– Окуудан сырткары жарнамалык роликтерге да тартылып жүрөт экенсиң...
– 1-курсумда бир журналга сүрөткө түшүп берген элем. Ошол фотосессияларды Инстаграмга жүктөп койчумун. Сүрөтүмдү жактырган колдонуучулар көбөйгөн сайын ар кандай сунуштар да түшө баштады.
– Клиптен кийин өз дарегиңе кандай кептерди уктуң?
– Чынын айтайынбы, көпчүлүк татынакай кыз экенсиң дешти (күлүп). Аябай жагымдуу болду. Дүкөнгө барсам да, сабакка барсам да “сени клиптен көрбөдүмбү” деп укмуш кеп кылып жатышты. Бир жолу акча алмаштырганы барсам ал жакта да “Карындаш” клибиндеги кызсыңбы?” деп сурайт. Мага клипке тартылган аябай жакты, жакшы сунуштар болсо өзүмдү сынап көргөнгө эмнеге болбосун?
Айпери Жаманкеева: “АШЫКЧА БОЁНУП АЛГАНСЫҢ ДЕП СЫНДАШТЫ”
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 12-апрель
Туулган жери – Бишкек
Билими – Бишкектеги Москва жеке университетинин юриспруденция факультети
Тартылган клиптери – Гүлжигит Калыков “Жүрөк тагы”, Нурмат Садыров “Торгоюм”, “Добулбас” тобу “Ак тилек”
– Айпери, Нурмат Садыровдун “Торгоюм” клибинен кийин сага көп сунуштар түшүп жатыптыр...
– Ооба, жакында “Добулбас” тобунун жаңы клибине тартылып бүттүм. Андан тышкары киного да сунуш түшүп жатат. Мындан 2 жыл мурун “Кыргызфильмден” чалып, “киного тартылып бер” деп чакырышкан эле. Ал кезде кыргыз тилинде акцент менен сүйлөчүмүн. “Эне тилде акценти жок сүйлөгөнгө аракет кыл, бизге керексиң” деп айтышкан. Ошол жактан жакында кайра чалып, сунушу бар экенин айтышты. Бирок келечекте киного тартылып калсам да актрисалыкты кесип катары көрбөйм.
– Клипте созолонгон кыздын образын жараттың. Жашоодо кандай адамсың?
– Уялчаактык жайым бар. Анан да айланамдагы адамдарга жараша мамиле кылам. Эгер жакшы адамдар болсо бат эле тил табышып, сүйлөшүп кетем. Жөнөкөймүн, пафосту жактырбайм.
– Клиптин жыйынтыгы өзүңө жактыбы?
– Көп кыздар ашыкча боёнуп алганымды жазышты, көзүмдү, оозумду жасалма деп чыгышты. Менимче, Кудай берген дене мүчөгө пластикалык операция жасатуу чоң күнөө. Башында аларга актанып жазып жүрдүм, кийин көңүл бөлбөй деле калдым. Эл сындагандай клипте укмуш деле боёнгон эмесмин. Камерадан ошондой көрүнүп калат экен. Бирок жашоодо боёксуз эле жүрөм. Баса, жакында чыкчу клипте да “скромная” кыздын образын жараттым. Эгер мүмкүнчүлүк болсо позитивдүү клипке тартылгым келет. Бегимай Ивакова: “ТАМАШОУДО” ДА ОЙНОП ЖҮРГӨМ”
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 23-ноябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КОСУнун гуманитардык факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытында окуйт
Тартылган клиби – Замир Арыкбаев “Суранам”
– Бегимай, көп окурмандар сени кыргыз эмес деп талашып жатышат. Аларга жооп берип койбосоң болбойт окшойт...
– Мен таза кыргызмын. Атам да, апам да Көлдөн болушат.
– Байкашымча, чыгармачыл чөйрөгө көптөн бери аралашып жүрөт экенсиң...
– Ооба, буга чейин “УКГ №5” тобунун капитаны Азимхандын чакыруусу менен “Тамашоудо” ойногом. Клипке сунуштар көп түшөт, мен бул нерсеге олуттуу карап, апам менен кеңешем. Сюжети жакпаса тартылбайм.
– Окуудан тышкары эмне менен алектенесиң?
– Ата-энемди көндүрүп, 10-класстан бери өзүмдүн баскан-турганыма акча табайын деп кафеде официант болуп иштейм.
– Кыздардан эмнем өзгөчө деп ойлойсуң?
– Окурмандар талкуу кылгандай эле кыргызга окшобогондугум болсо керек. Кыргызча сүйлөсөм эле баары таң кала беришет.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg