Абактан качуу: КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ 100 ДОЛЛАР ҮЧҮН БОШОТУП ЖИБЕРИШКЕНБИ?

2015-жылдын октябрь айында №50-абактан качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук отурум жүрүп жатат. Мамлекеттик айыптоочу: “50-СИЗОдо отурган Болот Курбанахунов, Таалайбек Жуманов, Муратбек Жумалиев, Бакыт Кенжегулов, Музаффар Уринов, Алтынбек Итибаев, Азамат Мүсүралиев, Эдил Абдрахманов жана Данияр Кадыралиев 11инен 12-октябрга караган түнү абактан качып чыгууну пландашкан. Бул үчүн абактын кызматкери Туратбек Садыбакасов менен сүйлөшүп алышкан. Ошол күнү түнкү саат 11 чамасында Итибаев эшикти каккылаган, Садыбакасов келип эшикти ачып, аны сейилдөөчү жайга чыгарган. Көп өтпөй Садыбакасовго жана абактын башка кызматкерлерине күч колдонулган. Андан соң Садыбакасовдун унаасын тартып алышып качып чыгышкан”,- деп билдирди. Мамлекеттик айыптоочунун билдирүүсү боюнча, тергөөдө Итибаев абактан качуу үчүн Садыбакасовдун Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасынын бузулган жерин 100 долларга таанышы аркылуу жасатып бергени маалым болгон. Итибаев унааны оңдогон адамга акысын албоону аялы аркылуу айттырган. Андан тышкары Итибаев аялына Садыбакасовго 5 миң сом берүүсүн айткан.
Күбө катары көрсөтмө берип жаткан абактын инженер-энергетиги: “Бул окуя болгонго чейин 2 айдай видеокөзөмөл иштебей жаткан. Ал түнү электр жарыгы бар болчу, бирок кылмышкерлер качкан маалда электр жарыгы өчүп күйгөн”,- деди.
Эске салсак, 2015-жылдын 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов ар кандай себептер менен түрмөдө каза болушкан. Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев, Азамат Мүсүралиев, Алтынбек Итибаев өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахманов кармоо учурунда бутуна ок тийип, колго түшүрүлгөн. Сот отурумунда айыпталуучулар катары Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов, Болот Курбанахунов, аларга жардам берген Максат Абдрахманов жана Алтынбек Итибаев жашынган үйдүн ээси Нурсият Рысбекова өтүп жатат.
Кайтыш болгон абак кызматкерлеринин туугандары окуядан кийин "коркконубуз эле өлүп калган кызматкерлерди окуяга күнөөлөп, эшикти ачып берип салышкан деп коюшпаса болду" деп чочулап "Супер-Инфого" маек куруп беришкен эле. Элди дүрбөткөн бул окуяга байланыштуу соттук процесстин жүрүшүн чагылдырып турабыз.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан